Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:50

Түркиядан кетүүгө мажбур болгон кыргызстандыктар


Стамбулдун Лалели району - КМШ өлкөлөрүнөн келген соодагерлердин борбору.

Былтыр 15-июлда Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин Гүлендин жамааты "террордук уюм" деп табылып, аларга таандык деп саналган бардык имараттар жабылган.

Түрк өкмөтү 250дөн ашык адамдын өмүрүн алган ал төңкөрүш аракетине АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди айыптаган. Гүлен өзү болсо, бардык айыптоолорду четке кагып келет. Бирок ошол окуядан кийин түрк өкмөтү мектеп, университет, оорукана сыяктуу мекемелерди гана эмес, Гүлендин жамаатына тийиштүү делген фирмаларды да жапкан.

Анын кесепетинен кыргыстандык ишкерлердин бул жамаат менен байланышы барлары өз мекенине же башка өлкөлөргө кетүүгө мажбур болушту.

"Түркиядан чыгып кеткендер болду"

20 жылдан ашык Стамбулда жашап эмгектенген жеке ишкер Искендер Сагынбаев бир нече таанышы жеке коопсуздугунан улам бир күндө жыйналып, үй-бүлөсүн алып Кыргызстанга чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтат.

- Алардын фирмаларына, жөнөкөй сөз менен айтканда, туш тараптан жолду бууп койду. Түркияда азыр Гүлен жамаатына байланыштуу баарына бөгөт коюлуп жатат. Адамдар бирин-бири жамандап, айыптап жаткан учур. Андыктан мен тааныган кыргыз ишкерлер да кетүүгө аргасыз болушту. Кеткендердин арасында мугалимдер, дарыгерлер, жеке ишкерлер бар. Алар ошол Гүлен жамаатына кошулуп иш кылганы үчүн кетишти деп ойлойм. Фирмаларынын төлөмдөрү келгендиктен бир четинен карыз болуудан да коркушту. Эң негизгиси ишкер кыргыз жигиттер үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугунан коркушту, балдары, жубайлары барлар болчу. Корккондон эле качышты деп ойлойм.

Түркиядагы жеке ишкерлердин демилгеси менен алты жыл мурун “Кыргыз достук жана маданият коому” түзүлгөн. Бул коомдун демөөрчүлөрү -Стамбулда бутуна турган кыргызстандык жаш ишкерлер. Коомдун кээ бир демөөрчүлөрүн түрк өкмөтү Гүлен жамаатына байланышы бар делген шек менен кысымга алган. Алар Кыргызстанга чыгып кеткендиктен Түркиядагы кыргыз коомунун иш-чаралары да өткөрүлбөй калган.

19-ноябрда өткөн чогулушта коомдун мурунку жетекчиси Айбек Сарыгул жаңы шайланган башкаруу кеңеши ишти башка деңгээлде жүргүзөт деп үмүттөнүп турганын баса белгиледи.

- Азыр башкаруу кеңешине келген жигиттер жаштар. Мен өзүм 42де болсом алар 30-35 жаштагы жаштар. Жаңы күч, жаңы энергия келди дегендей. Алты жылдан бери жаңы идеялары менен жаштар келсин деп айтып келатам. Эми кеткендер кетти, калгандары болсо чоң өзгөрүү жасайт деген ишеничтемин. Бул жылы эми өзгөрүүлөрдү жасап, жетишкендиктер менен ой пикирлерибизди айтып чыксакпы дейбиз.

Кээ бир ишкерлердин бизнесине өкмөт тараптан бөгөт коюлуп, фирмаларын жабууга аргасыз болушса, дагы башка журтташтар иштеринин солгундап баратканына кабатыр.

Бизнеске терс таасир эткен кризистер

Садыр Аширов 18 жыл мурун Түркияга студент болуп келген. Окуусун бүткөндөн кийин ар түрдүү түрк фирмаларында иштеп жүрүп беш жыл мурун жеке ишкерлик баштап, “Алатоо Engineering” фирмасын түзгөн. Электр инженердик долбоорлор менен алектенген мекендешибиз Түркиядан Орусияга электр панелдерин экспорт кылчу. 2016-жылкы Түркиядагы, Орусиядагы экономикалык кризис, террордук жардыруулар анын бизнесине кандайча таасирин тийгизгенин Садыр Аширов айтып отурду.

- Орусияда да азыр кризис бар. Аны менен бирге Түркиянын өндүрүшүндө өтө чоң кризис сезилет. Себеби кошуна өлкөлөрдө согуш болгондуктан өндүрүш мурункудай темпте болбой калды. Мурун Орто Азия өлкөлөрүндө, Орусияда өндүрүш анча өнүккөн эмес болсо азыр ал аймактарда да өндүрүш өнүктү. Түркиядан ташылган товарлар эми ал жактарда чыга баштады. Иштеген жумушчулар да талапка жооп берерлик деңгээлде болуп калды. Мурун булар болбогондуктан 2010-жылга чейин Түркиянын экономикасы дүркүрөп турган эле.

Стамбулдун Лалели району - КМШ өлкөлөрүнөн келген соодагерлердин борбору.
Стамбулдун Лалели району - КМШ өлкөлөрүнөн келген соодагерлердин борбору.

Садыр Ашировдун бизнесинин жарымы Орусияда, өзү болсо Стамбул шаарынан кардарлар менен байланыш түзүп, инженердик долбоорлорду сатат. Ал Түркияны ишкердик жүргүзүүнүн стратегиялык аймагы катары көрөт.

- Түркияны бул аймактын Кытайы десем болот. Бардык тармакта өндүрүш бар. Өзгөчө бизнес жаатында бул жакта бардык чоң фирмалардын өкүлчүлүктөрү бар. Мисалы, Германия, Америкадан запастык бөлүктөрдү алып келишет. Андыктан менин ишимде да Стамбулда бардык керектүү материалдарды оңой тапкандыктан кардарларга товарды убагында жеткизүү оңой.

Азайган соода жүгүртүү

Негизинен мурдагы союздук өлкөлөргө Түркия жеңил өнөр жай товарларын экспорттойт. Кездеме, тигилген кийим-кече сатуу менен алектенип, жеке ишин ачкан кыргызстандыктар да арбын. Түркиянын улуттук банкынын статистикасы боюнча, 2014-жылы өлкө чекене соодадан тогуз миллиард долларга жакын киреше түшкөн. 2015-жылы бул көрсөткүч беш жарым миллиард долларга азайган. Ал эми Стамбулдагы атактуу соода району - "Лалелидеги" соода-сатык үстүбүздөгү жылдын алты айында өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым миллиард долларга төмөндөгөн.

Түркияга мүшөктөп акча ташуу мүшкүлү

"Ататүрк" аэропортунда 9,5 миллион доллар менен кармалгандардын аты-жөнү белгилүү болду.

Стамбул шаарындагы дүң соода аймагы болгон "Аксарайда" мусулман кийимдерин саткан дүкөндүн ээси Улук бул жерде алты жылдан бери эмгектенет. Анын сөзү боюнча, "Аксарайда" соода-сатык менен алектенген кыргызстандыктардын Гүлен жамаатына эч тиешелери жок. Алардын бизнесин жаап кетип жатканынын себеби текстил тармагындагы кризис.

- Кардарларыбыз азайды. Өзгөчө орус кардарлар келбей калышты. Украинада согуш чыккандан бери ал жактан келгендер да азайды. Эми арабдар көп келе баштады. Мурун кыргыздар, өзбектер көп келээр эле. Азыр жалпы эле келген кардарлардын саны аз.

Түрк статистикалык комитетинин 2016-жылдын аягында берген маалыматына таянсак, Түркиядан Кыргызстанга экспорттолгон товар 261 миллион долларды түзгөн. Ал эми Кыргызстандан Түркияга импорттолгон сумма 90 миллион доллар болгон. Түркиядан кийим-кечек, кездеме, курулуш материалдары жана түстүү метал сатылса, Кыргызстандан Түркияга негизинен алтын, жаңгак жана төө бурчак импорттолот.

Студенттерге тосулган жол

Ал эми Түркиянын жогорку билим берүү мекемесинин быйылкы маалыматына таянсак, Түркияда 1994 кыргызстандык студент билим алат. 1992-жылдан 2009-жылга чейин Түркияга 3000дей кыргызстандык студент окууга тапшырып, алардын 620сы гана окуусун бүтүргөн. Алардын көбү экономикалык, гуманитардык жана инженердик багытта билим алышкан. 15-июлдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракетинен соң Фетхуллах Гүленге тишеси бар делген 15 университет жабылды. Аталган окуу жайларда 161 кыргызстандык студент билим алып жаткан. Жабылган университеттердин студенттери кысымга кабылганына токтолгон Улук алардын дээрлик көпчүлүгү Кыргызстанга кетишкенин айтты. Улук Стамбулга учуп келген студенттерди полиция аэропорттон суракка алып, депортациялаган окуяларга күбө болгонун белгиледи.

- Эң көп кыргыз студенттер Фатих университетинде эле. Аларды аэропорттон Гүлен жамаатынын кишилерисиңер деп кармап, суракка алып кыйнап, анан депортациялашкан. Алардын Түркияга кирүүсүнө беш жылга тыюу салынды.

Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту.
Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту.

1992-жылдан тарта кыргызстандык студенттер Түркиянын жогорку окуу жайларына кабыл алына баштаган. Ошол маалда түрк университеттерине келип окуган студенттердин көпчүлүгү Түркияда иштеп калышкан. Орус, түрк тилин мыкты билген кыргыз кыз-жигиттер Түркиянын соода-сатыгынын жана туризминин өнүгүшүнө бараандуу салым кошушкан. Анталия, Стамбул, Анкарада каникул маалында акча таап иштей баштаган кыргыз жаштары бара-бара түрк фирмаларына кызматка орношууга жетишкен.

Учурда Түркияда көзгө басар кыргыз ишкерлерин негизинен дал ошол 1990-2000-жылдары окууга келип иштеп калган мекендештер түзөт. Өзгөчө Кыргызстандагы түрк лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү Түркияда бири-бирине колдоо көрсөтүп турары белгилүү.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG