Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:38

Эрдогандын бийлигин бекемдеген өзгөрүүлөр


Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы "Евразия" туннелинин ачылыш аземинде, 20-декабрь 2016-жыл.

Түрк парламенти өлкөнүн соңку тарыхында биринчи жолу президенттик башкаруу системасын орното турган конституциялык өзгөртүүлөрдү жактырды.

Оппозициячыл депутаттардын каршылыгына карабай түрк парламенти акыры Конституцияны өзгөртүүгө макул болду. 18 өзгөртүүдөн турган Баш мыйзам долбоорун 339 депутат же парламенттин бештен үчү колдоду. 21-январдагы добуш берүүдө жалпы 550 эл өкүлүнүн 142си каршы чыкты. Натыйжада референдум өткөрүү үчүн керек болгон 330 добуш камсыз кылынды.

Конституциялык өзгөртүүлөрдү түз кабыл алуу үчүн 367 добуш зарыл болчу. Ошентсе да парламентте 316 гана депутаты бар Адилет жана өнүгүү (АК) партиясы үчүн бул чоң жеңиш болуп калды. Бийлик партиясы парламенттеги “Улуттук кыймыл” фракциясын ыкка көндүрүп, добушун алды.

Премьер-министр Бинали Йылдырым эми Конституцияны өзгөртүү маселесин эл чечет деди:

“Биз Баш мыйзамды өзгөрткөн жокпуз. Биз конституциялык реформа боюнча талкуу кылдык. Түрк эли гана Конституцияны өзгөртө алат”.

Эмне өзгөрөт?

Түрк парламентиндеги добуш берүү
Түрк парламентиндеги добуш берүү

Конституциянын жаңы долбоорун президент жактыргандан кийин апрель айында референдум өтөт деп күтүлүүдө. Жаңы өзгөртүүлөр эмнелерди камтыйт?

Эң башкысы Түркиянын соңку тарыхында биринчи жолу парламенттик башкаруу системасы жоюлуп, өлкөдө президенттик башкаруу орнойт. Президент Режеп Тайып Эрдогандын ыйгарым укуктары буга чейин болуп көрбөгөндөй кеңейет. Ал бийликтин башка бутактарынын уруксатысыз буйруктарды кабыл алат, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялай алат, министрлерди жана жогорку бийлик өкүлдөрүн дайындайт, кааласа парламентти таркатат. Ошентип азыркы Конституция боюнча символикалуу ыйгарым укукка ээ болгон президент аткаруучу бийликтин укуктарын да өзүнө алат.

Мындан тышкары 2003-жылдан бери премьер-министр болуп иштеп, 2014-жылы президент болуп шайланган Эрдоган 2029-жылга чейин бийликте кала алат.

Учурда Жогорку Соттун 22 мүчөсүнүн төртөөнү президент дайындайт. Калганын соттор жана прокурорлор шайлашат. Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, Жогорку Соттун 13 мүчөсү болот, анын беши президент, калганы парламент тарабынан бекитилет.

Анкарада секуляризмди колдоп акцияга чыккандар, 4-январь 2017-жыл.
Анкарада секуляризмди колдоп акцияга чыккандар, 4-январь 2017-жыл.

“Хүрриет” басылмасынын Анкарадагы кеңсесинин башчысы Серкан Демирташ дагы бир тынчсыздандырган өзгөрүүгө токтолду:

“Сунушталган системага ылайык, президент саясий партиянын лидери боло алат. Натыйжада мамлекет башчысынын бейтараптуулугу жок болот. Андыктан анын президент катары башка партиялар менен, анын ичинде оппозиция өкүлдөрү менен мамилесине доо кетет”.

Бийликтин тилеги, оппозициянын кооптонуусу

Режеп Тайып Эрдоган эки жарым жыл мурдагы ант берүү аземинде Баш мыйзам өзгөрөөрүн жарыялаган. Андан бери парламенттик шайлоолор, күрт маселеси, террорчул кол салуулар жана 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетинен улам Конституцияны өзгөртүү багытында реалдуу кадам эми гана жасалып жатат. Бийликтеги АК партиянын өкүлдөрү Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейтүү өлкөнүн туруктуулугу үчүн керек дешет. Алардын бири депутат Решат Петек:

“Мындай система элибиз үчүн пайдалуу деп ишенебиз. Муну элге түшүндүрөбүз. Эгер элге жеткирилсе, өзгөртүүлөрдү колдогондордун саны өтө жогору болот. Эл колдойт деп үмүттөнөм. Биздин тарапкерлерден дал ушундай реакцияны көрүп жатабыз. Бирок айрым маселелер жакшы түшүндүрүлбөй, күмөн саноолорду жаратып жатат. Биз аларды такташыбыз керек”.

Деген менен оппозициячыл топтор жаңы Баш мыйзамдын кесепетин эскертип, сунушталган өзгөртүүлөр өлкөдө авторитаризмге жол ачат жана өлкөдө бир партия, бир кишинин үстөмдүгү күчөйт деп коңгура кагышууда. Коомдогу эки ача пикирден улам эки апта мурда парламентте конституциялык өзгөртүүлөр талкууланып жатканда депутаттар мушташканга чейин жеткен.

Түрк парламентинде конституциялык өзгөртүүлөр боюнча талкуу маалында чатак чыккан, 12-январь 2017-жыл.
Түрк парламентинде конституциялык өзгөртүүлөр боюнча талкуу маалында чатак чыккан, 12-январь 2017-жыл.

Оппозициядагы Элдик республикалык партиянын депутаты Али Шекер Баш мыйзамды өзгөртүү менен Түркия артка кайтпас жолго түшөт дейт:

“Укуктук мамлекет, светтик демократиялык республика толугу менен жок болду. Алар Түркияны тездик менен туруксуздукту көздөй сүйрөп баратышат. Ал жерде бийлик бөлүнгөн эмес, тең салмактуулук жана көзөмөл жок. Эгер коомчулук туура кабардар болсо, алар “жок” деп добуш беришет”.

Оппозициячыл топтор канчалык каршы чыкпасын президент Эрдоган жана анын партиясынын саясаты четинен ишке ашып келе жатат. Байкоочулар июль айындагы төңкөрүш аракетинен кийин Эрдогандын өзгөчө улутчулар арасындагы кадыр-баркы өскөнүн айтышат.

Бирок укук коргоо уюмдары кезинде парламенттик системасы жана исламдын байистүү багыты менен башкаларга үлгү болгон Түркияда сөз эркиндиги чектелип, улуттук азчылыктар басмырланганына көңүл бурушууда. Буга кошумча, күрт жоочуларынын жана “Ислам мамлекети” террордук уюмунун тынымсыз кол салууларынан улам Түркия коопсуз мезгилге кайта алабы деген суроо кабыргасын коюлуп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG