Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Түркия: камоо кезеги депутаттарга жетти


Бийликке нааразы болуп демонстрацияга чыккандар. Түркия, 3-ноябрь, 2016-жыл
Бийликке нааразы болуп демонстрацияга чыккандар. Түркия, 3-ноябрь, 2016-жыл

Түркияда иштен алуулар менен камоолор уланууда. 3-ноябрда гүленчи делгендер эле эмес, оппозициячыл күрт депутаттары да жапырт кармалды. Бийлик жазалоо чаралары тыйылар-тыйылбасына азырынча белги бере элек.

Күрттөрдүн Элдик демократиялык партиясынын (ЭДП) эки теңтөрагасы баш болгон 11 депутаты камакка алынды.

ЭДП лидерлеринин бири Салахаттин Демирташ Диярбакыр шаарындагы үйүнөн, дагы бир лидери Фиген Юксекдаг Анкарада терроризмге байланыштуу ишти иликтөөнүн алкагында кармалышкан.

Бул тууралуу Анадолу мамлекеттик агенттиги жазды. Демирташ менен Юксекдагга байланыштуу иликтөө мурдатан эле жүргөнү айтылат.

Элдик демократиялык партия түрк парламентинде саны боюнча үчүнчү орундагы, оппозициячыл партия. Бийлик аларга мурдатан эле тиш кайрап келатканы айтылып жаткан.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган күрт партиясына, өзгөчө анын лидери Демирташтын дарегине көп ирет ачуу сындарды айтып келет. Бийлик аларды Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар деген пикирде. ЭДП муну четке кагып келет.

Бул кармоолордон бир нече сааттан кийин Диярбакырда жардыруу болуп, кеминде алты киши жараат алды. Жергиликтүү бийлик бомба шыкалган автоунаа жардырылганын билдирди.

Бул кармоолор июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу "тазалоо" чараларына туш келди.

Ошол эле 3-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында жүздөгөн адамдар бийликтин билим берүү тармагындагы иргөө чараларына каршылык билдирип чыгышкан.

Окумуштуулар, студенттер жана кесиптик кошуундардын өкүлдөрү Стамбул университетинин алдына чогулуп, "Фашизмге каршы эриш-аркакта бололу", "Каршылык көрсөтүп жеңебиз" деп кыйкырып жатышты.

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

Андан бир күн мурда, 2-ноябрда бийлик Фетхуллах Гүленге байланышы бар деп дагы 137 окумуштууну камоого буйрук бергени маалым болгон. Июль айындагы аскерий төңкөрүш аракети ишке ашпай калгандан бери Түркияда буга байланыштуу камалып, соттоло тургандар саны 37 миңге жетти. Ал эми ишинен айдалгандар 110 миңден ашты. Алардын арасында билим берүү жаатындагылар элүү миңге чамалуу.

- Түркияны авторитардык режимге алып келишти. Биздин кызматтан алынуубуз ошонун бир бөлүгү. Муну менен Түркияны караңгылыкка түртүп атышат. Биз иштен кетирилгенибизден кийин шаар башчылары кармалышты. Гезиттер жабылды. Бирок өзүңүз көрүп атасыз, ал кадамдар мына ушундай демократиялык реакцияларга түрттү, - дейт митингге чыккан окумуштуу Левент Долек.

Нааразычылыкка чыккан студенттердин бири Өнүр Узбаш:

- Мында иштен айдалган окутуучуларыма тилектештик билдиргени келдим. Алар өзгөчө ой-пикири жана социалист болгону үчүн ишсиз калышты. Алар профсоюздун мүчөсү болгону үчүн четтетилүүдө. Бийлик эми 15-июлдагы төңкөрүш аракетин университеттерди тазалап алуу үчүн пайдаланып атат, - деди.

Азырынча президент Эрдоган өзү да, Түркиянын Юстиция министрлиги да Гүленди же күрттөрдүн кыймылын колдоду деп камалгандар кайра бошотулушу боюнча эч бир ишара кыла элек.
Годрад Шахиди

Түркиядагы камоолор кылмышка жараша жаза болбой ашынып баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары, батыш өлкөлөрү эскертип, тынчсыздануусун билдирип келет.

Ал эми бийликтегилер 240тан ашуун адамдын өмүрүн алган төңкөрүш аракетинен кийинки чаралар акыйкат деген жүйөнү карманууда.

Өлкөдө өзгөчө режим болсо эмки жылдын башына чейин узартылган. Анын шартына ылайык, күч органдары шектүүлөрдү мурдагыдай 48 саат эмес, бир айга кармай алышат. Түркия боюнча талдоочу Годрат Шахиди ошончо кишини бийлик соттоп жибериши мүмкүнбү деген сурообузга.

- Азырынча президент Эрдоган өзү да, Түркиянын Юстиция министрлиги да Гүленди же күрттөрдүн кыймылын колдоду деп камалгандар кайра бошотулушу боюнча эч бир ишара кыла элек. Менимче, мындай бошотуулар алдыдагы эки-үч жыл ичинде деле күтүлбөйт. Айрым бир жеке иштер болушу мүмкүн. Бирок Эрдоган мырза баарын өз көзөмөлүндө кармагысы келет, - дейт.

Расмий Анкара аскердик төңкөрүш аракетинин артында Фетхуллах Гүлен турат деп эсептейт. 75 жаштагы учурда АКШда жашаган диниятчы айыптоолордун баарын четке кагып келет. Түрк бийлиги Гүленди өткөрүп берүү үчүн АКШга бир нече ирет кайрылган. АКШ болсо ал үчүн тийиштүү далилдерди сураган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG