Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Бишкек түрк саммитин кийинкиге жылдырды


Президент Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган. 1-октябрь, 2012-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган. 1-октябрь, 2012-жыл

Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитин өткөрүүнү кийинкиге жылдырды. Анын себептерин расмий Бишкек так түшүндүрө элек.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Бишкектеги саммити быйыл өтпөй калганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Министрликтин өкүлү Айымкан Кулукееванын маалымдашынча, кезек боюнча бул жолку саммитти кыргыз тарап быйылкы жылдын 4-кварталында өткөрүшү керек эле.

Бирок Кыргызстандын демилгеси менен аны кийинчерээк өткөрүү чечими кабыл алынды:

- Быйылкы жылдын 4-кварталына пландалган саммит кийинкиге жылдырылды. Ал качан жана кайда өтөөрү тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат беребиз, - деп айтты Кулукеева.

Тышкы иштер министрлиги саммиттин жылдырылышынын себептерин түшүндүрө элек. Баш кеңсеси Стамбулда жайгашкан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгы саммиттин белгисиз мөөнөткө жылдырылганын тастыктады. Уюмдун катчылыгы Кыргызстандан бул тууралуу маалыматты жаңыдан гана алганын кабарлашты.

Кыргыз бийлиги буга чейин абдан маани берип келген саммитти убагында өткөрбөй калышы ар түрдүү жоромолдорго жол ачты. Себеби, расмий Бишкек аны өткөрүүгө камылга көрүп келген. Атүгүл уюмдун былтыр Астанада өткөн жыйынында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев саммитти Ысык-Көлдүн жээгинде уюштуруу сунушун көтөрүп чыккан эле:

- Нурсултан Абишевич, биз саммитти Чолпон-Ата шаарында өткөрсөк деп сунуш кылып жатабыз. Өзүңүз бир күн тандасаңыз 15-августтан 25-августка чейин. Сиз өзүңүз аксакал катары тандап берсеңиз, биз ошол күнү өткөрөлү.

Ал учурда кыргыз бийлиги Түрк тилдүү өлкөлөр саммитин Көчмөндөр оюндарына тушташ өткөрүүнү мерчемдеген. Бирок кийинчерээк кеч күзгө калганы айтылган. Эми дагы белгисиз мөөнөткө жылдырылып отурат.

Назарбаев менен Атамбаев.
Назарбаев менен Атамбаев.

Байкоочулар мурда кабарланган саммиттин кийинкиге жылдырылышынын Кыргызстандын бул уюм ичиндеги айрым өнөктөштөр менен мамилесинин бузулушуна байланыштырууда.

Маселен, Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин баш катчысынын мурунку орун басары Адахан Мадумаровдун айтуусунда, саммиттин өтпөй калышы Түркия менен мамиленин начарлашына түздөн-түз байланыштуу:

- Бул тышкы саясаттын толук туңгуюкка кептелгенинин белгиси. Эми тышкы саясатты туура эмес, ойлонбой жүргүзгөндөн, оюна келгенди сүйлөп койгондон, ар кандай пикирлерди жаратып, туруксуз позициясынын натыйжасында Кыргызстан ар кандай кадыр-барктуу уюмдардан сыртта калды. Ошондуктан, айрым лидерлер, айрым мамлекеттердин дарегине айтылган сын-пикирден кийин алар Кыргызстан менен мамилени кайрадан карап чыгып, солгундаштыруу жөнүндө катуу чечим кабыл алышты. Бул биринчи эле жолу артка жылдырылган жок. Бишкекте өткөн КМШнын саммитинен соң дароо бул саммитти өткөрүү планы болгон. Анда алар таптакыр макул болбой коюшкан.

Мадумаров белгилегендей, Кыргызстан менен Түркиянын жетекчилигинин мамилеси акыркы бир жылда солгундай түшкөн. Буга Түркия орус учагы атып түшүргөн соң Орусия менен алакасы бузулган учурда Кыргызстан Кремлдин позициясын колдоп чыкканы себеп болгон.

Мындан тышкары быйыл июль айында Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракетинен соң түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерин айыптаган. Анда Түркия гүленчилердин таасири Кыргызстанда күч экенин айтып, аларга тыюу салууну суранган.

Гүлен менен Эрдоган.
Гүлен менен Эрдоган.

Президент Алмазбек Атамбаев Түркия бийлигинин Кыргызстанга карата айткан пикирлерин катуу сынга алып, Анкаранын суранычын аткаруудан баш тарткан.

Анткен менен мурунку тышкы иштер министри Руслан Казакбаев саммиттин кийинкиге жылдырышынан саясат издөө туура эмес деген пикирде:

- Саммитти жылдырып коюудан чоң саясатты, саясий интриганы издөө бир аз туура эмес. Мында Кыргызстан эле эмес башка өлкөлөрдөгү абалдын да таасири болушу мүмкүн. Маселен, Түркияда акыркы окуялар, ички саясий кырдаал, Өзбекстанда мына президенттик шайлоо өткөн жатат. Азербайжанда жаңы референдум бүтүп, бир катар өзгөрүүлөр болду. Мына ушунун баары эле себеп болушу мүмкүн.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы негизделген. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мүчө. Уюм көбүнесе маданий, гуманитардык багытта иш жүргүзүп келет. Уюмдун демилгеси менен Кыргызстанда алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн, Астанада Түрк академиясы ачылган, Бакуда Түрк маданиятынын фонду түзүлгөн.

Бирок айрым эксперттер кеңештин кабыл алган чечимдери көп учурда кагаз жүзүндө калып, салмактуу иштер аткарылбай жатканын айтып келишет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG