Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Диярбакырда жарылууда 5 адам өлдү


Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында жарылуу болуп, кеминде 5 адам өлүп, 39 киши жаракат алды. Окуя бүгүн Чынар районундагы полиция участогуна жакын болгон. Бул тууралуу түркиялык басылмалар кабарлашты.

Мерт кеткендердин арасында ымыркай балалуу аялдын бар экени маалымдалды.

Бийлик детонатор толтурулган машинени Күртстан жумушчулар партиясы жардырды деп айыптоодо. Диярбакыр шаарында күрт улутундагылар басымдуулук кылат.

12-январда Стамбулдун Султанахмет тарыхый комплексинде да жардыруу болуп, 12 адам мерт кеткен эле. (BCh)

XS
SM
MD
LG