Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Түркия: президенттин бийлигин бекемдөө аракети


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркияда Конституцияны өзгөртүү аркылуу президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү аракети жанданды. Премьер-министр Бинали Йылдырым бул кадам Түркиянын бүтүндүгү үчүн керек деп айтты.

Кезинде айрым өлкөлөргө өрнөк болгон Түркиянын парламенттик системасы эми толугу президенттик башкарууга өтүшү мүмкүн. Түрк премьер-министри Бинали Йылдырым бийликтеги Адилет жана өнүгүү (АК) партиясынын жыйынында парламенттик система Түркиянын азыркы маселелерине чечим таба албастыгын, Конституцияны сөзсүз өзгөртүү зарылдыгын билдирди.

Анын айтымында, АК партия буга чейин мунаса табылган 60 беренеге кошумча башка да өзгөртүүлөрдү иштеп чыгып, жакын арада парламентке сунуштамакчы:

- Күчтүү саясий эркти жана туруктуулукту алып келе турган өзгөртүүлөр – Түркиянын баш тартууга мүмкүн болбой турган муктаждыгы. Бул жалгыз гана туруктуулук үчүн эмес, Түркиянын бүтүндүгү жана биримдиги үчүн маанилүү. Сөзсүз жасалышы керек. АК партия өзгөрүүлөрдү даярдап, парламенттин кароосуна сунуштайт. Парламент добуш бергенден кийин, ал элдин тандоосуна коюлат. Натыйжада система тууралуу канча жылдан бери уланып келген талкуулар, пикир келишпестиктер аяктайт.

Он жылдан ашык өкмөт башчы болуп иштеген Режеп Тайып Эрдоган эки жыл мурда президент болуп шайланып келгенден тарта байкоочулар Түркияда президенттик бийлик күчтөнөөрүн белгилеп келишкен. Конституцияны өзгөртүү чакырыктары былтыр АК партия парламенттик шайлоону жеңгенден кийин дагы өктөмүрөөк чыга баштаган.

Түркияда төңкөрүш аракетинен бери өзгөчө кырдаал уланып келет.
Түркияда төңкөрүш аракетинен бери өзгөчө кырдаал уланып келет.

Түркиялык саясат таануучу Синан Үлген жаңы өзгөртүүлөр соттордун көз карандысыздыгына шек келтирээрин, Эрдогандын бийлиги бекемделерин айтууда:

- Азыркы Конституция боюнча Эрдогандын ыйгарым укуктары чектелүү. Бирок Эрдоган ал укуктарын кеңейтүүнү каалап турат. Учурда ал азыркы Конституцияда жазылгандан көбүрөөк ыйгарып укуктарды колдонуп жатат. Бирок азыркы абалды мыйзамдаштыруу үчүн президенттик башкарууга өтүүнү көздөөдө. Конституциялык өзгөртүүлөрдүн өзөгү ушунда.

Парламенттеги Республикачыл элдик партия жана күрттөрдү жактаган Элдик демократиялык партия Түркиянын парламенттик системасын өзгөртүүгө каршы чыгып келишет.

330 депутат колдосо, референдум жарыялоого негиз түзүлөт.
330 депутат колдосо, референдум жарыялоого негиз түзүлөт.

Мыйзамга ылайык, конституциялык өзгөртүүлөрдү түз кабыл алуу үчүн парламенттеги 550 депутаттын 367 депутаты добуш бериши керек. Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгуу үчүн 330 добуш зарыл. 316 депутаты бар АК партиянын жакынкы күндөргө чейин мынчалык добушу жок эле. Эми парламентте 40 депутаты бар “Улуттук кыймыл” партиясы Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдоп чыкты.

Саясат таануучу Синан Үлген парламент референдум өткөрүүнү чечсе, бийликтеги партия өзгөртүүлөрдү элдик добуш берүүдөн өткөрүп кетиши мүмкүндүгүн айтат:

- Референдумга коюлса, ага калк добуш бериши керек болот. Азыркы сурамжылоолор эл арасында президенттик башкаруу үчүн жетиштүү колдоо болбогонун көрсөтүп жатат. Бирок Эрдоган менен АК партиясы өнөктүк маалында колдоону көбөйтүүгө аракет кылмакчы.

Түркияда июль айындагы төңкөрүш аракетинен бери өзгөчө кырдаал өкүм сүрүп келет. Жакында түрк өкмөтү мындай абалды жаңы жылга чейин узартууну чечкен.

Төңкөрүш аракетинен бери түрк президентинин өзгөчө улутчулдар арасында кадыр-баркы бекемделди. Бирок өлкөдөгү саясий өнүгүүлөр экономикага анчейин пайдасын тийгизген жок. “Рейтерс” агенттиги премьер-министрдин референдум тууралуу билдирүүсү саясатта түпөйүл жагдайды жаратканын, натыйжада бул билдирүү түрк лирасынын кунунун рекорддук төмөнкү деңгээлге жетишине себеп болгонун жазды.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG