Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Түркия АКШдан Гүленди камоону өтүндү


АКШда жашаган Фетхуллах Гүлен июль айында Түркияда болгон төңкөрүш аракетине эч кандай тиешеси жоктугун билдирген.
АКШда жашаган Фетхуллах Гүлен июль айында Түркияда болгон төңкөрүш аракетине эч кандай тиешеси жоктугун билдирген.

Түркия Америкада жашаган түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди июль айындагы төңкөрүш аракетине байланыштуу камакка алуу өтүнүчүн АКШга расмий түрдө жөнөттү. 17 жылдан бери АКШда жашаган Гүлен төңкөрүш аракетине аралашпаганын айтса, АКШ диниятчыга коюлган дооматтар далилдене электигин билдирген эле.

Түркиядагы төңкөрүш аракетинен бери эки айга чукул убакыт өттү. Эми Фетхуллах Гүленди бул окуя боюнча камакка алууну талап кылган алгачкы кайрылуу АКШга жөнөтүлгөнүн мамлекеттик ТРТ каналы кабарлады.

АКШнын өкмөтүнө багытталган жазуу түрүндөгү кайрылууда Түркиянын Юстиция министрлиги Фетхуллах Гүленди “270тен ашуун адамдын өмүрүн алган төңкөрүш аракетин уюштурган жана жетектеген” деп айыптаган. Ошондой эле ага “атайылап адам өлтүрүү, президенттин өмүрүнө кол салуу, конституциялык түзүлүштү өзгөртүү” сыяктуу оор беренелер боюнча айып таккан.

Төңкөрүш аракетине чейин Фетхуллах Гүлендин кыймылына каршы ачылган кылмыш иштери боюнча төрт башка документ Америкага жөнөтүлгөн. Гүлендин иши боюнча министрликтер иш алып барып жатканын жакында президент Режеп Тайып Эрдоган да тастыктаган эле:

- АКШнын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Түркияга келген. Эми бизден юстиция жана ички иштер министрлерибиз Америкага барышат. Ал жакта биргеликте бул ишти улантышат.

АКШнын вице-президенти Жо Байден август айында Түркияга келгенде президент Эрдоган: “Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык, Гүлен сыяктуу адамдар кеминде кармалып, көзөмөлгө алынышы керек”,-деп айтканы бар.

АКШнын вице-президенти Жо Байден менен түрк президенти Эрдоган август айында жолуккан эле.
АКШнын вице-президенти Жо Байден менен түрк президенти Эрдоган август айында жолуккан эле.

Деген менен 1999-жылдан бери Американын Пенсилвания штатында жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлен Түркиядагы төңкөрүш аракетине эч тиешеси жоктугун билдирип келет. Вашингтон да Гүлендин бул окуяга катыштыгы болуп, болбогонун тастыктаган далилдер керектигин белгилеген эле.

Экстрадициялоо аракетинен майнап чыгабы?

Түркиядагы кырдаалга жакындан көз салган Кыргызстандагы “Сереп” аналитикалык борборунун эксперти Искендер Ормон уулу Түркиянын Фетхуллах Гүленди экстрадициялоо аракетинен майнап чыгаарынан күмөн санайт:

- Мурда эл катуу талап кылып жатканда деле начар далилдерди берген болсо жана барган өкүлдөр да куру кол кайткан болсо, бул жолу деле андан айырмасы болбойт. Себеби дүйнөлүк коомчулукту жана абройлуу дүйнөлүк басылмаларды карап көргөндө көзгө басар далил көрүнбөдү. Күмөндүү кийлигишүүсү бар экенин далилдей алса, анда дүйнө коомчулугу, анын ичинде биздин регион да эс алмак деп ойлойм. Кимдин ким экенин билип дегендей...

Расмий Анкара июль айынан бери 100 миңден ашуун аскер жана полиция өкүлдөрүн, жарандык кызматкерлерди иштен алды. Ага кошумча түрк өкмөтү Гүлендин “Хизмет” кыймылын террордук уюм деп таанып, жоопко тартуу үчүн диниятчыны Түркияга алып келүүнү көздөп келет.

Мындан сырткары түрк өкмөтү бул кыймылга таандык мектеп жана жогорку окуу жайларды жабуу боюнча Кыргызстан сыяктуу бир катар өлкөлөргө кайрылуу жасаган. Бирок Кыргызстан “Себат” лицейлери жабылбай турганын билдирсе, Чыгыш Африка жана Казказдагы айрым өлкөлөр кыймылдын окуу жайларын көзөмөлгө алганы бар.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG