Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Эрдоган АКШны айыптады


Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Түркия АКШ башында турган эл аралык коалицияга Сириядагы согушкерлерге колдоо көрсөтүп жатат деп доомат артты. АКШ бул билдирүүнү “күлкү келерлик” деп мүнөздөдү.

Кезинде НАТОнун чөлкөмдөгү ишенимдүү өнөктөшү катары айтылып келген Түркиянын президенти Эрдоган шейшемби күнү АКШны кескин сындап чыкты. Ал АКШ жетектеген эл аралык коалиция Сириядагы согушкерлерге, алардын ичинде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна жана күрт жоочуларына колдоо көрсөтүп жатат деп билдирди. Режеп Тайип Эрдоган согушкерлерге кандай жардам көрсөтүлгөнү тууралуу далилдер да бар деди:

- Башында коалиция күчтөрү эмне деп айтышты эле? Алар “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы акырына чейин күрөшөбүз дешкен. Атүгүл бизди ИМди колдоп жатат деп күнөөлөшкөн. Эми анын баары жок болду. Тескерисинче, алар “Ислам мамлекети” баштаган террорчул топторго колдоо көрсөтүп жатат. Бул анык. Бизде сүрөт, видеолор менен ырасталган далилдер бар.

Түрк президенти Эрдоган өткөн айда Пакистанга барганда да буга окшош билдирүү жасаган. Түркиянын мындай айыптоолоруна көп күттүрбөй жооп келди. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер түрк президентинин айткандарын “күлкү келерлик” деп сыпаттады.

- Чынын айтсам, бул күлкү келерлик. Баарыңар билгендей, чындыкка коошпойт. Сириянын түндүгүндөгү жана Ирактагы биздин аракеттерди талдаган ар бир адам биз "Ислам мамлекетин" 100 пайыз жок кылууга аракеттенип жатканыбызды билет.

Түрк-орус президенттеринин октябрдагы жолугушуусу.
Түрк-орус президенттеринин октябрдагы жолугушуусу.

Мамдепартаменттин өкүлү АКШ Түркиянын Сирия менен чек арасынан согушкерлерди сүрүп чыгаруу аракетин баштан бери эле колдоп келгенин кошумчалады.

Түркия ашынган сунниттерди жана күрт жоочуларын чек арага жакындатпоо үчүн төрт ай мурда “Ефрат калканы” атка конгон операциясын баштаган. Анын алкагында Түркиядан колдоо алган көтөрүлүшчүлөр Сириядагы “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөп турган Ал-Баб шаарын бир нече жумадан бери курчап турат. Бул шаарды күрт жоочулары да жихадчылардан бошотуп алууну көздөп турат. Түркия өз аймагындагы күрт жикчилдерин шыктандырбасын деп күрт жоочуларына бөгөт койгусу келет. Апта башында Түркия эл аралык коалицияга кайрылып, Ал-Бабды бошотууга абадан көмөк көрсөтүүнү сураган болчу.

Эми Түркиянын бул коалицияны сынга алганы бул өлкө Сирия маселесинде Орусияга ыктады деген жоромолдорду ого бетер күчөтүп койду. Мындай пикирге эл аралык маселелер боюнча эксперт Искендер Ормон уулу да кошулат:

- Соңку окуялар эки өлкө жакын мамиледе болгонун көрсөтүп жатат. Түркиянын саясатчылары, элитасы өз кызыкчылыгы үчүн бул алакадан уткандай сезилип жатканы менен мамлекеттин кызыкчылыгы, анын аброю жагынан бул байланыштан утулуп жатат. Себеби, 2011-жылы башталган Сирия окуясында бүгүнкү күнгө чейин эң алдыңкы талаптарды коюп келген Түркия бир жуманын ичинде баштапкы позициясынан такыр тескери позицияга ооду.

Алеппонун чыгышы
Алеппонун чыгышы

Өткөн аптада Орусия, Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлери Москвада жолугуп, тынчтык келишимин иштеп чыгуу үчүн Сириядагы араздашкан тараптар менен кызматташмай болушкан. Ошондой эле Сирия өкмөтү менен көтөрүлүшчүлөрдүн ортосундагы келечектеги мунасанын кепили катары иш алып барууну макулдашкан. Сирия боюнча буга чейин сүйлөшүүлөрдө негизги ролду ойногон АКШ Москвадагы жыйынга катышкан эмес.

Орусия менен Иран беш жылдан ашкан согушта Сирияда Башар Асаддын режимине жардам көрсөтсө, Түркия Батыш өлкөлөрү менен кошо оппозициячыл көтөрүлүшчүлөрдү колдогон.

Түркиянын АКШ менен алакасы июль айындагы төңкөрүш аракетинен бери солгундаганы белгиленип келет. Түрк өкмөтү 250дөн ашык адамдын өмүрүн алган төңкөрүш аракетине АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди айыптап, АКШдан аны өткөрүп берүүнү талап кылууда. Гүлен айыптоолорду четке какса, Америка так далилдер керектигин түрк өкмөтүнө билдирген жайы бар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG