Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Алеппо Асаддын көзөмөлүнө өттү


Алеппо, Сирия
Алеппо, Сирия

Сирия армиясы Алеппо шаарына толук көзөмөл орнотконун жарыялады. Бул козголоңчул согушкерлердин акыркы тобу ал жерден көчүрүлгөн соң мүмкүн болду.

Алеппого президент Башар Асаддын режими толук көзөмөл орнотушуна тушташ Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Сириядагы аскерий кылмыштарды, адам укугун бузууларды иликтөө боюнча топ түзүү чечимин да кабыл алды.

Президент Асад жана анын күчтөрү өлкөнүн мурда калк саны жагынан биринчи ири шаары жана коммерциялык борбору болгон Алеппо алардын карамагына толук өтүшүн жарандык согуштагы “жеңиш жана бурулуш учур” катары сыпаттоодо.

Ошондой эле бул Орусиянын жана Ирандын жардамы менен мүмкүн болгонуна көңүл буруп жатат.

Асаддын жеңишин майрамдагандар
Асаддын жеңишин майрамдагандар

Орусиянын аскерий учактары шаардын козголоңчулар карамагындагы бөлүгүнө буга чейин жүздөгөн рейддерди жасаган, ал эми Иран колдогон кошуундардын миңдеген согушкерлери бул жердеги уруштарга тартылган.

Алеппонун өкмөт карамагындагы батыш бөлүгүнүн тургундары эми чыгыш бөлүгү да толук алынганы тууралуу кабардан соң асманга ок, фейерверк атып, көчөлөрдө ырдап-бийлеп жатышты. Көчөгө чыккандар Сирия, Орусия желектери менен катар Башар Асаддын сүрөттөрүн да көтөрүп жүрүштү.

Бул арада оппозиция лидерлери Асаддын режимине каршы козголоңдо “чоң жоготууга” учураганын моюнга алышты.

Бирок оппозиция активисттеринин бири Ахмад ал-Хатибдин айтымында, Асад жеңишин “кан төгүү, Алеппонун таш-талканын чыгаруу жана тукум курут кылуу менен” майрамдап жатат.

Өкмөт 2011-жылы демократияны жактап чыккан демонстранттарды күч менен баскандан кийин тутанган жарандык согуштан Сирияда 300 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

Алеппо
Алеппо

Алеппонун алынышы буга чейин Сириянын ири шаарлары: Дамаск, Хомс, Хама, Латакияны көзөмөлдөп келген өкмөткө эми стратегиялык артыкчылык берет.

БУУнун эсебинде, Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгүлөрдү эвакуациялоо боюнча бир аптага созулган операция учурунда кеминде 34 миңдей жайкын тургун жана козголоңчул согушкерлердин 4 миңдейи көчүрүлдү. Түркия менен Орусиянын ортомчулугу астында жетишилген келишимге ылайык жүргүзүлгөн көчүрүү ишине байкоо салган Кызыл Чырым уюмунун ырастоосунда, ал жерден кеткиси келгендердин баары чыгарылды.

Анткен менен Улуттар уюму алдыдагы күндөрү дагы миңдеген адам кетүүнү каалашы ыктымалдыгын жана буга жол ачып берүү керектигин билдирүүдө:

- Кийинки кадам, албетте, Алепподон көчүрүлгөндөр кайда барарына жана кышта кыйынчылык тартпай турганына көңүл буруу. Алардын айрымдары Алеппонун Батыш бөлүгүнө кетишти. Көбү Алеппонун куралдуу оппозициянын көзөмөлүндө турган айыл аймактарына жер которду. Мындан улам кайрадан эле күн тартибинде турган маселе БУУнун гуманитардык жардамынын аларга жетиши. Көбү Идлибге (оппозиция көзөмөлүндө турган провинция) кетишти. Ал теориялык жактан караганда кийинки Алеппо болушу мүмкүн, - деди БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стефан де Мистура Женевадан.

БУУнун чабарманы Алепподогудай кан төгүү кайталанбашы үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кайра башталуусу зарылдыгын айтууда:

- Азыр тынчтык сүйлөшүүлөрдү уланта турган учур келди. Бул Коопсуздук кеңешинде кайра жанданган биримдикке негизденүү менен буга чын эле импульс бардыгына ынануу үчүн да керек.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Алепподогу эвакуацияга байкоо жүргүзүү боюнча резолюцияны 19-декабрда бир добуштан кабыл алган. Ал эми 21-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы Сириядагы аскерий кылмыштарды, адам укугун бузууларды иликтөөчү топ түзүүнү караган резолюцияны көпчүлүк добуш менен жактырды. Бирок ага Сирия өзү, Орусия, Иран, Кыргызстан, жалпысынан он беш мамлекет каршы чыкты.

Бул аптада ошондой эле Башар Асаддын режимин колдоп келген Орусия, Иран жана ага каршы Түркия келечектеги тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кепили катары аракеттенүүнү макулдашканын жарыялашкан.

Сирияда тынчтык орнотуу боюнча мурдагы сүйлөшүүлөрдө негизги оюнчу болуп келген АКШ администрациясы бул макулдашууну кубаттады, бирок Орусиянын Асаддын режимине таасир көргөзүү боюнча буга чейинки аракеттери оңунан чыкпаганын эске алганда анын ишке ашарынан күмөн санаганын да билдирди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG