Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

ЕБ Орусияга каршы санкцияларды узартты


Петр Порошенко жана Дональд Туск
Петр Порошенко жана Дональд Туск

Италия Европа биримдигинин Орусияга каршы санкцияларды 6 айга эмес, бир жылга узартуу демилгесине каршы чыкты.

15-декабрда Брюсселде өткөн саммитте Польша Еврошаркеттин Орусияга киргизилген санкцияларын бир жылга узартууну сунуш кылган. Ошондой эле биримдик мүчөлөрү Москванын Сириядагы аракеттерин жазалоо үчүн санкцияларды кеңейтүү демилгесин көтөрүшкөн. Бирок Италия жана бир катар өлкөлөр каршы пикирин айтышты.

Европа кеңешинин төрагасы Доналд Туск:

- Санкцияларды дагы алты айга узартарыбыз белгилүү болчу. Айрым кесиптештер балким 12 айга узартууну туура көрүшөт. Бирок ал маселе талкууланган жок. Эң башынан эле азыркы формат, башкача айтканда алты айлык мөөнөт сакталары анык болчу.

Польша жана дагы башка мүчө-мамлекеттер АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусияга каршы санкцияларды жеңилдетиши мүмкүн деген кооптонууларын айтып келишкен. Бирок Туск Трамптын саясаты кандай болорун азыр айтуу кыйын деп белгиледи.

Санкциялар Орусия Украинанын курамындагы Крым жарым аралын аннексиялап, коңшу өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерди колдой баштаганда кабыл алынган.

Брюсселдеги бийик жолугушууда ошондой эле Украина менен биримдик ортосунда тыгыз байланыштарды түзүү келишими боюнча мунасага жетишилди.

Шаркет менен Ассоциациялык келишим 2014-жылы ошол кездеги президент Виктор Януковичтин бийлигин кулатып, Батыш менен алакаларга артыкчылык берип келаткан Киев үчүн өтө маанилүү.

Биримдиктин Голландиядан башка мүчөлөрү макулдашууну ратификациялашкан. Апрель айында голландиялыктар референдумда келишимди четке кагып коюшкан. Ошондон кийин Голландия өкмөтү документтин ратификациясы Украинанын шаркетке мүчөлүгүнө алып келбейт деген кошумча кепилдиктерди Брюсселден сураган.

Бейшемби күнкү саммитте лидерлер атайын билдирүү жасап, Украина менен Ассоциациялык келишим ал өлкөгө талапкер деген макамдын берилишин жана болочокто ошондой макам берилет деген милдеттенмелерди билдирбейт деп белгилешти. Ошондой эле шаркеттин мүчөлөрү Киевге жамааттык коопсуздук кепилдиктерин же башка аскердик жардам милдеттенмесин өзүнө алышпайт деп айтылат.

Нидерланддын премьер-министри Марк Рутте эми парламентке апрелдеги референдумдун жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча добуш берүүнү сунуш кылмакчы. Ал эми Сирия маселесинде биримдик жетекчилери Дамаск жана Москва бийликтерине кайрылып, Алеппо шаарынан чыгып жаткан карапайым адамдардын коопсуздугун камсыздоого үндөштү.

Улуттар уюмунун айрым расмий өкүлдөрү Сирия, Иран жана Орусия ал калаада согуш кылмыштарына барып жатышканын айтып келатышат.

Франциянын президенттигине талапкер Франсуа Фийон Батыш дипломатиясы Сирияда утулганын айтып, беш жылдан бери уланып келаткан кан төгүүнү токтотуу үчүн сүйлөшүүлөргө ошол согуш кылмыштары үчүн жооптуу тараптарды камтууну сунуш кылды.

Еврошаркет лидерлери ошондой эле Британиянын блоктон чыгуусу боюнча маселени талкуулашты.

XS
SM
MD
LG