Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:34

"Саддам Сириядагы согушту сезген"


Саддам Хусейн Абдал Мажит ал-Тикрити
Саддам Хусейн Абдал Мажит ал-Тикрити

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (12-18-декабрь)

АКШнын жашыруун чалгын агенттигинин офицери Жон Никсондун даректүү китеби батыш басма сөз каражаттарында кызуу талкууланууда.

Washington Post гезити китептен үзүндүлөрдү жарыялады. Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн бийликтен кулатылып, кийин бозгунда кармалгандан кийин аны суракка алган офицер Жон Никсон өз китебинде буларды баяндайт:

“Саддам бийликтен кетпеши керек эле. Азыр ал Иракты башкарып турса Жакынкы Чыгышта учурдагыдай башаламандык да болмок эмес. Мен аны суракка алып жатканда Саддам "силер баары бир жеңилесиңер. Иракты башкаруу оңой эмес экенин түшүнөсүңөр. Анткени биздин тилди, тарыхты, эң башкысы араб менталитетин билбейсиңер", - деп айткан.

Шииттерди темирдей бекем кармап, көп улуттуу, калабага жакын Ирак элин катаал бийлиги менен башкарып, Хусейн өз өлкөсүндө гана эмес, ошондой эле коңшу Сирияда дагы тынчтыкты сактаган. Саддамдын көзү тирүү болсо, Ирактын башында турса "Ислам мамлекети" террордук тобу сыяктуу жырткыч террорчулар аймак тынчтыгына азыркыдай тиш кайрай алмак эмес".

АКШнын чалгын агенттигинин офицери, Саддам Хусейнди дарга асардын алдында суракка алган Жон Никсон китебинде дагы буларды жазды: "Саддам Хусейнге болгон сый-урмат сезими аны суракка алган сайын улам тереңдей берди. Анткени ал сыяктуу Иракты узак убакыт бою тынчтыкта, биримдикте башкарып турган лидер аз болгон. Ал бир жолу "мага чейин бул аймакта согуш, талаш-тартыш гана өкүм сүрчү. Мунун баарына чекит коюп, элдин ынтымакта жашоосуна шарт түздүм”, - деп айткан".

Үн катпаган орус медиасы

Германияда чыккан Sueddeutsche Zeitung басылмасы Сириядагы кан төгүүлөр жана БУУнун Орусияга карата айтылган сындары орус медиасында такыр козголбой, айтылбай жатканын жазды.

“Орусиянын эң негизги беш телеканалы мыкты журналисттерин өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынына жиберишти. Бирок анда бир да журналист Алеппо тууралуу ооз ачкан да жок. Медведев экономикалык абал, жумуш ордунда селфи тартуу жана Дональд Трамп тууралуу гана сөз кылды”, - деп жазат аналитик Юлиан Ханс.

Кремлди жактаган медиа Алеппонун багынуусун Орусиянын жеңиши катары көрсөтүүдө. Согуш талаасында калгандар, жер төлөдө жашынып, бомба чабуулуна кабылган адамдар тууралуу репортаждар аз. Ушундай эле маалыматтык боштук Украинадагы согушта да болгон.

Октябрь айында “Левада” борбору сурамжылоо жүргүзүп, орусиялыктардын 18 пайызы гана Сириядагы согуштан кабардар экенин аныктаган" деп жазат Sueddeutsche Zeitung гезити.

Кыргызстандын “жашыл экономикасы”

The Diplomat аналитикалык журналы Кыргызстандын экологиясы менен экономикасына арналган Генри Жеймстин иликтөө макаласын чыгарды. “Йель университетинин Экологиялык жетишкендик индекси боюнча Кыргызстан 71-орунда турат. 2012-жылы 101-сапта эле. Ошентсе да Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн ичинен жашыл зоналары менен Кыргызстан алдыда келатат.

Экономика министри Арзыбек Кожошев 2035-жылга чейин “жашыл экономикалык” аймак болобуз деп сөз берүүдө. Өлкөнүн башкы киреше булагы азыр айыл чарбасы менен Кумтөр кени. 2014-жылы БУУнун Өнүгүү программасы айыл чарбасында иштетилген Кыргызстандын жеринин 85 пайызы эрозияланып, жарактан чыгып баратканын билдирген. Ошентсе да органикалык таза азык-түлүк өндүрүү демилгелери көтөрүлүп келет.

Шаарларда абанын булгануусу да башкы көйгөйгө айланды. Өлкөдө экологияга зыяны тийбеген машине колдонуу саясаты азырынча баштала элек. Британиядагыдай машинелердин баарын электр энергиясына өткөрүүгө бюджетте каражат жок. Ошентсе да эл аралык донорлордун жардамы менен бул маселени чечсе болот. Кандай болгон күндө да чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан жашыл экономикалык стратегиясын туура тандады”, - деп жазат Генри Жеймс.

Тойдун ордуна там

Индияда ишкер адам кызынын үйлөнүү тоюна сарптала турган 93 миң долларга эки гектар жерге чакан 90 үй куруп, турак жайы жокторго белек кылганын The Sun гезити маалымдайт.

Ажай Мунот аттуу бай соодагер кызы Шреянын үйлөнүү тоюн чоң салтанат менен өткөргөнү жаткан. Бирок тойдун ордуна кызынын сунушу менен тамы жокторду сүйүнттү.

Indian Express гезитинин жазганына караганда, Ажай Мунот атактуу бизнесмен Прашант Бамбдан үлгү алууну чечкен. Прашант Бамб чыгашалуу тойлорго кеткен каражатты кайрымдуулукка жумшап келет. Үйлөр Индиянын Махарашта провинциясынын Оорангабат районуна курулду.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG