Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Москва элчи Карлов менен коштошту


Андрей Карлов менен коштошуу зыйнаты
Андрей Карлов менен коштошуу зыйнаты

Орусия Түркияда атып өлтүрүлгөн элчисин акыркы сапарга узатты.

22-декабрда Москвада болгон коштошуу зыйнатына орус президенти Владимир Путин баш болгон расмий жетекчилер катышты. Элчи Андрей Карлов 19-декабрда Анкарада көргөзмө учурунда атып өлтүрүлгөн эле.

Андрей Карлов менен коштошуу зыйнаты Орусиянын тышкы иштер министрлигинде болду. Президент Владимир Путин анын табытына гүл коюп, жакындарына көңүл айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Карловдун жакындарына ал каза болгондон кийин президент Путиндин жардыгы менен ыйгарылган Орусиянын баатыры медалын тапшырды.

- Андрей ар дайым жашоону сүйгөн, өз ишине берилип, ага бүтүндөй өзүн арнаган, - деди Лавров.

Карловдун сөөгү жерге берилердин алдында Москвадагы Христос куткаруучу чиркөөсүнө алып барылып, ал жерде православ чиркөөсүнүн патриархы Кирилл диний жөрөлгө өткөрдү. Андан кийин дипломаттын сөөгү Химкидеги көрүстөнгө коюлду.

Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов 19-декабрда Анкарада сүрөт көргөзмөсү учурунда атып өлтүрүлдү. Аны аткан 22 жаштагы Мевлүт Мерт Алтынташ “Алеппону унутпагыла” деп кыйкырган. Бул сөзү менен ал орус элчисинин өмүрүнө Сирия үчүн кол салганын билдирүүгө аракет жасаган.

Орусия жана Түркия расмийлери элчини өлтүрүүнүн артында эки мамлекеттин мамилесине зыян келтирүү максаты жатат деп билдиришти. Анкара жана Москванын мамилеси 2015-жылы орус аскер учагынын атып түшүрүлүүсүнөн кийин кескин бузулуп, быйылкы жылы аны калыбына келтирүү аракети жүрүп жаткан.

Элчи Жунусов: Анкарадагы кол салууга күбө болдум

Элчи Жунусов: Анкарадагы кол салууга күбө болдум

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Карлов менен бирге көргөзмөнүн ачылышына барып, окуяга күбө болгон.

Мамилелерди калыбына келтирүү аракетине карабай эки мамлекеттин Сирия боюнча карама-каршылыгы сакталууда. Москва президент Башар Асадды колдоп, көтөрүлүшчүлөргө каршы аскерий операцияларды өткөрүп жатса, Түркия тескерисинче козголоңчуларды жактап, Асаддын кызматтан кетишин талап кылып келет.

Мына ушундай келишпестикке карабай Орусия, Түркия жана Иран тышкы иштер министрлери 20-декабрда Москвада чогулуп, Сирия жаңжалын саясий жол менен чечүү, Алепподон жайкын тургундарды эвакуациялоону макулдашты. Кошмо Штаттар бул макулдашууга скептикалык көз карашта болуп, бирок Сирияга тынчтык алып келе турган ар кандай аракеттерди колдорун билдирди. Ал эми сириялык төрт уюм Орусия Сирияда аскерий кылмышка аралашты деп, Алеппого Орусиянын соккусунан 1207 жаран набыт болгонун билдирип чыкты.

Орус президенти "Андрей Карловду өлтүрүүнүн максаты Орусия менен Түркиянын мамилесин бузуудан сырткары, Сириядагы тынчтык жараянын да жолдон чыгаруу" деп атаган.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган элчиге кол салуу артында Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” же Түркияда ФЕТО деп аталган уюму турат айыптады:

- Бул жерде анын ФЕТО мүчөсү экенин жашыруунун кажети жок. Анын бардык байланыштары, каерде билим алгандары ФЕТОго алып барат.

Режеп Тайип Эрдоган ошондой эле элчини аткан Алтынташтын чет жактардагы байланыштары аныкталып жатканын, ал иликтөөлөр жыйынтыгы менен маалымдаларын белгиледи.

Түркия бийлиги айыптаган Фетхуллах Гүлен видео кайрылуу менен чыгып элчинин өлүмүнө тиешеси жоктугун билдирди:

- Менин пикиримде, алдыда эң чоң коркунучтар күтүп турат мен мурда эскерткендей, бул окуя башка кол салууларга алып келип, ал үчүн да “Хизмет” кыймылын айыпташат. Бирок дүйнө ага ишенбей күлөт. Бүт дүйнө аларды шылдыңга алып эч ким ишенбейт.

Фетуллах Гүленди Түркия бийлиги 15-июлдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинин артында турат деп айыптап, аны Түркияга өткөрүп берүүнү Вашингтондон талап кылып келет. Фетуллах Гүлен ал айыптоону да четке каккан. Ал учурда АКШнын Пенсильвания штатында жашайт.

19-декабрдагы элчиге кол салуудан кийин полиция Алтынташтын өзүн да атып салган. Окуяны тергөө учурунда анын жакындары кармалган болчу. СNN Түрк телеканалынын 22-декабрдагы кабарлоосу боюнча Алтынташтын жакындары бошотулду.

Москвада элчи Карлов жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:15 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG