Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:15

Бүгүн Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго кол салуу болду. Белгисиз адам орус элчисине бир нече жолу ок аткан.

Ошол көргөзмөдө жүрүп, окуяга күбө болгон Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Өзбекстандын элчиси, мен жана Андрей Карлов көргөзмөдө катар сүйлөшүп турганбыз. Бир жигит ары-бери басып жүргөн. Аны жан сакчы деп ойлоптурмун. Карлов сөз алып, сүйлөй баштаганда эле тарсылдатып туш тарапка аткылай баштады. "Аллах акбар, баарыңар жерге жаткыла" деп кыйкырды. Мен айдоочум менен эле баргам, жарадарлардын арасында кыргыздар жок. Көргөзмөдө жалпысынан 150дөй адам бар болчу.

Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго бүгүн көргөзмөдө белгисиз адам бир нече жолу ок аткан. Оор жаракат алган Карлов көп өтпөй ооруканада каза тапты. Кол салган адам ошол жерде өлтүрүлдү.(ElB)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG