Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:04

Түркияда интернетти чектөө күчөдү


Эрдогандын сүрөтү илинген көрнөктүн жанында мобилдик телефонун текшерген аял.
Эрдогандын сүрөтү илинген көрнөктүн жанында мобилдик телефонун текшерген аял.

Түркияда интернеттин чектелишин бийликтер коопсуздукка байланыштырууда.

Түркияда интернеттин ылдамдыгы солгундап, Фейсбук, Твиттер, Вотсапп аркылуу байланышуу басаңдады. Өзгөчө жаштар арасында активдүү колдонулган социалдык сайттар маал-маалы менен ачылбай калууда. Муну өкмөт өлкөдөгү кооптуу абалга байланышкан убактылуу чара деп түшүндүрүүдө. Ал аралыкта Фейсбук, Твиттер, Вотсапп өңдүү популярдуу тармактардын колдонуучулары дүйнөлүк желеден байланыштын альтернативдүү жолдорун издөөгө аргасыз болуп жатат.

Интернеттин ылдамдыгынын азайышы тууралуу жасаган билдирүүсүндө түрк премьер-министри Бинали Йылдырым бул чектөөлөрдү убактылуу чара деп түшүндүрдү:

- Коопсуздук жагынан мезгил-мезгили менен ушул сыяктуу чектөөлөр болуп турат, бирок бул убактылуу гана чаралар болуп саналат. Кооптуу нерселер жок кылынгандан кийин бардык тармактар калыбына келет.

Түркиядагы VPN (Virtual Private Network) кызматы Маалымат технологиялары жана байланыш бирикмесинин байланыш операторлоруна жиберген көрсөтмөсүнүн негизинде жабылды. Мунун себеби Твиттер, Фейсбук сыяктуу социалдык тармактардын VPN аркылуу жашыруун киришине жол бербөө болгон.

- Негизинен бул коопсуздук үчүн жасалган иш чара да. Түркияга интернет трафигин алып келген атайын фирмалар бар. Өкмөт жөн гана ошол фирмаларга белгилүү сайттарды жабасыңар деп буйрук берип койот. Алар жаап коюшат, - деди мунун себебин түшүндүргөн журтташыбыз, IT боюнча адис Исабек Ташиев.

VPN кызматын Түркияда бир гана жеке адамдар эмес, банктар, нотариустар жана жеке фирмалар да колдонушат. VPN кызматынын аныктамасына Исабек Ташиев төмөндөгүчө түшүндүрмө берди.

- VPN деген интернетте белгилүү бир канал түзөт, ошол каналдардан маалымат агымы текшерилбей өтө берет. Азыр VPN кызматын деле жаба башташты. Булардын интернетти текшерген атайын кызматы бар, алар VPN каналдарын издеп таап, анан жаап жатышат. Азыр укканыма караганда, Түркияда көлөмдүү 2-3 VPN жабылды.

Түркия.
Түркия.

Буга чейин Твиттер, Фейсбук, Ютуб каналдарына чектөөлөр киргизилип келген. Ал эми Вотсапп байланышына биринчи ирет ушундай чара колдонулду. Мындай чектөөлөр колдонуучуларды интернетте байланыштын альтернативдүү жолдорун пайдаланууга аргасыз кылууда. Маселен, мекениндеги ата-энеси менен интернет аркылуу байланышкан студент Алишер Имамов башка жолдорду издеп тапса болорун айтат :

- Ишемби күнү эч нерсе иштеген жок. Мисалы, мен үйдөгүлөр менен Вотсапп аркылуу кабарлашам, бирок ал иштебей калганда үйдөгүлөр менен кабарлаша албай калган жокмун. Анткени башка программалар бар, мисалы IMO сыяктуу программалар. Түркияда бул сыяктуу программалар анча колдонулбаганы үчүн жабылган жок, ошондуктан биздин байланышыбыз үзүлгөн жок.

Түркияда биринчи жолу чектөөлөр киргизилип жаткан Вотсапп ​ байланышына 2014-жылы Иранда, 2015-2016-жылдары Бразилияда бөгөт коюлган. Brookings институтунун маалыматында интернетке коюлган бөгөттөр Түркиянын экономикасына акыркы бир жылда 35 миллион доллар чыгаша келтирген. Ал эми Түркиядагы жабылган сайттардын статистикасын жүргүзгөн Engelliweb сайтынын маалыматы боюнча 2016-жылы бул өлкөдө 113 146 сайтка бөгөт коюлган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG