Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Сирия: жихадчылар аэропорттон сүрүлдү


"Сирия демократиялык күчтөрүнүн" басма сөз жыйыны. 26-март, 2017-жыл.
"Сирия демократиялык күчтөрүнүн" басма сөз жыйыны. 26-март, 2017-жыл.

Сирияда АКШ колдогон күрт жана араб альянсынын күчтөрү "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлерин стратегиялык аскер аба базадан сүрүп чыгарды. Азыр алар жихадчылардын Сириядагы де-факто борбору Ракка шаарын курчоо аракетин көрүүдө. Ал эми президент Башар Ассаддын өкмөтүнүн өкүлдөрү операция алар менен координациялануусу зарылдыгын айтып жатышат.

"Сирия демократиялык күчтөрү" деп аталган аскерий түзүмдүн билдиргенине караганда, алардын аскерлери 26-мартка карата Табка шаарчасындагы аскерий аэропортту толугу менен ээледи. Учурда бул аба майдандын ичин минадан тазалоо иштери жүрүп жатат. "Сирия демократиялык күчтөрү" - жергиликтүү күрттөр менен арабдардын АКШ колдогон альянсы. Андыктан алардын операциясына АКШ учактары абадан, атайын күчтөрү кургактан колдоо көргөзүүдө.

Табка аэропортун жихадчылар 2014-жылдын августунда басып алышып, ал жерден даоо эле 200дөй өкмөттүк аскердин өмүрүн кыйганын күбөлөндүргөн видеотасманы таратышкан болчу.

Табка
Табка

Андан алыс эмес жерде азырынча "Ислам мамлекети" террордук тобунун колунда турган Табка плотинасы бар. Ал эми плотинадан 40 чакырымдай аралыкта "Ислам мамлекети" тобунун Сириядагы де-факто борбору Ракка шаары жайгашкан. Ушундан улам жаңыдан бошотулган Табка аэропорту операциялардын мындан аркы бөлүгү үчүн стратегиялык мүнөзгө ээ жай катары айтылып жатат. Анткени ушу тапта Сириядагы күрт-араб альянсы Ракка шаарын курчоого аракеттенишүүдө. Маалыматтарга караганда, алардын күчтөрүнүн алды шаарга сегиз чакырымдай жакындаса, негизги бөлүктөрү 18-30 чакырым аралыкта турат.

"ИМ" тобуна каршы АКШ баштаган коалициянын мүчөсү - Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дриандын айтымында, Ракка шаарынын бошотулушу жихадчыларга каршы күрөштөгү бурулуш учур болот.

- Ракка - негизги максат, ал "Ислам мамлекети" тобу башпаанектеген эки жайдын бири. Биз азыр Ракка үчүн уруш бир нече күн аралыгында башталат деп айта алабыз. Бирок бул оор, анткен менен өтө зарыл уруш болот. Бул эки жайдын бири - Мосул Иракта өкмөттүк күчтөр, Сирияда Ракка араб-күрт күчтөрү тарабынан алынса, "Ислам мамлекети" тобунун өмүр сүрүшү кыйын болот.

Өткөн аптада Вашингтондо "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы коалицияга мүчө 70тей өлкөнүн өкүлдөрү жыйын куруп, анда мындан аркы иш-аракеттердин багыттары талкууланган эле.

- Биз бул коалицияны кеңейтүүнүн жана анын ишинин эффективдүүлүгүн арттыруунун жолдорун такай издеп жатабыз. Сауд Аравия Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобун жеңүү боюнча коалициянын негиздөөчү мүчөлөрүнүн бири болгон. Сириянын үстүнөн АКШдан кийин эле биздин учактар эң көп учууларды жасады, - деди Вашингтондогу жыйындан кийин Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубеир кабарчыларга.

Качкындар үчүн лагерь
Качкындар үчүн лагерь

Бирок Ракканы АКШ баштаган коалициянын жардамы менен алууга аракеттенип жаткан "Сирия демократиялык күчтөрү" президент Башар Асаддын өкмөтү менен кызматташпайт. Дамасктагы бийлик мындан улам операцияны алар менен координациялоо зарылдыгы тууралуу да айтууда.

- Биздин аймакта Сириянын өкмөтүнүн макулдугусуз кандай аскерий өкүлчүлүк жүрбөсүн ал мыйзамсыз болот. Биздин аймакта Сириянын өкмөтү менен координациялабастан "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшүп жатабыз деп эч ким ырастай албайт, - деп билдирди Женевадагы басма сөз жыйында Сириянын Улуттар уюмундагы өкүлү Башар ал - Жаафари.

Өткөн апта соңунда Женевага Сирия өкмөтү менен оппозициясынын өкүлдөрү жарандык согуштан чыгуунун саясий жолун табууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы үчүн чогулушту. Тараптардын ар кимиси менен өз-өзүнчө БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стефан де Мистура кездешти.

Оппозициянын делегациясы президент Башар Асаддын күчтөрү жайкын тургундары азыр дагы бутага алып жатканын билдиришип, өз жүйөлөрүн жана муну күбөлөндүргөн соңку фактыларды далил келтиришти.

Сирияда 2011-жылдын март айында өкмөткө каршы толкундоодон улам тутанган жарандык согушта аскыркы эсептер боюнча 320 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG