Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Сирия: химиялык чабуулдун дүрбөлөңү


Идлибдеги чабуулда жабыркагандардын көбү балдар.
Идлибдеги чабуулда жабыркагандардын көбү балдар.

Сириянын Идлиб провинциясында химиялык курал колдонулду деген кабарлардан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн чукул жыйынга чогулат.

Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы сириялык козголоңчулардын карамагындагы Хан Шейхун шаарында 4-апрелдин таңында химиялык курал менен жасалган аба чабуулдардан 58 киши мерт кетип, ондогон адам жарадар болгонун маалымдады. Каза тапкандардын көбү жайкын тургундар, арасында он бири балдар.

Уюм билдиргендей ондогон адамдардын дем алуу органы жабыркап, айрымдарынын оозунан көбүк чыкканы байкалган.

Байкоочулар жана козголоңчулар бул чабуулдарды өкмөттүк армия же Орусиянын аба күчтөрү жасаганын айтууда. Орусиянын Коргоо министрлиги алардын учактары Хан Шейхун шаарынын жака белинде эч кандай аба операциясын өткөрбөгөнүн билдирсе, Сириянын президенти Башар Асаддын администрациясы күнөөнү козголоңчуларга оодарып, аларды "тыюу салынган курал колдонду" деп айыптады.

Чабуулдан кийин адамдар дем ала албай, кыйналып жатышты.
Чабуулдан кийин адамдар дем ала албай, кыйналып жатышты.

Обсерваториянын активисттери чабуулда кандай химиялык зат колдонулганы тууралуу маалыматка ээ эместигин айтышты.

Ал эми жергиликтүү медиктер билдиргендей, жабыркагандар зарин химиялык заты менен ууланышкан.

Улуттар Уюму бул чабуулду кескин айыптарын жана ал жакта эмне болгонун так аныктоо үчүн тиешелүү мекемелер тартыларын уюмдун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура билдирди:

- Биздин түшүнгөнүбүзгө караганда бул абадан жасалган химиялык чабуул болгон. Эмне болгонун так аныктоо үчүн тийиштүү мекемелердин бардыгын тартабыз. Бул жагынан химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм аныктоо жоопкерчилигин өзүнө алат деп ойлойм. Бул акылга сыйбаган иш.

Идлиб Сириянын президенти Башар Асадга каршы согушуп келген козголоңчулардын карамагындагы эң ири провинция.

АКШ президенти Дональд Трамптын маалымат катчысы Шон Спайсер Кошмо Штаттар бул чабуул үчүн Сирия президенти Башар Асад жоопкер экенине ишенерин айтты.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган да бул кол салууну кескин айыптап, каргашалуу окуя алдыдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кедергисин тийгизиши мүмкүндүгүн билдирди. Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху эл аралык коомчулукка кайрылып, Сириядагы химиялык куралды толугу менен жоготууга чакырды:

- Мен Сириядагы химиялык курал менен жасалган чабуулдан тумчугуп өлгөн ымыркайлардын сүрөтүн көргөндө нес болуп калдым. Тыюу салынган химиялык куралды колдонуп, жайкын тургундарга жана балдарга атайлап жасалган чабуулду эч бир жол менен актоого болбойт. Мен эл аралык коомчулукту 2013-жылы алган милдеттенмелерин аткарып, Сириядагы бул коркунучтуу куралды түп-тамыры менен жоготууга чакырам.

Жабыркагандардын көбү балдар.
Жабыркагандардын көбү балдар.

Франциянын президенти Франсуа Олланд кылмыш үчүн жоопкерчилик Асаддын мойнунда экенин билдирип, режимди колдогондорду саясий, стратегиялык жана моралдык жоопкерчиликтер тууралуу жакшылап ойлонууга чакырды.

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсондун пикиринде, чабуулду Сирия өкмөтү уюштурганы далилденсе, бул аскерий кылмыш болуп эсептелет жана аны кылгандар сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы абзел.

Идлибдеги чабуулду акылга сыйбас деп атаган Франциянын ички иштер министри Жан Марк Эро Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырганын шейшембиде билдирди.

Ал тапта Түркиянын "Анадолу" маалымат агенттиги боолгонгон чабуулдан жабыркаган 15 адам, негизинен аялдар жана балдар Түркиянын Хатай провинциясындагы жергиликтүү ооруканаларга жеткирилгенин жазды.

Аба соккулар Сириянын жана аймактын келечеги боюнча 5-апрелде Брюсселде өтө турган эл аралык жыйынды утурлай жасалды. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги алдында уюштурулган иликтөөлөрдө Сирия өкмөтү 2014-2015-жылдары жайкын тургундарга каршы хлорин химиялык затын курал катары үч жолу колдонгону аныкталган. Сирияда алты жылдан бери уланып келаткан жарандык согушта Орусия өлкө президенти Башар Асадга аскерий жана дипломатиялык колдоо көрсөтүп келет. Ал эми 2015-жылдан тарта колдоосун күчөтүп, өкмөттүк күчтөргө абадан көмөктөшө баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG