Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Сирия: химиялык куралды өткөрүү кечеңдөөдө


Алеппо шаарынан бир көрүнүш. 21-январь, 2014-жыл.
Алеппо шаарынан бир көрүнүш. 21-январь, 2014-жыл.

Кошмо Штаттар Сирия өкмөтү химиялык курал үчүн материалдарын өткөрүп берүүнү кечеңдетип жатканына камтамачылык билдирди.

АКШ Коргоо министри Чак Хейгел Польшадагы иш сапары учурунда айткандай, химиялык курал үчүн материалдардын жок кылууга өткөрүлүп берилишинин кечеңдөөсү жөндөмсүздүкпү же башка себептери барбы, бул азырынча белгисиз:

- Сирия өкмөтү химиялык куралдарды, материалдарды өткөрүп берүү боюнча мурда макулдашылган графиктен кечигип жатканына Кошмо Штаттар тынчызданат. Биз графиктен артта калганыбыз менен бул иш кайра оң жолго түшө алат эсептейбиз. Бирок Сирия өкмөтү мойнуна алган милдеттемелерин аткаруу үчүн жоопкер.

Мурда макулдашылган келишимге ылайык, Сирия өкмөтү өтө коркунучтуу делген химиялык куралдары менен материалдарын өлкөдөн 31 - декабрга карата чыгарып бүтүшү керек эле.

Чак Хейгел
Чак Хейгел
Бирок ушул айда болгону анча чоң эмес көлөмдөгү гана эки жүк жөнөттү.
Бул жараянга көзөмөл салуучу эл аралык мекеме - Химиялык куралдарга тыюу салуу боюнча уюмдун айтымында, Сирия өкмөтү жарыялаган химиялык арсеналдын азырынча беш пайызын гана өлкөдөн чыгарды.

БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюцияга ылайык, Сирия режиминдеги химиялык куралдардын кору быйылкы жылдын 30 - июнуна чейин толук тып-тыйпыл кылынуусу абзел.

План боюнча Сириянын химиялык арсеналдары өлкөнүн Лакатия порту аркылуу чыгарылып, кийин АКШ армиясы тарабынан жок кылынмак. АКШ Коргоо министри Чак Хейгелдин айтымында, ал Сириядан химиялык куралдарды чыгаруу маселесин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен талкуулаган:

- Мен Орусиянын коргоо министри менен сүйлөштүм жана андан алар Сирия өкмөтүнө макулдашууну сактоосу үчүн таасир көргөзүүсүн сурандым.

Сирия.
Сирия.
Өзү былтыр Вашингтон менен Сириянын химиялык куралдарын өткөрүп берүү маселесин Москва сүйлөшкөн. Эл аралык комиссия Сирияда химиялык курал бир нече жолу колдонулганын ырастаган. Химиялык куралды колдонгону үчүн өкмөт жана оппозиция бири-бирин айыпташкан эле.

АКШ администрациясы химиялык курал колдонду деген жүйөө менен Сирия режимине каршы сокку урарын былтыр сентябрда эскертип, буга камына баштаган. Дамаск өкмөтү химиялык куралын берүүгө АКШнын коркутуусунан кийин гана макул болгон.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жен Псакинин айтымында, Сирия режимине каршы аскерий күч колдонуу маселеси эч убакта күн тартибинен алынган эмес, бирок Кошмо Штаттар дипломатиялык ыкмага артыкчылык берет:

- Сирияга байланыштуу аскерий ыкманы биз күн тартиптен эч убакта алган эмеспиз. Бирок биз азыр химиялык куралдарды чыгарууда жана Женева конференциясында да дипломатиялык багытты карманабыз.

Сирия оппозициясы Женевадагы жыйынга Башар Асаддын сүрөтүн көтөрүп келди.
Сирия оппозициясы Женевадагы жыйынга Башар Асаддын сүрөтүн көтөрүп келди.
​Кошмо Штаттардын химиялык курал боюнча тынчыздануусу Женевада Сирия өкмөтү менен оппозициясынын алгачкы түз сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы олуттуу жыйынтыксыз аяктап жаткан учурга туш келди.

Жаатташкан тараптар бир үстөлгө отурганы менен урушту токтотуу, өткөөл өкмөттү куроо, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коридор уюштуруу өңдүү маселелерде мунаса таба албай жатышат.

Дээрлик үч жылга аяк басып калган жаңжал 130 миңдей сириялыктын өмүрүн алды, миллиондогон кишини үй - жайын таштоого аргасыз кылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG