Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:17

Сирия боюнча резолюция талкууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сирияда химиялык куралдын колдонулушу боюнча чечкиндүү резолюция чыгарууга даяр болушу керек деп билдирүү жасады.

Керринин айтымында, Бириккен улуттар уюмунун маалыматтары 21-августта химиялык куралды өкмөт тарап колдонгонун далилдеп турат. Ал ошондой эле козголоңчулар химиялык куралды колдонгондугу тууралуу сөздөрдү четке какты.

21-августта Дамасктын жанындагы чабуулдан, Вашингтондун маалыматы боюнча, 1400 карапайым адам каза тапкан.

Батыш өлкөлөрү химиялык куралга эл аралык көзөмөл боюнча өткөн аптада Орусия менен АКШнын ортосунда жетишилген макулдашуусун Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына бекитилишин каалашууда.

Аталган резолюция эгерде Дамаск чечимден баш тартса, ага карата күч колдонууга мүмкүнчүлүк ачышы керек. Бирок Орусия жана Кытай резолюциянын мындай форматына каршы.

Вашингтондо 19-сентябрда журналисттерге сүйлөп жатып, Керри дагы бир жолу резолюциянын аталган варианты кабыл алынышы керек деп басым жасады.

Керринин билдирүүсү Орусиянын президенти Владимир Путиндин чабуул боюнча билдирүүсүнө туш келди.

- Бизде бул провокация экендигине толук негиздер бар, албетте акылдуу провокация. Бирок аткаруу техникасы өтө примитивдүү.

19-сентябрда Сириянын премьер-министринин орун басары Кадри Жамил британиялык Guardian гезитине курган маегинде өлкөдө жарандык согуш туңгуюкка кептелгенин, өкмөт ок атууну Женевада тынчтык сүйлөшүүлөр башталса, токтотоорун айтты.

21-сентябрда Сирия химиялык курал сакталган объектилердин тизмесин көрсөтүшү керек.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин Сирия химиялык куралдан толугу менен баш тартат деп кепилдик бере албастыгын, бирок акыркы окуялар буга үмүт берип жатканын “Валдай” дискуссиялык клубунда айтты.

Путин кошумчалагандай, Сирия химиялык куралды таркатпоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулууга даяр.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG