Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

БУУнун эксперттери Сирияга жөнөдү


БУУ эксперттери Сирияда, 29-август, 2013-жыл
БУУ эксперттери Сирияда, 29-август, 2013-жыл

Химиялык курал боюнча алгачкы 20 инспектор дүйшөмбү күнү Сириянын борбору Дамаскка жөнөп кетти. Алар октябрдын аягына чейин бул өлкөдөгү химиялык курал боюнча отчет даярдашы керек. Президент Башар Асад өкмөт Бириккен улуттар уюмунун резолюциясын аткарууга болгон күч-аракетин жумшаарын эскертти.

Химиялык куралды тыюу боюнча эл аралык уюмдун 20 адиси бүгүн, 30-сентябрда Дамаскка сапар алды. Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин буйругу менен аты аталган уюм Сирияга химиялык куралын 2014-жылдын орто ченине чейин жок кылууга көмөк көрсөтөт.

Химиялык куралды тыюу боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү Сириянын бийлиги менен экинчи күнү жолугуп, иштөө планын тактайт. Уюм октябрдын аягына чейин химиялык курал сакталган кампалар боюнча алдын ала баяндама даяр болот деп үмүттөнөт.

Сириянын президенти Башар Асад жекшемби күнү өлкө өкмөтү Бириккен улуттар уюмунун химиялык куралды жок кылуу боюнча резолюциясын аткарат деп убада кылды.

Сирия, 19-сентябрь, 2013-жыл
Сирия, 19-сентябрь, 2013-жыл
​Жума күнү кабыл алынган резолюциядан соң италиялык телеканалдагы маегинде Асад АКШ менен Ирандын мамилесинин жакшырышы Сирия үчүн пайдалуу болот деген ишенимин ачыкка чыгарды. Сирия президенти ноябрда Женевада өтө турган тынчтык конференциясында бир да Европа өлкөсү чечүүчү ролду ойнобой турганын да шардана кылды.

Бул тууралуу Асад италиялык RAI News 24 TV телеканалына жана радиосуна билдирди.

- Биз резолюцияга чейин эле химиялык куралды жок кылуу боюнча эл аралык макулдашууга кошулганбыз. Орусия демилгесинин негизги бөлүгү биздин ушул ниетибизге шайкеш келет. Кеп резолюцияда эмес, кеп биздин каалообузда. 2003-жылы биз БУУнун Коопсуздук кеңешине Жакынкы Чыгышта химиялык куралды жок кылууну, бул аймакты химиялык куралдан арылтууну сунуштаганбыз.

Вашингтон Асаддын бийлигин 21-августта химиялык курал колдонгон деп күнөөлөп келет. Ал эми Асад жана анын союздашы Москва химиялык куралды козголоңчулар колдонгон деп ишенет.

Сирия козголоңчулары химиялык куралды кайра колдонушу мүмкүн деген оюн бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров эскертти. Ал Орусия АКШдан Сириянын өкмөттүк күчтөрү химиялык курал колдонду деген далилдерди ала электигин баса белгиледи:

- Химиялык куралды өкмөттүк күчтөр колдонгондугу тууралуу айкын далилдер болгондо гана Сирияга каршы күч колдонсо болот, - деди Лавров өз сөзүндө.

​БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын химиялык куралы боюнча резолюциясынын долбоорун жума күнү бир добуштан кабыл алды. Резолюцияга ылайык, Сирия химиялык куралын жок кылбаса, жазалоо сунуш кылынат. Ал эми жазалоо үчүн Коопсуздук кеңеши башка резолюция кабыл алууга тийиш.

21-августта Дамасктын четинде нервди шал кылчу зарин газы колдонулуп, жүздөгөн адамдар апаат болгонго чейин АКШ жана Орусия Сириядагы химиялык курал колдонууга каршы чара көрүү боюнча бир пикирге келе албай жаткан.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун береги маселе боюнча дүйнөнүн бакубат өлкөлөрү ноябрдын ортосунда эл аралык конференция өткөргөнү жатканын билдирди.

Сирия 21-августтагы химиялык чабуулдан соң гана өлкөдө химиялык курал бардыгын мойнуна алган. Ал ортодо 40 чакты козголоңчул топтор Дамасктын тегерегинде "Жайиш ал-Ислам" тобун түптөгөнүн жар салды.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG