Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:59

Сирия: АКШ менен Орусия химиялык курал боюнча сүйлөшүүдө


АКШнын мамкатчысы Жон Керри (солдо) менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (оңдо) Женевада БУУнун атайын өкүлү Лахдар Брахиминин ортомчулугунда сүйлөшүүдө, 13-сентябрь, 2013
АКШнын мамкатчысы Жон Керри (солдо) менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (оңдо) Женевада БУУнун атайын өкүлү Лахдар Брахиминин ортомчулугунда сүйлөшүүдө, 13-сентябрь, 2013

Бүгүн Женевада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия маселесин талкуулоону улантышууда.

Алар эки жарым жылдан бери куралдуу жаңжал уланып жаткан бул өлкөдө өткөн айда химиялык курал колдонулду делгенден кийин эми бул өлкөнүн бүтүн химиялык куралын дүйнөлүк коомчулуктун көзөмөлүнө алуунун жолдорун сүйлөшмөкчү.

Сирияга сырттан аскерий чабуулду болтурбаш үчүн андагы химиялык куралды эл аралык көзөмөлгө алуу сунушун Орусия киргизген. Бул боюнча азыр эми эки эңгезер өлкө - АКШ менен Орусиянын – тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү Женевада кечээ кечинде башталды. Эки өлкөнүн позицияларында дале айырмачылыктар көп.

Бүгүн сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүн баштап жатып, биргелешкен маалымат жыйынында Керри азыр Орусиянын да, АКШнын да бул жолугушуусундагы принципиалдуу миссиясы – Сириядагы химиялык куралды жок кылууга жетишүү экенин белгиледи.

"Биз экөөбүз тең позицияларыбызда мунасага карай багытты аныктап, октябрдын 28ине жакын - Улуттар уюмунун Нью-Йорктогу Башкы ассамблеясы боло турган күндөрү - жолугуп, Сириянын бул куралын кайрадан Женевада талкуулого канчалык болорун аныктайбыз деп чечтик. Анын баары алдыдагы сааттарда, күндөрү химиялык курал боюнча талкууларыбыз канчалык натыйжалуу болоруна жараша аныкталат", - деди Жон Керри.

Бул жолку эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү Бириккен улуттар уюмунун жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахими уюштуруп жатканына
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров ыраазычылык билдирип, алдыдагы милдетти тез арада аткаруу бардык тараптардын кызыкчылыгында болорун белгиледи.

"Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтү Химиялык куралдар боюнча Конвенцияга кошулду. Биз эми алдыда Химиялык куралдардын таркалышынын алдын алуу уюмунун адистерине өзүбүздүн да кесипкөй адистерди кошуп, мүмкүн болушунча маселени тезирээк чечүүнүн планын иштеп чыгышыбыз керек", - деди Лавров.

Орусиянын Сириядагы химиялык куралга көзөмөлдү күчөтүү сунушу үч бөлүктөн турат: Алгач Сирия химиялык куралга тыюу салган Улуттар уюмунун конвенциясына кошулушу керек эле. Андан ары Сирия өзүнүн химиялык курал запастары каерде сакталып турганын айтып, аларды өндүрүү боюнча өзүнүн программасын ачыкташы зарыл. Иштин үчүнчү этабында эксперттер ал куралдарды көзөмөлгө алуунун конкреттүү чараларын иштеп чыгат.

Бириккен улуттар уюму Сириядан аталган Конвенцияга кошулуу үчүн документтерди кабыл алганын тастыктады. Анын алдынан бейшембиде орус телеканалына интервьюсунда президент Асад анын өлкөсү Химиялык куралдар боюнча конвенцияга кошуларын, бирок алар буга Американын чабуул коркунучунан улам эмес, Орусиянын сунушунун айынан кошула турганын айткан.

АКШ 21-августта Дамасктын четинде 1400дөн ашуун адамды өлтүргөн химиялык куралды өкмөттүк аскерлер колдонгон деп күнөөлөгөн. Бирок Асаддын өкмөтү аны четке кагып келет. Бириккен улуттар уюмунун баасына караганда, Сирияда 2011-жылдын мартынан берки куралдуу кагылыштарда 100 миңден ашуун адам өлгөн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG