Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

G20: Күн тартибинен сырттагы талкуу


5-сентябрда Санкт-Петербургда башталган "Чоң жыйырманын" саммитинде Сирия маселеси талкууланбайт деп айтылган, бирок бул тема баары бир көтөрүлдү.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында дүйнөдөгү эң өнүккөн жана өнүгүп келаткан 20 өлкөнүн жыйыны кечээ башталды. Дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% ушул 20 өлкөгө туура келет. Ал өкмөттөрдүн лидерлери эки күндүк саммитте негизинен экономикага байланышкан маселелерди – соода, банк системасынын ишинин ачыктыгы, салык төлөөдөн качууга каршы аракетти – талкуулашы керек.

Сириядагы кырдаал бул саммиттин күн тартибине талкууга коюлган эмес. Ошентсе да АКШ президенти Барак Обама Дамасктын четинде химиялык курал колдонулду деп, Сирияга каршы аскерий чара көрүү зарылдыгын баары бир айтат го деп күтүлгөн.

Саммитти ачып жатып, Орусиянын президенти Владимир Путин кесиптештерине Сирия боюнча маселени кечки тамак үстүндө талкуулоого чакырды.

- Айрым катышуучулар Сирия боюнча кырдаалды талкуулоого убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүштү. Сирия расмий программага кирген эмес, бирок бул абдан маанилүү маселе. Ошондуктан кечки тамак үстүндө талкуулайлы.

Саммитке келген Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Би-Би-Сиге Сириянын президенти Башар Асадга каршы далилдер улам көбөйүп жатканын билдирди.

- Биз азыр эле Дамасктан келген айрым бөлүкчөлөрдү лабораториядан карадык, ал боюнча Дамасктын четинде химиялык курал колдонулган.

Саммитти ачып жатып, Путин 2008-2009-жылкы каржы каатчылыгына токтолду, бул нерсе көзөмөлдөнүп жатканын билдирди, бирок анын айтымында, алдыда дагы деле чеччү көйгөйлөр арбын.

- Бирок азыр сооронууга али эрте. Биздин башкы максат - глобалдык экономиканын туруктуу жана тең салмактуу өсүүгө кайтуусу. Тилекке каршы бул көйгөй чечиле элек. Бул деген системалык тобокелдиктер жана каатчылыктын кайталануу коркунучу сакталууда дегенди түшүндүрөт.

Кечээ журналисттерге брифинг уюштурган Орусиянын каржы министри Антон Силуанов "Чоң жыйырманын" катышуучулары ички жана тышкы карыздарды азайтуу боюнча чечим кабыл алышканын тастыктады.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG