Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

БУУ: Сириядагы соңку кырдаалга баш катчы капа


Оппозиция "химиялык чабуул болду" деген Дамасктын чыгышындагы Гута району, 21-август, 2013
Оппозиция "химиялык чабуул болду" деген Дамасктын чыгышындагы Гута району, 21-август, 2013

Сириянын оппозициясы кечээ өкмөттүк аскерлерди “химиялык курал колдонду” деген Дамасктын айланасындагы райондорду президент Башар ал-Асаддын күчтөрү бүгүн да аткылап жатышат.

Оппозиция кечээ шаардын айланасындагы конуштарда өкмөттүк аскерлер химиялык курал колдонуп, алардан жүздөгөн адамдар өлдү деген. Айрым кабарларда курмандыктардын саны 136 деп айтылууда. Оппозиция болсо өлгөндөрдүн саны 1300гө жетет дейт.

Президент Башар ал-Асаддын күчтөрүнө каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын көзөмөлүндөгү райондордо адамдын нерв системасын шалдыратып, өлтүрө турган курал колдонгону жөнүндөгү айыптоолор шаршембиде дипломатиялык чөйрөдө жанданууну пайда кылды.

Мария Кристина Персивал
Мария Кристина Персивал
​Бириккен улуттар уюмунун бул маселе боюнча бир пикирге келе албай жаткан Коопсуздук кеңеши муну жабык жыйында талкуулап, баары бир “окуяны тез арада бейтарап" иликтеш керек деген ойго келди.

Кеңештин азыркы президенти, Улуттар уюмундагы Аргентинанын элчиси Мария Кристина Персивал кечээ кечки шаршембидеги жыйындан кийин журналисттерге сүйлөп: "Кеңештин мүчөлөрү азыр айтылып жаткан айыптоолорго өтө тынчсызданып турушат. Чынында эмне болгонун, анын артынан жаралган кырдаалды такташ керек деген сезим күчтүү. Кеңештин бүт мүчөлөрү химиялык куралды кайсыл тарап кандай жагдайда колдонбосун, мунун баарын эл аралык мыйзамдарды бузуу деп билишет", - деди.

Улуттар уюмунун баш катчысынын орун басары Ян Элиассон уюмдун ушул күндөрү Сирияда жүргөн эксперттери шаршембиде ууландырчу газ чачылган делинип жаткан жерлерди да барып көргөнгө мүмкүнчүлүк алышат го деп үмүттөнөөрүн белгиледи. Анткен менен эксперттердин тобуна бул иште Сириянын өкмөтү көмөктөшөөрүн билдире элек.

Химиялык курал колдонду деген аймакта. 21-август, 2013-жыл
Химиялык курал колдонду деген аймакта. 21-август, 2013-жыл
Кабарларга караганда, Орусия менен Кытай азыр Улуттар уюмун окуяны иликтөөнү өз жетекчилигине алууга чакырып жатышат.

Элиассон соңку чабуул тууралуу баш катчы Пан Ги Мундун реакциясы жөнүндө сүйлөдү: "Бүгүн эртерээк сиздер өзүңүздөр деле баш катчынын билдирүүсүнөн окугандай, ал буга өтө көңүлү чөктү, терең кайгырып жатат. Ошон үчүн биз окуяны мүмкүн болушунча эртерээк иликтениши зарыл деп билебиз, - деди элчи. - Анын жыйынтыгы кандай болбосун, гуманитардык жана адам өмүрүнө келтирилген оор кесепеттер менен коштолгону олуттуу чыңалууну көрсөтөт".

Ал арада Сириянын өкмөтү айыптоолорду четке кагууда. Маалымат министри Омран Зоаби өкмөттүк аскерлердин мыкты операцияларына ичи күйгөн оппозиция соңку чабуулду өзү ойлоп тапкан деди.

"Айтылып жаткан кептин баары абсурд, өтө эле примитивдүү, логикага сыйбайт жана атайылап көз боёмочулук үчүн жасалган, - дейт министр. - Биздин айтаарыбыз: Сириянын армиясы эч кандай химиялык курал колдонгон эмес жана муну оңой эле далилдесе болот".

Оппозиция көрсөтүп жаткан видео тасмаларда эч кандай сырткы жаракаттары жок эле көз жумган адамдардын, алардын ичинде жаш балдардын жасаттары көрүнөт. Ал тасмалардын чындыгын бейтарап эксперттик иликтөөгө алуу азырынча мүмкүн эмес.

Сириянын жакын союздашы Орусия болсо чабуулдун чоо-жайы иликтениши зарыл экенин, ал оппозициянын провокациясы деле болушу мүмкүн экенин билдирди.

Ушул күндөрү Сирияда жүргөн эл аралык эксперттер “химиялык курал колдонулду” делген буга чейинки жагдайларды иликтеш үчүн барышкан. Ошол чабуулдар үчүн да жарандык согуштагы эки тарап тең бири-бирин күнөөлөп келатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG