Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Асад: "Террористтерди темир муштум менен урабыз"


Асаддын 4-августтагы оор ачарда сүйлөп жаткан учуру, Дамаск, 2013
Асаддын 4-августтагы оор ачарда сүйлөп жаткан учуру, Дамаск, 2013

Сирия президенти Башар ал-Асад оппозиция менен диалогго баруу мүмкүн эмес деп, аларга каршы “темир муштум” менен гана күрөшүш керек деди.

Асад соңку билдирүүсүн жекшембинин кечинде Дамаскиде уюштурулган ооз ачарда жасады. Иптарды Сириянын Мамлекеттик телеканалы да көрсөттү. Тамак-ашка толтурулган кең бөлмөдө жумуриятта белгилүү саясатчылар, диний лидерлер, артисттер жана башка элге таанымал өкүлдөр чогулушкан.

Келгендердин арасында Антиохий грек православ чиркөөсүнүн көсөмү Юханна ал-Язижи менен Сириянын улуу муфтийи Ахмед Бадр ал-Дин ал-Хассун да болушту. Оор ачарга Сириянын коргоо министри Фахед ал-Фрейж да келген эле.

Чогулган эл алдында сүйлөп жатып, Асад азыр ага каршы курал көтөргөн оппозициянын козголоңчуларын дагы бир жолу “террористтер” деп атады. “Акыл-эси жайында бир да адам терроризм саясат аркылуу жасалат деп ойлобойт”, - деди ал.

"Терроризм менен саясат такыр карама-каршы түшүнүктөр, - деди ал. - Терроризм бүт жакты каптап турган чакта, бир да саясий иш же прогресс болушу мүмкүн эмес. Саясат туура жолго түшүшү үчүн терроризм жок кылынышы керек".

Хомс шаарынын көрүнүшү, 31-июль, 2013
Хомс шаарынын көрүнүшү, 31-июль, 2013
Сириялык президент азыркы оппозициялык күчтөрдү - Сириянын ыңкылапчыл жана оппозициялык күчтөрүнүн Улуттук коалициясын - “жумуриятты кризистен чыгарууда колунан эч нерсе келбеген бузукулар” деп атады.

“Сириядан терроризм куулуп чыгарылгандан кийин гана азыркы конфликт жөнгө салынышы мүмкүн”, - деп айтты Асад.

"Эгерде биз азыркы элдик согушту жеңсек, башка жерлерде да бул үчүн кеңири колдоо таба алсак, биз бир нече айда абалды турукташтыра алмакпыз. Сирия кризисти чечип, терроризмди жок кыла алмак", - деди президент.

Асаддын айтымында, “Сирия мыйзам үстөмдүк кылган мамлекет болобу же бандиттер менен уурулар башкарган мамлекетке айланабы, муну азыр эл өзү чечиши керек”.

Бириккен улуттар уюмунун иликтөөчүлөрү президент Асаддын аскерлери туш келди адам өлтүрүү, кыйноо, сексуалдык зомбулук, ой келди чабуулдар жана талап-тоноочулук өңдүү согуш кылмыштарын жасаган дешет. Болгондо да бу кылмыштардын баары жогору жактан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын натыйжасы болуп жатат дешти иликтөөчүлөр.

Ал эл аралык иликтөөчүлөрдүн айтымында, президент Асаддын күчтөрү менен күрөшүп жаткан оппозиция да, кеңири масштабда болбосо да, адам өлтүрүү өңдүү согуш кылмыштарын жасаган.

БУУнун эсебинде, бул өлкөдө эки жарым жылдан бери уланып жаткан граждандык согушта өлгөндөрдүн саны 100 миңден ашкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG