Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Франция: Сирияда зарин газы колдонулган


Өкмөттүк аскерлер Кусаир шаарчасынын башкы аянтында. 5-июнь, 2013-жыл.
Өкмөттүк аскерлер Кусаир шаарчасынын башкы аянтында. 5-июнь, 2013-жыл.

Сириядагы кагылыштар учурунда химиялык зарин газы колдонулганын Франция тышкы иштер министри айтып чыкты. Мунун алдында Улуттар уюмунун иликтөөчүлөрү Сирияда химиялык курал чектелген өлчөмдө пайдаланылганынын “жүйөлүү негиздери” бар деп билдиришкен эле.

Сириядагы жаңжалда химиялык курал колдонулганы быйыл жаздан бери айтылып келе жатканы менен АКШ жана Батыш өлкөлөрү бул маселе боюнча чечим кабыл алыш үчүн ишенимдүү жана жетиштүү далилдер зарылдыгын белгилешкен. Соңку күндөрү жаңы маалыматтар чыкканы менен далил али деле толук эместей.

Француз тышкы иштер министри Лоран Фабиустун айтымында, Сирияда адамды шал кылуучу зарин газы колдонулганын өлкөнүн өзүнөн алынып келинген үлгүлөрдөн (чач, кан, заара) Париждеги лабораториялык анализи ырастаган:

- Лабораториянын тыянагы ачык-айкын: бул жерде зарин газы болгон. Башка маселе - биз газды ким колдонгонунун изине түшө алар-албашыбыз. Экинчи учур (үлгүлөрдүн экинчи тобу ) боюнча, режим жана анын шериктери экендигинде шек жок. Биз же реакция жасабайбыз, же реакция жасоо менен анын ичинде газ өндүрүлгөн жана топтолгон жайды бутага алуучу аскерий чара да камтылган чечимге келебиз.

Француз тышкы иштер министри зарин газы жергиликтүү масштабда, “кээ бир райондордо бир нече жолу колдонулганын” кошумчалады.

Буга чейин химиялык курал колдонгону үчүн Сириянын бийлиги да, козголоңчулары да бири-бирин айыпташкан. Ошол эле учурда эки тарап тең аны өзү колдонгонун четке каккан.

АКШ президенти Барак Обама мурдарак химиялык куралдын колдонулушу Сириядагы жаңжалдын кызыл сызыктан өтүшү болорун эскерткен эле.

Ак үйдүн өкүлү Жей Карни Вашингтондогу басма сөз жыйында Франциянын билдирүүсүн мындайча комментарийледи:

- Сирия режими химиялык курал колдонуп, укук бузганы боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алуудан мурда биз далил базасын кеңейтүүбүз керек жана ал ырасталышы зарыл.

Франциянын тыянагына чейин Сирияда химиялык курал чектелген өлчөмдө пайдаланылганынын “жүйөлүү негиздер” бардыгын Улуттар уюмунун иликтөөчүлөрү да билдиришкен эле.

Улуттар уюму шейшембиде жарыялаган баяндама уруштан жабыр тарткандар, дарыгерлер жана башка күбөлөр менен быйыл январдын ортосунан майдын ортосуна чейин жүргүзүлгөн интервьюларга негизделген. Бирок БУУ комиссиясы белгилегендей, химиялык заттар жана ал ким тарабынан колдонулганын аныктоо үчүн кошумча далилдер талап кылынат. Мындан тышкары баяндамада “аскерий кылмыштар, адамзатка каршы кылмыштар Сирияда күнүмдүк эле көрүнүш” болуп калганы айтылат.

Комиссия башчысы Пауло Пинейро президент Башар Асаддын күчтөрү жоопкер кылмыштар катары буларды тизмеледи:

- Өкмөттүк күчтөр жана алар менен байланышып согушкерлер адам өлтүрүүгө, кыйноого, зордуктоого, күч менен көчүрүүгө жана башка адамгерчиликсиз иштерге барган. Бул иштердин көбү жарандарга каршы системалуу түрдө кол салуунун алкагында жасалгандыктан, адамзатка каршы кылмыш деп бааланат.

Пауло Пинейро оор кылмыштарды жасоодон козголоңчулар да сыртта калбаганын айтты:

- Аскерий кылмыштарга, анын ичинде адам өлтүрүүгө, кандайдыр бир укуктук процедураларсыз эле өкүм чыгарып, аны аткарууга, кыйноого, барымтага алууга, уурдоолорго өкмөткө каршы топтор да барган. Алар аскерлерди эл жашаган аймактардан бутага алуу менен жөн-жай калкка коркунуч келтирүүнү улантып жатышат.

Бул аралыкта Сириянын өкмөттүк күчтөрү Кусаир шаарына көзөмөл орнотууга жетишти.

Сирия оппозициясынын Ливан менен чек арадагы башкы таяныч бекети катары саналган бул шаарча үчүн уруш үч аптадан бери жүрүп жаткан.

Козголоңчулардын өкүлдөрү болсо алар Кусаирден жарак-жабдыктын жоктугунан, “Хезболла” тобунун согушкерлеринин одоно кийлигишүүсүнөн улам чегинишкенин билдиришти.

Шииттердин “Хезболла” тобу согушкерлери Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн катарында урушка киргенин өткөн айда жарыялаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG