Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Химиялык курал кабары камтамачылык жаратты


 Гхутта району, 21-август, 2013-жыл
Гхутта району, 21-август, 2013-жыл

Сирия оппозициясы өкмөттүк күчтөр жайкын тургундарга каршы химиялык курал колдонду деп айыптоодо. Ал ортодо Пакистан коопсуздук күчтөрү курал-жарак жасоодо керектелген 100 тоннадай химиялык зат колго түшүрдү.

Сирия өкмөтү куралдуу күчтөр химиялык курал колдонду деген оппозициянын дооматтарын четке какты. Мамлекеттик телеканал билдиргендей, өкмөттүк аскерлер шаршембиде уулу газ менен дүрмөттөлгөн ракета атышкан деген маалыматта “кымындай чындык жок”.

Сириядагы адам укуктарынын абалына көз салган Лондондогу уюм химиялык курал менен аткылоодон ондогон жайкын тургун мерт кеткенин ырастап, ушул жекшембиде Дамаскка барган БУУнун инспекторлорун окуяны иликтөөгө чакырды.

Оппозициядагы Сириянын Улуттук кеңешинин лидери Ахмед ал-Жарба баш калаа четиндеги Гхута деген райондо газ чабуулунан бери дегенде 100 киши каза тапканын “Ал-Арабия” телеканалына билдирди. Ал-Жарба БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйын өткөрүүгө үндөдү.

Сирия бийлиги химиялык курал колдонгонбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

Кеңеш ошондой эле Дамасктын жака белиндеги конуштарда шаршемби күнкү чабуулдардан жалпысынан 650дөн көп киши өлгөнүн Твиттерге жазды.

Араб Лигасынын жетекчиси Набил Элараби БУУнун химиялык курал боюнча текшерүүчүлөрүн “Гхуттага дароо барууга, кырдаал менен жакындан таанышып чыгууга жана кылмыштын жагдайларын иликтөөгө” чакырды.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хэйг Дамасктын айланасындагы козголоңчулардын колуна өткөн чөлкөмдөрдө аба соккусунан жана химиялык чабуулдан жүздөгөн адам, анын ичинде жаш балдар каза болду деген маалыматтарга камтамасын билдирди.

Министр Британия маселенин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде каралышын сунуштаарын кошумчалады. Сириянын мамлекеттик телеканалы болсо оппозиция химиялык курал тууралуу айыптоолору менен БУУ инспекторлорун өз ишинен алагды кылууну көздөшөт деп сындады.

Расмий Дамаск менен оппозиция эки жылдан ашык убакыттан бери уланып келаткан жарандык согушта "химиялык курал колдонду" деп бири-бирине кине коюп келет.

Кветтада 100 тонна химиялык зат табылды

Ал тапта Пакистандын түштүк-чыгышындагы Кветта шаарында өткөн рейддин натыйжасында 100 тоннага чукул химиялык зат менен кошо 10 киши колго түшүрүлдү. Коопсуздук органдарынын өкүлдөрү билдиришкендей, ушундай эле заттын калдыктары буга чейин эки жардыруу болгон жерде табылган. Ошол теракттар 200дөй кишинин өмүрүн кыйган.

Кветта. 21-август, 2013-жыл
Кветта. 21-август, 2013-жыл
Чек ара полициясынын башчысы, полковник Макбул Шах атайын операция Кветтада 15 тонна химиялык зат ташып бараткан эки киши кармалгандан кийин өткөрүлгөнүн маалымдады. Ал эки адам бомба жасоодо пайдалануучу заттар, курал-жарак, башка аммуниция катылган жайды полицияга көргөзүшкөн.

- Менин билгениме караганда, Пакистандын тарыхында мынчалык көп жардыргыч зат колго түшүрүлө элек эле. Ичин жакшылап карасаңар, жабдыктар орнотулган фабриканы элестетет. Менимче, кампанын ээлери ким акча төлөсө, ошолорду бомбалар менен камсыздап турушчу, - деген Шах полиция бир нече дүрмөттөлгөн машинени да тапканын кошумчалады:

- Бул материалдар колдонсо кандай апаат болот эле? Элестетүү да коркунучтуу. Кветта шаарын, жалпы Балучистан аймагын чоң кырсыктан сактап калганыбызга жаратканга миң мертебе ыраазымын.

Кветта - Пакистандын түштүк-чыгышында орун алган Балучистан вилаейтинин борбору. Чөлкөм талиб согушкерлеринин кол салууларынан, зомбулуктан көп жылдан бери жабыркап келатат.

Соңку он жылда эле балучи жикчилеринин чабуулдарынан, аскердик операциялар маалында миңдеген карапайым адам жана аскерлер каза тапты.

Полиция колго түшүргөн курал-жарак кимге таандык экени азырынча беймаалым. Бирок буга чейин болгон кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө суннилердин тыюу салынган “Лашкар-и Жангви” согушкер тобу өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG