Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Химиялык чабуулдун курмандыктары

Сириядагы химиялык чабуул 4-апрелдин таңында Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаарчасында болгон. Батыш маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, Кошмо Штаттардын чалгын өкүлдөрү баштапкы иликтөөлөрүндө адамдар Сириянын өкмөттүк учагы зарин газын абадан чачканда ууланган деген бүтүмгө келишкен.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваторясы деген уюмдун эсебинде, 4-апрелдеги химиялык чабуулдан кеминде 86 адамдын өмүрү кыйылды. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар. Жеринде тартылган видеолордо адамдар дем ала албай, тумчугуп, ооздорунан көбүк агып жатканы чагылдырылган. Ал эми Сирия өкмөтүнүн жана Орусия уулуу газ өкмөттүк күчтөр козголоңчулардын курал кампасына абадан сокку ургандан кийин тарап кеткенин билдирген. Бирок АКШ жана башкалар бул ырастоолорго макул болгон жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG