Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

АКШ Орусияга Сирия боюнча басым жасайт


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

Бул тууралуу мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон билдирди.

Тиллерсондун айтымында, ал келерки аптада Москвадагы сүйлөшүүлөрүндө Орусия өнөктөшү-Сириянын бийлиги химиялык куралды колдонушун алдын алалбай койгонуна көңүл бурат.

Мамлекеттик катчы Эй-Би-Си телеканалы менен маегинде белгилегендей, ал Орусиянын өкмөтүн “эл аралык коомчулукка Сириянын химиялык куралы жок кылынуусунун кепили болууга макулдук бергендеги милдеттемесин аткарууга да чакырмакчы”.

Тиллерсон эгер Сириянын режими дагы химиялык курал колдоно турган болсо, АКШ менен Орусиянын мамилеси абдан бузуларын да эскертти.

АКШ 7-апрелде Сириянын аскер-аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку урган.

Вашингтон бул кадамын Сирия режиминин жайкын тургундарга каршы “үрөй учурган химиялык чабуулуна" жооп чара катары түшүндүргөн.

Президент Башар Асаддын башкы өнөктөштөрү Орусия менен Иран муну эл аралык мыйзамды бузгандык катары кескин сындашса, АКШнын өнөктөштөрү Вашингтондун аракетине бекем колдоо көргөзүшкөн.

АКШ Башар Асаддын режимин айыптаган химиялык чабуул 4-апрелдин таңында Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаарчасында болгон. Чабуулдан 80ден ашуун адамдын, анын ичинде жаш балдардын өмүрү кыйылган. (UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG