Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Чек ара: жүк ташуучу унаалар көйгөйү чечиле элек


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинде 400дөн ашуун жүк ташуучу автоунаа турат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан 23-октябрда “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, “Ак жол” жана “Ак тилек” өткөрмө бекеттеринде тыгын уланууда, ал эми “Чалдыбар” жана “Чоң-Капкада” кезек күткөндөр жок.

Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында:

- “Ак жол” өткөрмө бекетинде 300дөн ашуун адам кезекте турат. Бул саат 10:00дөн кийинки кадимки көрүнүш болууда. 15-20 мүнөттө 30дай адамды өткөрүп жатышат. Ал эми машиналар жарым саатта 7-8ден өтүүдө. Жеңил унаа, маршруттук такси жана автобустардын саны 40ка жакын. “Ак тилекте” жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны дагы эле бар. Учурда 400дөн ашуун машина турат. Казак тарап саатына 8дей фура киргизүүдө. Ал эми “Чоң-Капка” жана “Чалдыбарда” тыгын жок.

Оор жүк ташыган айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеев жөө жүргүнчүлөр жана жеңил машинелердин чек арадан өтүүсү жеңилдегенин, бирок оор жүк ташуучу автоунааларга дале кыйын болуп жатканын маалымдады.

Кечээ Чек ара кызматы "Ак жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде казак тарап 10-15 мүнөттө 20-25 кишини, 10дой машинени өткөрүп жатканын кабарлаган.

Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Казакстан 10-октябрдан тарта Кыргызстан менен чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол", "Ак тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган. Казак тарап муну Кыргызстандагы шайлоо менен байланыштырган.

Премьер-министр Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып, казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан.

Натыйжада казак тарап 19-октябрдан тартып жүгү бар автоунааларды текшерүүнү калтырып, жөө адамдардын, жүргүнчү ташуучу, бош жүк ташуучу автоунаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен.

Бирок жүк ташуучу автоунаалардын көйгөйү толук чечиле элек. Астанада болгон 18-октябрдагы жолугушууда казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатканын билдирип, аны кыргыз тарап да мойнуна алганын айтып чыккан:

- Мисалы, биздин бажы органдары кыргызстандык соодагерлердин Кытайдан Казакстан аркылуу транзит менен алып өтүүчү товарлары туура эмес декларацияланганын аныкташууда. Мындан Казакстандын экономикасы түздөн-түз чыгымга учурап жатат. Бул маселени кыргыз тарап да моюнуна алды. Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын ЕАЭБ алдындагы милдеттенмелерин так аткарууга жана биримдиктин экономикалык кызыкчылыктарын сактоого байланышкан маселени чечүүгө кепилдик берди.

Ушул эле жолугушууда Кыргызстан менен Казакстан беш күндүн ичинде чек арадан өтүүнүн жол картасын иштеп чыгууну макулдашканын Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов билдирген:

- Дагы талкуулай турган бир нече маселе калды. Буга байланыштуу биздин делегациянын бир бөлүгү Казакстанда калды. Эртең аларга мен да барып кошулам. Андан соң беш күндүн ичинде казак-кыргыз чек арасындагы абалды жакшыртуу боюнча атайын протокол иштеп чыгып, макулдашып, кабыл алышыбыз керек.​

Кыргызстандык ишкерлер чек арадагы кырдаалга байланыштуу канча чыгым тартканы расмий кабарлана элек. Экономика министрлиги чыгымдарды эсептөөнү 18-октябрда баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG