Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:38

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБнын алкагында Казакстан убада кылган 100 миллион доллар грантты алуудан баш тартууну көздөөдө. Тиешелүү келишимди жокко чыгаруу боюнча сунуш парламентке жөнөтүлдү. Өкмөт мындай кадамды аталган каражатка муктаждык болбогону менен түшүндүрүүдө.

Кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Казакстан берчү 100 миллион доллардык гранттан баш тартуу боюнча сунушту Жогорку Кеңешке жөнөттү. Бул сунушту парламент карап чыгып, эки өлкө ортосундагы аталган жардамга байланыштуу бир келишим жана төрт протоколду бир тараптуу жокко чыгарышы керек.

Экономика маселелери боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, казак тарап убада кылган акчалай каражатка учурда муктаждык жок:

- Биз бул каражатка “жок” деп айтууну чечтик. Мындайча айтканда кереги жок болуп калды. Өзүбүз каражаттарды бюджеттен же казынадан тышкары тапканга мүмкүнчүлүктөрдү издейбиз. Учурда ЕАЭБнын талабына ылайык 14 лабораториянын көбү бүтүп калды. Ал үчүн өзүбүз да каражат бөлүп жатабыз. Жылдын аягына чейин лабораториялардын көбү бүтүп калат.

Казакстандын жардамынан баш тарткан мыйзам долбоор боюнча Жогорку Кеңеште экономика министри Артем Новиков баяндама жасайт. Маалым болгондой, маселе чукул болгондуктан кезексиз каралат.

Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 млн. доллар берүүгө макул болгон.

Кыргыз тарап бул каражатка чек арадагы өткөрмө бекеттерди оңдоодон өткөрүп, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууну көздөгөн эле. Бирок кайтарымсыз жардам кечиккени үчүн өкмөт бюджеттеги каражатка лабораторияларды бүткөргөнүн билдирген.

Ушул жылдын август айында Кыргызстан менен Казакстан 100 млн. долларды тармактарга бөлүүнү деталдаштырып, алгачкы транш менен 41 млн. доллар бөлүүгө токтолгон. Бул үчүн Экономика министрлиги Казакстандын Каржы министрлигине банктагы атайын эсепти жөнөткөн болчу.

Саясий чечим болдубу?

Эми эки өлкө ортосундагы мамиле салкындап, чек ара кризиси жаралган учурда кыргыз өкмөтү жардамды алуудан баш тартты. Мындан улам бир катар эксперттер өлкө жетекчилигинин мындай кадамын саясий чечим катары баалап жатышат.

Абдувахап Нурбаев
Абдувахап Нурбаев

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев өкмөттүн сунушу парламентке түшкөнүн ырастап, маселени эки жактуу кароо керек деген пикирде:

- 100 миллион долларды денонсациялоо боюнча сөз болуп жатат. Эми бул маселени тиешелүү комитеттер карап, жактырса андан соң парламентке чыгарылат. Менин жеке пикиримде кырдаалды дагы курчутпай, жумшартса жакшы болмок эле. Бирок экинчи жагынан алар да жардамды создуктуруп, ушундай абалга жеткирди. Ошондуктан мындай кадамга барууну чечсе керек.

Ал эми экономика боюнча эксперт Жумакадыр Акенеевдин маалыматында, Казакстандын 100 миллион долларды жардам катары берүү боюнча таржымалы 2007-жылга такалат. Ал учурда Кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүү демилгенип, ал ишке ашпай калган. Кийин ушул эле каражатты Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жардам катары берүүнү убада кылып, бирок ал да создугуп кеткен. Ошондуктан кыргыз өкмөтү бул жардамдын актуалдуулугу жок катары санап, баш тартканын эксперт билдирүүдө:

- Казакстан бөлгөн акчаны түздөн-түз лабораторияларды курууга пайдаланыш керек деп жазылган. Башка тарапка пайдаланууга болбойт. Ал эми лабораториялар өз калыбына келгени үчүн ал каражатты алууга кажет жок деген чечимге келди көрүнөт.

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн мындай чечимин коңшу өлкө менен мамилени дагы начарлатат деп сындагандар да чыгууда. Маселен, коомдук ишмер Улукбек Кочкоровдун айтымында, өкмөттүн акыркы кадамдарынын кесепеттери оор болушу мүмкүн:

- Туура эмес эле чечим болду деп ойлойм. Кыргызда "Дубана таарынса куржунуна зыян" деген сөз бар эмеспи. Чынын айтканда бизде толгон-токой маселелер бар. Ошол эле лаборатияларды алсак деле көйгөй көп. Ошондуктан азыр тирешти кое туруп, кайрадан мамилени оңдоо аракетин көрүш керек эле. Сөздүн ачыгын айтсак, азыр алар менен тиреше турган акыбалыбыз жок. Транспорттук байланыш жаатында аларга көз каранды болуп жатпайбызбы.

Кыргызстан Казакстан менен мамиле салкындаганы алгач жолу жардамдан баш тартып жаткан жок. Бир апта мурун быйыл жазында орун алган өлкө түштүгүндөгү зилзала жана жер көчкүнүн кесепетин жоюуга көмөк көрсөтүү максатында коңшу өлкөнүн жардамын алуудан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баш тарткан эле.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-жол", "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Казак тарап муну Кыргызстандагы шайлоого байланыштырган. Бирок 16-октябрдан тартып, Казакстан өкмөтү чет жактан кирген жүк ташуучуларды текшерүүнү күчөтүп, мыйзам бузгандардын 60% Кыргызстанга таандык жүк ташуучулар экенин билдирген.

Ошондой эле казак тарап Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин талаптарын аткарбай жатат деп сындаган эле.

Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып, казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан. Натыйжада казак тарап 19-октябрдан тартып жүгү бар унааларды текшерүүнү калтырып, жөө адамдардын, жүргүнчү ташыган унаалардын, бош жүк ташуучу унаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен.

Мындай абал эки өлкө ортосундагы мамиленин оңолушу катары бааланып жаткан учурда кыргыз өкмөтү жардамдан баш тартып отурат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG