Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:34

Кыргыз өкмөтү кыргыз-казак чек арасында жаралган абал боюнча Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык биримдигине кайрылды. Анда өкмөт казак тарап эркин соода жүгүртүү келишиминин жоболорун бузуп жатканын белгилеп, жаралган кырдаалга көңүл бурууну суранган.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулунун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 17-октябрда Дүйнөлүк соода уюмуна казак тараптын өткөрмө бекеттерге күтүүсүздөн чектөө киргизгени жана анын кесепеттери боюнча маалымат берилди:

- Кайрылууга Казакстан Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндөгү башкы макулдашууну жана андагы негизги ченемдерди бузганы негиз болду. Чектөөлөрдөн улам Кыргызстандын унаалар көп өтүүчү "Ак-жол" жана "Ак-тилек" көзөмөл өткөрүү пункттарынан унаалардын өтүүсү 2,4 эсе кыскарды. Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы менен бирдей Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен толугу менен Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында өз укугун коргойт.

"Ак-жол" бекети
"Ак-жол" бекети

Чек арадагы абал боюнча Экономика министрлиги Евразия экономикалык биримдигине да кайрылды.

Биримдиктин аткаруучу органы - Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянга жолдонгон катта казак тараптын акыркы кадамдары "биримдиктин принциптерине каршы келери жана интеграция максатына кедергесин тийгизип жатканы" айтылды.

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдиргендей, эки өлкө мүчө болгон биримдиктин жетекчилиги жаралган кырдаалга өз баасын бериши керек:

- Биз кайрылууда Казакстан-Кыргызстан жана Казакстан-Орусия чек арасындагы абал жана келишим боюнча кандай эрежелер бузулуп жатканын көргөзүп бердик. Мына ушул кайрылууну талдап чыгып, Евразия экономикалык комиссиясы чара көрүшү керек.

Евразия экономикалык биримдиги бул кайрылуу боюнча эч кандай комментарий бере элек. Ал эми казак бийликтеринен улуттук экономика министри Тимур Сулейменов үн катып, кыргыз тарапты чек арадагы кырдаалды саясатташтырбоого чакырган.

Казак маалымат каражаттарынын жазышынча, Сулейменов Казакстанга карата Евразия экономикалык комиссиясынын принциптерин бузууда деген айыптоолор негизсиз экенин билдирген:

- Биз өлкө мыйзамдарына таянып иш алып баруудабыз. Биримдиктин алкагында алынган милдеттенмелерди аткаруудабыз. Ар бир өлкөнүн Евразия экономикалык кеңешине кайрылууга укугу бар. Комиссиянын өкмөттөр аралык кеңеши боюнча чечимине бир тарап макул болбосо, ал кабыл алынбайт.

Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылуу кезегин быйыл Кыргызстан алган.

15-октябрда чек арадагы абалды комментарийлеп жатып президент Алмазбек Атамбаев эгер кырдаал өзгөрбөсө, ЕАЭБнын чукул жыйынын чакырууну талап кыларын айткан.

Мурдагы вице-премьер-министр Олег Панкратовдун пикиринде, кыргыз-казак чек арасындагы акыркы кырдаал Евразия экономикалык биримдигинин бышыктыгын сынайт:

- Евразия экономикалык биримдиги башка эл аралык уюмдар сыяктуу эле бардык мүчөлөрдүн келишимди аткаруусуна таянган бирикме. Милдеттенмелерди аткарбай койгон учурда бири-бирине таасир этүүчү механизмдер негизги келишим базасына киргизилген эмес. Албетте бул уюм алдында атайын сот бар. Ал кайсы бир өлкө же субъектке карата бирикмедеги мыйзам бузууларды карашы мүмкүн. Бирок бул учурда кырдаалды жөнгө салуу үчүн сотто эмес, өлкө жетекчилеринин арасындагы консенсус менен чечүү туура деп ойлойм. Учурда биз ЕАЭБде төрагалык кылуучу өлкө катары Жогорку экономикалык кеңештин жыйынын чакырып, күн тартибине бул маселени киргизсек болот. Эгерде биримдикке кирген бир тарап же бир нече тарап келишимдин шарттарын аткарбаса, мындай уюмдан чыгуу боюнча маселе көтөрүлүшү мүмкүн.

Бирок эл аралык уюмдардын кийлигишүүсүнөн майнап чыгарынан күмөн санап, Казакстандын жетекчилиги менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакыргандар чыгууда. Маселен, экономикалык эксперт Руслан Акматбек ар кыл уюмдарды ортого салбай түз сүйлөшүү натыйжалуу болмок деген ойдо:

- ЕАЭБге чыгарып талкуулашыбыз мүмкүн. Соода уюму аркылуу да кайрылышыбыз мүмкүн. Бирок булар өз коопсуздугубузду ойлодук, Кыргызстан мындай милдеттенмелерди аткарбай жатат деп ынанымдуу жооп табышы мүмкүн. Ошондуктан биз эки тараптуу дипломатиянын негизинде чечсек туура болмок деген ойдомун.

Ал эми эки өлкө чек арасындагы 10-октябрда күчөтүлгөн көзөмөл дале алына элек. Эки өлкө ортосундагы "Ак-тилек, "Ак-жол" жана "Чоң-Капка" бекеттеринде унаалардын жана адамдардын эки тарапка өтүшү кыйындап, тоскоолдуктар жаралууда. Чек ара кызматы бүгүнкү күндө “Ак-жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде 150дөй киши, “Ак-тилек” бекетинде 130дай оор жүк ташуучу, 20дай жеңил машина кезек күтүп турганын кабарлады.

Бир катар ишкерлер казак тараптын көзөмөлдү күчөтүшүнөн улам айыл чарба азыктарын өткөрө албай, чыгымга учурап жатканын айтып, даттанууда.

Казак бийлиги көзөмөлдүн күчөтүлүшүн Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу деп түшүндүргөн. Бирок эксперттер мындай кырдаалдын жаралышын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин шайлоого кийлигишип жатат деп сындаганы менен байланыштырышкан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG