Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:35

Казакстан тараптан кыргыз-казак чек ара бекеттеринде күчөтүлгөн тартиптин киргизилишинен улам автоунаалардын узун кезекте турушу Кыргызстанга экономикалык чоң зыяндарды келтирип жатканы айтылууда.

Чек арадагы чектөөлөргө саясий кайым айтышуулар себеп болдубу? Анын экономикалык кесепеттери кандай болушу мүмкүн? Евразия экономикалык биримдигинин талаптары эмне үчүн аткарылбай жатат?

“Арай көз чарай” талкуусуна тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков жана экономика боюнча серепчи Искендер Шаршеев катышты.

“Азаттык”: Талант мырза, кыргыз-казак чек арасындагы күчөтүлгөн эрежелердин киргизилиши менен адамдардын жана автоунаалардын ары-бери өтө албай жатышына президент Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү канчалык таасир тийгизди деп ойлойсуз, канчалык байланышы бар, казак тарап болсо мындай чаралардын киргизилиши кадимки “пландуу операция” деп эле жооп берди?

Талант Кушчубеков: Өкүнүчтүү нерсе болду. Биздин президенттин ачууланып сүйлөп койгону чек арадагы абалга түздөн-түз таасир берди. Дипломат катары айтсам мындай ачуу, оор сөздөр айтылбашы керек эле.

Президенттин сөзүнүн оор болгонун мен эки жерден байкадым. Биринчиси - анын интонациясы, ачууга алдырып койгону ачык эле билинип турат. Эмне үчүн деген суроону өзү коюп алып, кайра өзү жооп бергени катуу болуп калды. Дипломатияда мындай нерселер айтылбашы керек. Эмне үчүн деген суроого жоопту казактын эли жана казактын бийлиги гана айта алат. Себеби президентин эл өзү шайлаган, “бизге кызмат кылып бер” деп эл жалдаган. Моралдык жактан болобу, эл аралык мамилелерде болобу мындай окуя жок.

Кошуна мамлекетти “коррупцияга малынган” ж.б. сындаган да туура эмес. Биз алардагы маселелерди билип турсак да, көрүп турсак да дипломатияда минтип айтылбайт. Ошол сөздөрүн башкача түрдө деле айтып жеткирсе болмок. Өкүнсөң да, кубансаң да жумшак сөздөр менен айтып жеткирүү керек. Негизи тышкы саясатта сабырдуулук өтө маанилүү нерсе.

“Азаттык”: Искендер мырза, кыргыз-казак чек арасынын эки жагында тең көптөгөн автоунаалар өтө албай турушат, нааразылык күч. Кыргызстан бул көрүнүштөн кандай зыян тартып жатат, аны өлчөөгө же саноого болобу?

12-октябрь, 2017-жыл
12-октябрь, 2017-жыл

Искендер Шаршеев: Кыргызстан кандай зыян тартып жатканын так айтууга болот, бирок ага бир аз убакыт керек. Азыр божомолдоп айтсак, бир жарым километр жерге 125 “фура машина” батат. Бир “фурадагы” товардын баасы болжол менен 2 миллион сом деп эсептесек, 125 фурадагы товардын баасы 250 миллион сомду түзөт, б.а. 3,5 миллион доллар десек болот. Бул бир эле жердеги товарлардын баасы.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда алты чек ара өткөрмө бекети бар, эми өзүңөр эсептеп көргүлө. Кыргызстандан чыгып жаткан товарлардын чоң бөлүгү – бул бат бузулуп кетүүчү жашылча-жемиштер же сүт-эт азыктары. Булар чирип же бузулуп кетерин эске алсак анда ишкерлер олчойгон кайтарымсыз чыгымдарды тартышы мүмкүн.

“Азаттык”: Талант мырза, Казакстан бийлигинин "кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү" деп айтканын расмий Бишкекке кысым көрсөтүү аракети деп бааласа болобу?

Талант Кушчубеков: Мен Астананын Бишкекке кысымы катары деп ойлобойт элем, жообу деп бааласак болот. Бул маселе президенттик шайлоо бүткөнгө чейин чечилбейт, жыйынтыгы чыккандан кийин өз ордуна келет. Көңүл бура турган нерсе, азыр бири-бирине доомат койбой, кырдаалды курчутпашы керек, таарынычыбызды катуу сөздөр менен айтпай сабырдуулукту кармаш керек. Жеке таарынычтарды экинчи планга коюш керек.

Азыр шайлоонун жыйынтыгы менен талапкерлердин кимиси президент болбосун бул окуя баарына чоң сабак болушу керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG