Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Косанов: Саясат түбөлүк мамилени бузбашы керек


Амиржан Косанов
Амиржан Косанов

Казакстандык саясат таануучу Амиржан Косанов кыргыз-казак чек арасындагы бүгүнкү кырдаал, эки өлкөнүн дипломатиялык алакасы тууралуу "Азаттыкка" маек берди.

"Азаттык": Амиржан агай, кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү Кыргызстандагы шайлоо алдында болуп жатат. Буга чейин да эки өлкөнүн бийликтери кайым айтышты эле. Бул окуяга сиз кандай баа бересиз?

Амиржан Косанов: Биринчиден, бул инцидент тууралуу эки жактан тең расмий билдирүү керек. Кыргызстан "чек арадан өтүү тартиби өзгөртүлгөн жок, баары өз калыбында" деп маалымат берди. Бирок казак тарап үндөй элек. Менин оюмча, Казакстандын да расмий пикирин тыңдоо керек. Себеби бир нече күн мурда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлиги, анын коррупцияга катышы тууралуу өтө катуу айтты. Бул Казакстанда дипломатиялык аша чабуу катары бааланды. Премьер-министр, тышкы иштер министри жооп кайтарды. Минтип саясатчылардын бири-бири менен кайым айтышканы жакшы эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев жана казак президенти Нурсултан Назарбаев. 2014-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев жана казак президенти Нурсултан Назарбаев. 2014-жыл

Биз дайыма эки нерсени бөлүп карашыбыз керек. Биринчиден, кыргыз-казактын туугандыгы, достугу түбөлүк калууга тийиш. Ал кайсы бир чек ара башчысы, кайсы бир президент же министрдин тушунда өзгөрбөшү керек. Эки элде болуп жаткан шайлоо, саясий тенденциялар, президенттердин келип-кетүүсү да түбөлүк мамилеге таасир этпеши абзел.

Ошондуктан муну эки жак тең ачык айтып, аны эл да түшүнсө жакшы болмок. Казакта “эки төө силкинсе, ортодо чымын кырылат” деген жакшы сөз бар. Ошон үчүн колунда бийлиги бар азаматтын сөзү менен калктын пикирин бирге коюуга болбойт. Эртең Атамбаев менен Назарбаевдин ордуна башка президент келет. Бирок эл калат. Кечээгиге окшоп 400дөй адамдын чек арадан өтө албай калганы жакшы эмес. Ошондуктан Казакстандын расмий органдары айың сөзгө бөгөт коюп, тезинен жооп берүүгө тийиш. Эгер кандайдыр бир инцидент орун алып, анын айынан ушундай кырдаал түзүлсө тийиштүү адамдар жооп бериши керек.

"Азаттык": Саясатчылардын пикир келишпестигинен, чек арадагы чектөөлөрдөн улам эл жабыркап келет. Буларды эмнеге бийликтер эске албайт деп ойлойсуз?

Амиржан Косанов: Кыргызстанда бийликке таасир эткен механизмдер бар. Буга бийлик алмашып, шайлоолор өтүп жатканы мисал. Азыр да президент ордун башка адамга бошотуп, кеткени жатат. Мындайча айтканда, бийлик аздыр-көптүр элди угат. Тилекке каршы, бизде бийликти реакция кылууга, жооп берүүгө түрткөн механизмдер жок.

"Азаттык": Бир аз күндөн кийин Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоого казакстандыктардын реакциясы, көз карашы кандай?

Демократия – бул күзгү. Жакшысы да, жаманы да кашкайып көрүнүп турат. Биздин бийлик ошол жакшы жагын жашырып, жаманын көргөзгүсү келет, кырдуусунат. Анткени идеологиянын багыты ушундай болуп турат. Бирок карапайым казак эли чындыктан алыс эмес.

Амиржан Косанов: Мен бул реакцияны калктын көз карашы анан азыркы бийликтин көз карашы деп экиге бөлөр элем. Кыргызстанда азыр төртүнчү бийлик алмашканы жатат. Бул дагы чоң жетишкендик. Албетте ага жетүү оңойго турбады, кан төгүлдү, президенттер качты.

Өткөөл мезгилде президент болгон Роза Отунбаева кызматын тынч өткөрүп берди, азыркы президент Атамбаев да сөзүнө туруп кеткени жатат. Кыргызстандын бул багыты Борбор Азияга, анын ичинен Казакстанга үлгү болчу нерсе. Албетте бул өтө татаал процесс, кыйынчылыктар сөзсүз болот. Экономика оңой менен көтөрүлбөйт, коррупция оңой менен жоюлбайт, калктын турмушу оңой менен жакшырбайт. Бирок келечегин эске алганда кыргыз калкынын тандап алган багыты дурус.

Ошондуктан биз ушул шайлоодо кыргыздар татыктуу, Баш мыйзамды өзгөртүп, узурпация кылбай турган президент тандаса экен деп тилейбиз. Бул процесске тыкыр көз салып отурабыз.

Ал эми расмий пикирге токтолсок, биздин идеология бийлик алмашууну, демократиялык көрүнүштөрдү колдобойт. Кезинде Грузияда, Украинада жана Кыргызстанда болгон бийлик алмашууга биздин аткаминерлер “Булар өз кызыкчылыгы үчүн тытышып жатышат, мамлекеттин экономикалык туруктуулугу жоголду, бизге мындайдын кереги жок” деп баа беришкен. Буларга 27 жыл ордунда отурган, биздикиндей президент керек дегендер болгон.

Ошондуктан казактын расмий бийлиги Кыргызстандын кемчилигин баса көргөзгүсү келет. Демократия – бул күзгү. Жакшысы да, жаманы да кашкайып көрүнүп турат. Биздин бийлик ошол жакшы жагын жашырып, жаманын көргөзгүсү келет, кырдуусунат. Анткени идеологиянын багыты ушундай болуп турат. Бирок карапайым казак эли чындыктан алыс эмес. Казакстанда азыр “Кош, Назарбаев” деген көз караш пайда болду. Эртеби-кечпи бийлик алмашат. Мунун биологиялык да, саясий да зарылдыктары бар. Ислам Каримовдон кийинки Өзбекстандын сабагы биз үчүн маанилүү десем болот.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG