Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөдү


Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө үч бекетте кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын кабарлашынча, Таластагы “Чоң-Капка” жана Чүйдөгү «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кечээтен бери кырдаал өзгөрө элек.

Кыргыз-казак чек арасындагы жагдай
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00

10-октябрда, саат 18:00дөн баштап казак чек арачылары транспорттун жана адамдардын өтүүсүн күчөтүлгөн тартипте текшере баштап, мунун айынан өткөрмө бекеттерде адамдар жана автомашиналар топтолуп калган.

Учурда Кыргызстандын Чек ара кызматы дагы күчөтүлгөн тартипке өткөнү маалым болду. "Мындай тартип 10-октябрда саат 20:00дөн тарта киргизилди" деп айтылат мекеме жөнөткөн билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартип “президенттик шайлоо мөөнөтүнө” киргизилгенин, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин белгилеп жатат.

Казак тараптан азырынча расмий комментарий бериле элек.

Кыргыз-казак чегиндеги тыгын. 11-октябрь, 2017
Кыргыз-казак чегиндеги тыгын. 11-октябрь, 2017

Алматыда иштеген кыргызстандык Амантур Рыскулов "Кордай" бекетинде он сааттан бери турганын “Азаттык” радиосуна телефон аркылуу кабарлады.

- Чек арада түнкү экиден бери турам. Казакстандын системасы жакшы иштебей жатат, чек арада тыгын дегенинен түнкү экиде өтүп кетели дегенбиз. Бирок дагы эле өтө албай турабыз. Аялыма эки баламды берип, жөө өткөрүп жиберейин десем ал жак дагы тыгын. Жарым саата бирден машине өтүп жатат. Айдоочулар тыгын тууралуу ар кандай айтып жатышат. Бирөөлөр шайлоого жакын текшерүү режими күчөтүлдү десе, айрымдары президент Атамбаевдин айткан сөздөрүнө байланыштуу дешти. Астанада жыйын болуп, чек арадагы текшерүүнү күчөтүү керек деген сөздөр болуптур. Чек арачылардан чыныгы себебин сурай элекпиз.

10-октябрь күнү кечке жуук “Кордайда” жүргөн журналист Марат Төлөмүш уулу өткөрмө бекетте топтолгон адамдардын саны 300-400дүн тегерегинде экенин “Азаттык” радиосуна билдирген:

- Казак тарап чек арадан өтүүнү татаалдантыптыр. Текшерүү абдан күчөтүлүптүр. Үч сааттан бери машинелер дээрлик өткөн жок. Бул жактагы адамдар үч сааттан бери ушул жерде турганын айтышты. Чек арачылар эч кандай түшүндүрмө беришкен жок, болгону өткөрүү эрежелери бир аз катаалдашканын билдиришти.

Кыргыз-казак чегиндеги тыгын
Кыргыз-казак чегиндеги тыгын

“Кордай” өткөрмө бекетинде текшерүү күчөп жатканын, 10-октябрдын түнү чек арада узун кезек пайда болгонун, эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турганын ал жактагы күбөлөр социалдык тармактарда маалымдашкан.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырган. Интернетте да ушундай кабар тараган.

Казакстандык саясат таануучу Дос Кошим "Азаттыктын" казак кызматына чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүдөн мурда Чек ара кызматы элге алдын ала маалымат бериши керек болчу дейт:

- Шайлоого чейин беш-алты күн калганда ошондой коопсуздук чаралары болушу мүмкүн. Эгер керек болсо Чек ара кызматы кырдаал Кыргызстандагы шайлоодон кийин турукташат деп эскертиши керек эле. Болбосо эл өз алдынча жоромолдоп жатат. Бул эки элдин ортосуна от жагууга окшоп кетет. Балким жагдайга Атамбаевдин тиешеси жок, ал чек ара кызматынын ички тартибине байланыштуу болуп жатышы мүмкүн. Шайлоодон кийинки кырдаал кандай болуп кетерин эч ким билбейт да, - дейт Дос Кошим.

"Кордай" чек ара бекетиндеги кырдаал. 11-октябрь, 2017-жыл

Буга чейин Казакстанда иштеген кыргыз мигранттарга да кысым болуп жатканы кабарланган. Алматы шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Алдаяр Маматов базарларда кыргыз мигранттарынын документтерин текшерүү жүрүп жатканын билдирди:

- Биз диаспоранын өкүлү катары Миграция кызматынан сурадык. Жылдык отчет, жылда ушундай текшеребиз дешти. Текшергенде документтериң туура болсо коё берип жатат. Туура эмес болсо РИИБге алып барып текшерип жатышат. Депортация жөнүндө уга элекпиз. Бирок "Кенжехан", "Арлан", "Казына" деген базарларга мурда кирип, такыр текшерген эмес. Кечээтен бери текшерип, рейд болду деп жатышат. Кызматкерлер катуу текшергени менен сылык-сыпаа эле кайрылып жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп катуу сындаган. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казактандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.

Кыргыз-казак чегиндеги "Кордай" бекети. 10-октябрь күнү кечке жуук тартылган сүрөт.
Кыргыз-казак чегиндеги "Кордай" бекети. 10-октябрь күнү кечке жуук тартылган сүрөт.

Бишкектен 25 чакырым түндүктөгү Кыргызстандын "Ак жол", Казакстандын "Кордай" өткөрмө пункту эки өлкөнү байланыштырган негизги бекет. Ал аркылуу күнүнө 25 миңдей адам жана эки миңдей автоунаа өтөт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. 

XS
SM
MD
LG