Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Кыргыз-казак алакасы сыноодо


Нурсултан Назарбаев жана Алмазбек Атамбаев, 7-ноябрь, 2014-жыл, Астана
Нурсултан Назарбаев жана Алмазбек Атамбаев, 7-ноябрь, 2014-жыл, Астана

Кыргызстан менен Казакстандын жетекчилеринин кайым айтышуусу эки тараптуу мамилеге доо кетирбейби деген маселе күн тартибине чыкты.

Расмий Астана президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлиги Кыргызстанга ким жетекчи болорун таңуулап жатат деген сын пикирине жооп кайтарып, муну жоопкерчиликсиз кадам жана чагым катары баалады.

Президент Алмазбек Атамбаев кошуна өлкөнүн жогорку жетекчилиги жана казакстандык олигархтар Кыргызстандагы президенттик шайлоого кийлигишип жатат деп сындаган.

Ошол эле кезде мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев массалык тополоң даярдоого жол бербөө үчүн өзү жеке коопсуздукту колго алуу үчүн Сочиге иш сапарынан баш тартканын жарыялады.

Казак бийлигин капа кылган билдирүү

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда казак бийлигин сындаганын айыптаган билдирүү таратты.

“Кыргызстандын президентинин айтканы жоопкерчиликсиз чагымдан жана шайлоо алдындагы максатты ишке ашыруу үчүн жалган сөздөрдөн куралды. Ал айтылгандар эки өлкөнүн кылымдардан бери келаткан достугуна доо кетире албайт” деп жазылган расмий Астананын билдирүүсүндө.

Президент Алмазбек Атамбаев ар бир эл өзүнүн башчысын тандоого татыктуу экенин жана ал сырттан таңууланбашы керектигин эскерткен болчу:

- Мен казак бийлиги эмнеге мындай жетекчилерди таңуулагысы келип жатканын түшүнөм. Алар Бакиевдерди жакшы көрүшөт. Азыркыга чейин Бакиевдер Алматыга келип, шаан-шөкөттөрүн өткөрүп жүрүшөт. Мен Казакстандын эң жогорку адамдарынан "Бакиев элди атып туура кылган" дегендерин бир канча жолу уккам. Азыр алардын аты-жөнүн атабай эле коёюн. Анткени биз казак элине жаман үлгү көрсөтүп жатабыз. Анткени Атамбаев Казакстанга таза бийлик кандай болорун көрсөтүп жатат. Өткөндө урматтуу Нурсултан Назарбаев "керек болсо Алматы шаарынын эле Ички дүң өнүмү Кыргызстандыкынан беш эсе көп" деп туура айтты. Казакстандын жалпы Ички дүң өнүмү Кыргызстандыкынан 20 эсе көп. Бирок Казакстандагы пенсиянын өлчөмү эмне себептен 20 эсе эмес, болгону бир жарым эле эсе жогору? Ал эми тарифтер болсо беш эсе жогору. Анткени Казакстандын байлыгын уурдап жатышат. Бизде Казакстан менен чектешкен Талас облусунда жашаган калк ал жакка караганда бир топ жакшы жашайт. Эгерде биз жан башына он эсе көп киреше тапканыбызда, биздеги пенсия да он эсе жогору болмок. Себеби бизде Утемуратовго окшогон олигархтар байымак эмес. Азыр ага биздеги Бабанов жана Сариев сыяктуу саясатчылар чөгөлөп барып жатышат.

"Ачууга алдырган адилет жооп"

Президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сөзү коомчулукта карама-каршылыктуу кабыл алынууда. Айрымдары казак президентинин салыштыруусуна анын айтканын адилеттүү жооп катары карашса, кээ бирлери муну президент Атамбаевдин ачууга алдырып, коңшу мамлекеттин жетекчисине асылганы катары кабыл алышты.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Саясатчы Равшан Жээнбеков расмий Астанага Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү дайыма мүнөздүү болуп келгенин айтып, соңку жагдай эки тараптуу мамилеге терс таасирин тийгизе турганын белгиледи:

- Биздин коңшулар дайыма ошентип биздин ички ишибизге кийлигишип, шайлоо маалында туура эмес нерселерге жол берип келет. Кыргызстандын президенти эмоционалдуу адам. Анын нааразычылыгы туура. Бирок президент Атамбаев бир аз чектен чыгып сүйлөп алды. Муну дипломатиянын тили менен жеткирсе деле болмок. Бул көрүнүш сөзсүз түрдө кыргыз-казак мамилесине таасирин тийгизет. Расмий Астана кандайдыр бир экономикалык тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Назарбаевдин Алматы шаарын мисал келтирип салыштыруусунун ичинде кыргыз мамлекетин жана саясий жетекчиликти кемсинтүү жатат. Бул ойдун ичинде "силер ким болуп калыпсыңар, керек болсо Алматы шаарына дагы тең келбеген мамлекетсиңер" деген басынтуу жатат. Бирок Алматынын бюджетин Кыргызстандын бюджети менен салыштырып болбойт. Анткени ал газ, мунай, металл сыяктуу баалуу жаратылыш ресурстарынын эсебинен толот. Бул алардын бийлигинин ийгилиги эмес. Эгерде Алматы шаарын эч кандай жаратылыш байлыгы жок, бирок натыйжалуу өнүгүп жаткан Таллин жана Вильнюс сыяктуу шаарлар менен салыштырса бир жөн. Андай салыштыруу болгон казак бийлиги канчалык натыйжалуу иш алып бара алары көрүнүп, байкалып калмак.

Дипломатиялык эрежелер бузулганда

Анткен менен президент Алмазбек Атамбаевдин соңку билдирүүсүн дипломатиялык эрежелерди бузуу жана мамлекет башчысына туура келбеген көрүнүш катары кабыл алгандар да бар.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов дипломатияда мамлекет башчыларынын ортосунда мындай өз ара кайым айтышуусуна жол берилбеши керек болчу деген ойдо:

- Атамбаевдин бул жолку сөзү өтө эле орунсуз жана эмоционалдуу болуп калды. Мындай сөз айтылбашы керек эле. Мунун баары Бабановду Назарбаев кабыл алгандан башталып кетпедиби. Бирок ошого карабастан президент Атамбаев өзүнүн жана мамлекеттин аброюн ойлоп, мынчалык катуу реакция бербей эле койсо болмок. Анткени буга окшогон эмоциянын арты менен ачууга алдыруу жалаң эле кыргыз-казак мамилесине доо кетирбестен, башка өлкөлөр менен болгон тышкы байланыштарга дагы терс таасирин тийгизет. Башка мамлекеттердин жетекчилери дагы Кыргызстан менен мамиле түзсө болобу же жокпу деген негизде шектенип карап калат. Мына ушул жагынан алганда эл аралык байланыштарга буга окшогон нерселер бир топ эле доо кетирип коюшу мүмкүн.

Президент Атамбаев казак бийлигин сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00

Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановду кабыл алып, Кыргызстандын мамлекет башчылыгына жаш адам келиши керектигин билдирген болчу. Муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары караган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Астанага нааразылык нотасын жөнөткөн эле.

Президент Алмазбек Атамбаев дагы Кыргызстан өз жолун тандаганын айтып, жаш кадрлардын алмашуусу Казакстандын өзүнө зарыл экенин ишарат кылган.

Бул арада Казакстандын өкмөт башчысы кыргыз президентинин айтканына каршы жүйөлөрдү келтирген билдирүү жасады. Анда ал соңку жылдары Кыргызстанга көрсөтүлгөн Казакстандын каржылык жана материалдык жардамдарын тизмектеп берди. Бирок Казакстандын интернет тармагында президент Алмазбек Атамбаевдин айтканын ачуу чындык катары колдоп, анын казак бийлиги жана андагы коррупциянын деңгээли тууралуу билдирүүсүн талкууга алгандар көп болууда.

Ал арада президент Алмазбек Атамбаев 9-октябрь күнү Сочиде Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин жана Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуудан баш тартты. Муну президенттин аппараты айрым саясий күчтөрдүн криминалды тартуу менен чет элдик демөөрчүлөрдүн эсебинен шайлоодо башаламандык уюштурууну даярдаган фактылардын ачыкка чыга баштаганы менен байланыштырган.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев шайлоонун коопсуздугун камсыздоо чараларына өзү көзөмөл жүргүзө турганын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG