Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Президенттин шайлоо алдындагы эскертүүсү


Президент Алмазбек Атамбаев cыйлык тапшыруу аземинде, 6.10.2017
Президент Алмазбек Атамбаев cыйлык тапшыруу аземинде, 6.10.2017

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн ишембиде мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты учурундагы эмоционалдуу билдирүүлөрү талкуу жаратты. Алдыдагы шайлоого, саясатчыларга багытталган сөзүндө президент бир катар саясатчылар тышкы күчтөрдүн жетегинде калды деп, президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин ниети бузук саясатчыларды жазаларын билдирген. "Акыйкат шайлоо" кыймылы президенттин сөзүн айрым талапкерлерге карата опуза катары баалап, өлкө башчысына эскертүү берүү сунушу менен БШК жана Башкы прокуратурага кайрылды.

Талкуу жараткан билдирүүнү президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрдагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде жасады. Анда президент алдыдагы шайлоонун айланасындагы абалга токтолуп, айрым талапкерлер Казакстандын жетекчилерине каттап, күркүлдөрүнөн жардам алууга аракет кылып жатат деп сындаган эле.

Алмазбек Атамбаев дал ушул саясатчылар өлкөдөгү акыркы алты жылдагы жетишкендиктерди көрмөксөнгө салып жатканына ачууланып, алардын кылыгына көз жуумп келсе, мындан соң катуу жазаларын эскерткен:

- Мен бул күнгө чейин аларга жумшак мамиле кылып келгениме өкүнөм. Мен абдан ишенчээк адаммын. Мындайларды ысык темир менен куйкалаш керек. Уурулардын орду түрмөдө. Силер алар тараткан акчаны алсаңар, ал акча кыргыз жана казак элинин ырыскысынан уурдалган.

Президент Атамбаевдин бул сөздөрү негизинен өлкө башчылыкка талапкер Өмүрбек Бабановдун дарегине багытталганын дароо эле байкоочулар айтып, жазып чыгышты.

Президент өз сөзүндө Социал-демократиялык партиядан шайлоого аттанган Сооронбай Жээнбековду "биздин талапкер" деп атап, анын бир катар сөздөрү туура экенин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев президенттик ыйгарым укуктары 1-декабрга чейин уланарын эскертип, "бул убакыт ичинде өлкөнү ниети бузук саясатчылардан тазаларын" билдирди:

- Булар өзүнүн капчыктарына качат. Эгерде камаганга үлгүрбөсөк Бакиевдерди, Акаевдерди туурап, булар да качат, көрөсүңөр. Мен бул жакта болом. Ар бир ишиме, сөзүмө жооп берем. Буга чейин чыдасам, мындан ары мындай итчиликке чыдай албайм. Буюрса, 1-декабрга чейин тазалап берем. Мындан соң аябайм, ачык айтайын.

Өлкө башчысы буга чейин айтып келгендей Бакиевдерди жактаган топтордун өкүлдөрүн "өзү менен кошо ала кетерин", алар саясатка кайтпасын, бирок өзү кайтып келерин белгиледи.

Президент Атамбаев казак бийлигин сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00

Президент мындай билдирүү өтө эмоционалдуу болгонун моюнуна алып, ачуу сөздөргө вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун каза болгону тууралуу суук кабар да түрткү болгонун кошумчалады.

Дал ушул күнү Атамбаевдин жакын шакирттеринин бири, шайлоону уюштуруу боюнча штабдын башчысы Темир Жумакадыров Таласка иш сапар менен баратканда жол кырсыгына кабылып, каза болгон.

Эскертүү берүү талабы

Алмазбек Атамбаевдин бул билдирүүлөрү коомчулукта, саясий чөйрөдө кеңири талкууларды жаратты.

Мурдагы президент Роза Отунбаева баш болгон бир катар коомдук ишмерлер түзгөн "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы Атамбаевдин сөздөрү боюнча билдирүү жасады. Анда Башкы прокуратура жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, президентке эскертүү берүүнү сунуш кылды.

Феликс Кулов
Феликс Кулов

Саясий кыймылдын мүчөсү, мурдагы премьер-министр Феликс Куловдун "Азаттыкка" билдиришинче, президенттин мындай билдирүүсүн опуза катары кабыл алуу керек:

- Биз БШК жана Башкы прокуратурага кайрылып, президент шайлоо мыйзамын бузганы үчүн расмий эскертүү берүүнү сунуштадык. Ал талапкерлердин бирине үгүттөп, экинчисине болсо ачыктан-ачык каршы чыкты. Бул мыйзамсыз аракет. Экинчи жагынан саясатчылардын бирин камайм деп ачык айтып, коомчулукту ага добуш бербеш керек экенин ишара кылып жатат. Тилекке каршы, ал вице-премьер Жумакадыровдун өлүмүн укканда эмоциясын кармана албай кетти көрүнөт. Бирок ал өлкө президенти катары мындай нерселерге алдырбашы керек эле.

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын кайрылуусуна азырынча Башкы прокуратура жана БШК жооп бере элек. Буга чейин жарандык коом жана оппозиция өкүлдөрү президент үгүт өнөктүгүнө аралашып жатат деп айтып келишкен.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, өлкө башчысынын акыркы билдирүүсү өлкөдөгү саясатчылар менен катар бизнес коомчулукка да багытталды:

- Президенттик шайлоого бир жума калды. Атамбаевдин соңку сүйлөгөнү Жээнбековду колдош керек деген билдирүү болуп жатат. Ушундай сөздөрдөн соң бизнес топтор, кландык-элита топтор оппозицияга кирүүдөн, колдоодон чочулап калат. Мындай катуу сөз сүйлөп жаткан соң кандай болот деп абайлап калышат. Ал эми бийликтин талапкери Жээнбековдун абалы ойдогудай болбогонуна да президент кабатырланып жаткандай.

Анткен менен Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков президент эч кандай чекилик кетирди деп эсептебейт. Депутаттын пикиринде, Алмазбек Атамбаев өлкө алдындагы коркунучтарды алдын алуу максатында мындай билдирүү менен чыгууну туура көрдү:

- Менин пикиримде, ажобуз Алмазбек Шаршенович аша чапкандыкка же ала бармандыкка салып айткан жок. Ал өлкөнүн келечеги үчүн ачуу чындыкты айтты. Чындыкты айтууга аргасыз болду. Өзү деле алты жылдан бери чыдап келгенин айтпадыбы. Ачуу чындыкты айтпаса, эртеңки шайлоонун аягында кандайдыр бир башаламандыктарга багыт алган коркунучтар бар болсо керек. Бардык маалыматтар президентибиз аркылуу өтөт. "Жаман айтпай жакшы жок" дегендей ал өлкөнүн келечеги үчүн айтууга мажбур болду, башкалар мажбур кылышты.

Кыргызстанда президенттик шайлоого бир аптага жетпеген убакыт калды. Ага катышууга 13 талапкер катталып, экөө башка талапкерлердин пайдасы үчүн жарышка түшүүдөн баш тартышкан. Шайлоо жакындаган сайын талапкерлер ортосундагы компроматтардын, кайым айтышуулардын күрөшү күч алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG