Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:53

Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы ассамблеясынын жалпы саясий дебаттарында 20-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да сөз алды. Ал БУУ трибунасынан президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө “саясий эрк бар” деп ырастап, кыргызстандыктарга кайрылуу да жасады. Аймактык проблемалардан суу маселесин козгоду.

Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясына кызмат мөөнөтү аяктап калган Алмазбек Атамбаев акыркы алты жыл ичинде алгачкы ирет катышты.

19 мүнөттүк сөзүндө Атамбаев Кыргызстандын акыркы 12 жылдагы эки ыңкылабына, ички саясаттагы айрым маселелерге токтолуп, алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүүгө саясий эрк бар деп ырастады:

- Биз үчүн жаңы президентти шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүү – Кыргызстандагы мындан аркы стабилдүүлүктүн кепили жана бул үчүн бизде бекем саясий эрк бар.

“Алданбагыла, айланайындар”

Атамбаев шайлоо маселесине БУУдагы сөзүнүн бир мүнөттөн ашуунга созулган соңку кыргызча бөлүгүндө да кайрылып, кыргызстандыктарды шайлоодо “алданып калбоого” чакырды:

- Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун! Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун, алданбагыла акчага, айланайындар, алданбагыла бал сөзгө, алданбагыла алдамчы көзгө!

Президенттин шайлоо боюнча БУУдан айткан бул сөздөрү Кыргызстандын өзүндө өкмөттүн вице-премьери, шайлоону уюштуруу боюнча штабдын башчысы Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрь күнү Баткенде мамлекеттик кызматкерлер менен жыйында аларды бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоого ачык үгүттөгөн учурга туш келди.

БУУ трибунасынан шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга 2011-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаева да кайрылган болчу.

БУУнун Башкы ассамблеясына барган кыргыз делегациясы. 19-сентябрь, 2017-жыл.
БУУнун Башкы ассамблеясына барган кыргыз делегациясы. 19-сентябрь, 2017-жыл.

Мөңгүлөрдүн эриши

Алмазбек Атамбаевдин Башкы ассамблеядагы сөзүндө Борбор Азия үчүн орток көйгөй - суу ресурстарынын азыркы жана болочоктогу ыктымал тартыштыгы да көтөрүлдү.

- Бизди Борбор Азиядагы гана эмес, дүйнөдөгү таза суу калыптанган зонанын табигый сактоочусу болгон мөңгүлөрдүн тез эрип жатышы өзгөчө тынчсыздандырат. Божомолдор боюнча 2025-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 30-40% чейин кыскарышы мүмкүн. Муну менен кошо Борбор Азия дарыяларындагы суу да азаят. 2100-жылга карата Кыргызстандын мөңгүлөрү жер үстүнөн такыр эле жоголуп кетиши мүмкүн. Андыктан биздин өлкө суу башындагылардын мөңгүлөрүн, тоолуу экосистемаларын коргоо боюнча биргелешкен долбоорлордун аткарылышын жактайт.

Атамбаевдин алдында мөңгүлөрдүн тез эрип жатканы тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон да айткан эле. Ал Борбор Азиянын суу ресуртарынын 60% ашууну калыптанган Тажикстандын аймагындагы 13 миңдей мөңгүнүн бир миңден ашууну эрип, жок болуп калганын мисалга тарткан.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбор Азиянын коопсуздугу жана туруктуулугу аймактын суу ресурстарына да көз каранды экенин, бул маселеде “баарынын кызыкчылыгын бирдей эске алуудан” башка альтернатива жоктугун, Ташкент Амударыя жана Сырдарыянын суу ресурстары боюнча БУУ даярдаган резолюция долбоорун колдой турганын белгилеген.

Атамбаев сөзүндө суу бөлүштүрүүнү аймактын өлкөлөрү өздөрү гана чечиши керек деген турумду билдирди:

- Кыргызстан аймакта суу колдонуунун экономикалык механизмдерин киргизүүнү ырааттуу жактап келатат. Суу ресурстарынын чектелүүлүгү эртеби-кечпи суу акыл-эс менен пайдаланууну экономикалык ресурс экенин түшүнүүгө алып барат. Баса белгилеп кетким келет. Борбор Азияда суу пайдалануунун маселелери аймактын өзүнүн гана мамлекеттери тарабынан гана бардык мамлекеттердин муктаждыгын эске алуу менен ачык диалог аркылуу чечиле алат жана чечилиши керек. Эл аралык жана аймактык уюмдар Борбор Азия өлкөлөрүнө өзүнүн багыттарын, бул чөйрөдөгү кызматташтык жолдорун таңуулаганы кабыл алынгыс.

Уран калдыктары, Мьянма, БУУ реформасы

Атамбаев Башкы ассамблеядагы сөзүндө Кыргызстандын аймагында, дарыялардын жанында совет доорунан калган, уулуу уран калдыктары көмүлгөн жайлар бардыгын да эске салды:

- 2012-жылы Кыргызстан Борбор Азиянын уран мурастары боюнча БУУнун атайын резолюциясын демилгелеп, бул Башкы ассамблеяда 2013-жылы кабыл алынган. Беш жылда биз радиациялык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жагынан олуттуу жылыш жасай алдык. Бүгүн биз жетишилген жыйынтыктарды эске алуу менен жаңы резолюция кабыл алуу зарылдыгын көрүп турабыз.

Эл аралык маселелерден Атамбаев Кыргызстан Мьянма өлкөсүндө рохинжа мусулмандары кабылган кыянатчылыктарды "чечкиндүү" айыптарын, дүйнө өлкөлөрүн массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо боюнча резолюцияларды сактоого чакырарын, БУУну он беш өлкө гана мүчө Коопсуздук кеңеши реформаланышын жактарын белгиледи.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 11-сентябрь, 2017-жыл.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 11-сентябрь, 2017-жыл.

2011-жылы Кыргызстанда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес жана алмашып туруучу он мүчөсүнүн бири болууга аракеттенип, бирок шайлоодо Пакистанга уттуруп койгон.

Азыркы Башкы ассамблеянын ачылышын утурлай АКШ Улуттар уюмун реформалоо боюнча декларация долбоорун сунуштап, ага 193 мүчө өлкөнүн 128и кол койгону кабарланган. Бирок Орусия жана Кытай четке каккан ал документке Кыргызстан кошулган-кошулбаганы азырынча анык эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG