Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:55

Улуттар уюмунун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы ассамблеясында бүгүн жалпы саясий талкуулардын экинчи күнү. БУУнун башкы трибунасына бүгүн Борбор Азиядан кызмат мөөнөтү аяктоо алдында турган президент Алмазбек Атамбаев алгачкы ирет чыгат. Кечээ Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери сөз сүйлөгөн.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы ассамблеясында мамлекет башчы катары биринчи жолу сөз сүйлөдү. Ал сөзүнүн тышкы саясат маселелерине арналган бөлүгүндө Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн эриш-аркак иштешине, достугу менен жакшы кошуналык мамилелерге токтолду.

Мирзиёев Ташкент менен Бишкек жакында түзө алган алгачкы чек ара келишимин жаңы саясаттын чоң жетишкендиги катары баалады:

- Өзүнүн тышкы саясатындагы башкы артыкчылык катары Өзбекстан бүгүн Борбор Азия чөлкөмүн аныктады. Бул - билип туруп жасалган тандоо. Биз Борбор Азия өлкөлөрү менен бардык маселелер боюнча акылга сыярлык мунаса табууга макулбуз. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында акыркы айларда аймакта саясий ишенимдин деңгээли кыйла жогорулады. Сентябрдын башында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюлушу бурулуш окуя болду. Өтө сезимтал маселедеги секирик акыркы 26 жылда биринчи ирет тараптар саясий эркин, эки тарап үчүн тең ыңгайлуу чечимдерге даярдыгын көрсөткөндүктөн жетишилди. Бир сөз менен айтканда кыска мөөнөт ичинде эле аймакта толугу менен жаңы саясий атмосфера жаратууга мүмкүн болду.

Өзбек президенти Борбор Азиянын фундаменталдык көйгөйлөрү быйыл ноябрда Самарканд шаарында, БУУнун эгидасы астында жогорку деңгээлдеги конференцияда талкуулана турганын да кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге кол коюу учуру. Бишкек, 5-сентябрь, 2017-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге кол коюу учуру. Бишкек, 5-сентябрь, 2017-жыл.

Шавкат Мирзиёев Улуттар уюмундагы сөзүндө белгилегендей, Борбор Азиянын коопсуздугу суу маселесине да тикелей көз каранды:

- Борбор Азиядагы туруктуулукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо проблемалары тууралуу айтканда, аймактын жалпы суу ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча маанилүү маселени буйтап өтүүгө болбойт. Суу проблемасын чечүүдө чөлкөмдөгү өлкөлөр менен элдердин кызыкчылыгын бирдей эске алуудан башка альтернатива жоктугуна мен ишенем. Өзбекстан Амударыя жана Сырдарыя бассейнинин суу ресурстарын пайдалануу боюнча БУУнун алдын алуу дипломатия борбору тарабынан даярдалган конвенция долбоорлорун колдойт.

Рахмон: Мөңгүлөр тез эрүүдө

Суу көйгөйүнө БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл да кайрадан токтолду.

Тажикстандын аймагында “Борбор Азиянын суу ресурстарынын 60% калыптанарын айткан Рахмон анын өлкөсү азыр климаттагы глобалдык өзгөрүүлөрдүн кесепетин көрүп жатканына токтолду:

- Климаттагы өзгөрүүлөр мөңгүлөрдүн ыкчам эришине себеп болуп, дарыялардагы суу деңгээлине таасирин тийгизүүдө. Бул өз кезегинде улуттук экономиканын чечүүчү чөйрөлөрүнө: гидроэнергетикага, айыл чарбасына, өнөр жайга да терс кесепетин тийгизип жатат. Акыркы отуз жылда Тажикстанда 13 миңдей мөңгүнүн бир миңден ашыгы толугу менен эрип кетти. Учурда Тажикстанда Борбор Азиянын суу ресурстарынын 60% калыптанат. Мөңгүлөрдүн тез эрүү жараянынын ыктымал уланышы - аймактын суу ресурстарынын калыптанышына да терс таасирин тийгизиши мүмкүн дегенди билдирет. Андыктан сөздөн ишке өтүп Париж келишиминин максаттары аткарылуусу үчүн өз салымды кошо турган убакыт келди.

Тажик президенти айткан Париж келишимине БУУга мүчө 190дон ашуун 2015-жылдын декабрында кол коюп, былтыр жаздан тарта күчүнө кирген эле. Ага ылайык ар бир мамлекет глобалдык жылуулуктун өсүшүн токтотуу чараларына улуттук салымдарын кошушу керек.

БУУнун Башкы ассамблеясында быйыл “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” деген аталышта атайын жыйын да уюштурулду.

Дүйнөнүн ресурстары институту деген иликтөө уюму 2040-жылга барып, алар атагандай “суу стрессине” кабылуучу 33 мамлекеттин катарына Борбор Азиянын Тажикстандан башка төрт өлкөсүн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанды жана коңшу Ооганстанды да киргизген.

Жергиликтүү адистер суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ресурстары сарамжал башкарылбай, маал-маалы менен сугат сууну сатуу демилгеси көтөрүлгөнү менен аймактык деңгээлде аны чогуу пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн узак мөөнөткө эсептелген эффективдүү системасы азырынча жоктугун айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG