Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Атамбаев БУУдагы сөзүн кыргызча кайрылуу менен аяктады


Алмазбек Атамбаев БУУда сүйлөөдө. 20--сентябрь, 2017-жыл.
Алмазбек Атамбаев БУУда сүйлөөдө. 20--сентябрь, 2017-жыл.

Алмазбек Атамбаев Улуттар уюмунун башкы ассамблеясындагы бүгүнкү сөзүндө алдыдагы президенттик шайлоого да токтолду. Шайлоону таза өткөрүүгө саясий эрк бар деп ырастады:

- Биз үчүн жаңы президентти шайлоону адилет жана ачык-айкын өткөрүү – Кыргызстандагы мындан аркы стабилдүүлүктүн кепили жана бул үчүн бизде бекем саясий эрк бар.

Алмазбек Атамбаев шайлоо маселесине БУУдагы сөзүнүн соңку, кыргызча бөлүгүндө да кайрылып, кыргызстандыктарды “алданып калбоого” чакырды.

- Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейлик! Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун, алданбагыла акчага айланайындар, алданбагыла бал сөзгө, алданбагыла алдамчы көзгө!,- деди Атамбаев.

Бул кызмат мөөнөтү аяктап жаткан Алмазбек Атамбаевдин БУУнун Башкы ассамблеясында мамлекет башчы катары алгачкы ирет сүйлөшү болду.

2011-жылы ошол кездеги утурумдук президент Роза Отунбаева да БУУнун трибунасынан президенттик шайлоого байланыштуу кыргызча кайрылуу жасаган. (UE)

XS
SM
MD
LG