Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

БУУ: жылдык жыйындагы реформа чакырыгы


Баш катчы Антонио Гутерреш жана президент Дональд Трамп БУУ реформасы боюнча жыйында. Нью-Йорк, 18-сентябрь, 2017-жыл
Баш катчы Антонио Гутерреш жана президент Дональд Трамп БУУ реформасы боюнча жыйында. Нью-Йорк, 18-сентябрь, 2017-жыл

Улуттар уюмунун башкы ассамблеясында бүгүн жалпы саясий дебаттар башталганы турат. Анын алкагында БУУда бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп алгачкы ирет сөз алмакчы. Кошмо Штаттардын Нью-Йоркто Башкы ассамблеяны утурлай өткөргөн атайын жыйынында негизги көңүл уюмду реформалоо маселесине бурулду.

Кошмо Штаттар БУУнун бюджетине эң көп салым кошкон өлкө. Андыктан АКШнын азыркы президенти Улуттар уюмунун ишинде реформаларды талап кылганда мына ушул факторго басым жасап келүүдө.

Быйыл апрель айында эле Трамп АКШ БУУнун 193 өлкөсүнүн бири, бирок уюмдун жалпы бюджетинин 22%, ал эми тынчтыкты сактоо операцияларынын дээрлик 30% төлөп жатканы “адилетсиз” деп айткан болчу.

Ал эми ушул дүйшөмбү күнү (18-сентябрь) Улуттар уюмунун кеңсесинде АКШ өзү уюштурган атайын жыйында президент Дональд Трамп буларга токтолду:

- Акыркы жылдары Улуттар уюму бюрократиядан жана чарбасыздыктан улам өзүнүн потенциалына толук жеткен жок. 2000-жылдан бери БУУнун бюджети 140%, ал эми штаты эки эседен ашык көбөйгөнүнө карабай, биз бул инвестицияга шайкеш келген жыйынтыкты көрө албадык. Бирок, мен башкатчы Антонио Гутеррештин жетекчилиги астында БУУ биз буга чейин такыр күбө болбогондой, ыкчам өзгөрүп жатканын билемин. Андыктан, биз башкатчыны жана анын бюрократияга эмес, адамдарга көбүрөөк көңүл буруу чакырыгын кубаттайбыз. Улуттур уюмунун биз сөз кылып жаткан реформасына берилгенибизди ырастап, башкатчынын бүткүл системага көз чаптырып, БУУ өнүгүүдө, башкарууда, тынчтыкта жана коопсуздукта мыктыраак боло турган жолду табуу аракетин колдойбуз.

Дональд Трамп БУУ өз ишинде “жараянга эмес, жыйынтыкка” көңүл бурушу керектигин кошумчалады.

БУУ реформасы боюнча жыйындын катышуучулары. Нью-Йорк, 18-сентябрь, 2017-жыл.
БУУ реформасы боюнча жыйындын катышуучулары. Нью-Йорк, 18-сентябрь, 2017-жыл.

БУУнун АКШдан кийинки ири каржылоочусу - Жапония, ал уюмдун жылдык чыгымынын 10%га, Кытай 8%га жакынын берет.

Өзү БУУга мүчө 193 өлкө ичинен он мамлекет (АКШ, Жапония, Кытай, Германия, Франция, Британия, Бразилия, Италия, Орусия, Канада) уюмдун жылдык бюджетинин 69%га жакынын көтөрсө, көч башындагы 20 мамлекет 83,78%, калган 173 өлкө 16,22% төлөйт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00
Түз линк

Улуттар уюмунун түзүмүндөгү эң ири чыгым дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндөгү тынчтыкты сактоо операцияларына жумшалат. БУУда 110 миңден ашуун аскерлер, полицейлер, жарандык кызматкерлер тартылган 16 миссия бар.

АКШнын азыркы администрациясынын басымы жана талабы астында Башкы ассамблея быйыл жайда жылына сегиз миллиард долларга чейин жеткен тынчтыкты сактоо бюджетин 600 миллион долларга кыскартууну жактап добуш берген эле.

Бул АКШ өз үлүшүн 150 миллион долларга үнөмдөйт дегенди билдирет.

Улуттар уюмунун башкатчысынын кызматына быйыл 1-январдан тарта киришкен Антонио Гутерреш каржылоонун кыскарышы уюм үчүн “чечүүгө болбой турган көйгөй” жаратарын, ошол эле учурда реформалар зарылдыгын моюнга алып, айрым демилгелерди да баштаган.

БУУнун Түштүк Судандагы бейпилдик миссиясынын курамындагы кытай аскерлери. 29-май, 2017-жыл.
БУУнун Түштүк Судандагы бейпилдик миссиясынын курамындагы кытай аскерлери. 29-май, 2017-жыл.

Гутерреш 18-сентябрдагы сөзүндө Трамптын БУУда бюрократия күчтүү деген турумуна кошулду:

- Жакында эле кимдир бирөө менден сизди түндө эмне кармайт деп сурады эле мен бюрократия деген абдан жөнөкөй жооп узаттым. Бөлүнгөн структуралар, византиялык процедуралар, бүтпөгөн формалдуулуктар. Улуттар уюмунун иши жокко чыгаруусу керек болгон кимдир бирөөлөр биз өзүбүз түзүп алган эрежелерди таңуулоодон башка мыкты жолду таба алмак эмес. Мен кээде өзүмдөн эрежелерибизди биз эффективдүү болбогудай кылып, атайылап жасаганбы деп да ойлоп кетем. Реформаларыбыз үчүн чыныгы сыноо Нью-Йорктогу же дүйнөнүн башка борборлорундагы сөздөр эмес экенин билебиз. Бул биз кызмат кылган адамдардын турмушундагы сезилерлик жыйынтыктар, бизди ресурсу менен колдогондордун ишеними аркылуу сыналат.

Улуттар уюмун реформалоо маселеси Башкы ассамблеянын бүгүн башталуучу жалпы саясий талкууларында да көтөрүлөт деп күтүлүүдө. Вашингтон азыркы ассамблеяны утурлай реформа чакырыгы айтылган атайын декларция долбоорун да даярдаган.

АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейлинин айтымында, декларацияга ушул дүйшөмбү күнгө карата 128 өлкө кол койду. Ага азырынча кошула электер арасында Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн арасынан Орусия менен Кытай бар.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя Москванын ал документке кол коюшу арсар экенин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG