Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Кыргыз шайлоосундагы олигархтардын карааны


Кыргызстандагы бийлик алмашууга транс-улуттук компаниялардын кожоюндарынын таасири канчалык? Президенттик шайлоого байланыштуу жаштар кыймылынын өкүлдөрү сырткы күчтөрдүн өлкөгө таасир этүүсүн чектөө талабы менен чыгышты.

Жаштар кыймылынын кайрылуусу

"Эл Барс" жаштар кыймылы шайлоочуларды өлкөнүн болочок тагдыры үчүн добушун сатпоого үндөп чыкты. Бул боюнча маалымат жыйынын уюштурган жаш лидерлер чет элдик саясатчылардын жана эл аралык деңгээлдеги айрым бир транс-улуттук компаниялардын кожоюндары Кыргызстандагы шайлоого таасир этүүсүнө жол бербөө маселесин көтөрүштү.

Коомдук активист Марат Мамралиев талапкерлерге тышкы колдоодон баш тартууга чакырык таштады:

- Кыргызстандын тагдыры кыргыз элинин колунда болушу керек. Азыркы учурда тыштагы саясатчылардын жана башка күчтөрдүн биздин ички ишибизге баа берип, кайсы бир талапкерлерге колдоо көрсөткөнү туура эмес. Мындай жагдай биздин айрым жарандарга башкача бир таасир этип калышы мүмкүн. Шайлоону тынч өткөрүү үчүн президенттикке талапкерлер чет өлкөлөрдөн жана тышкы күчтөрдөн колдоо издебестен, алардан жардам күткөндү токтотуп, элге таянышсын деп жатабыз. Биздин өлкөнүн ички саясатына тыштан башка бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнө каршыбыз. Себеби биздин кээ бир аткаминерлерибиз трибунадан биз эгемен мамлекетпиз деп айтканы менен иш жүзүндө башка жактан колдоо күтүп, ал жактан акыл сурап жатканын биз түшүнө албайбыз.

Олигархтардын шайлоого таасири

Буга чейин интернет сайттарда жана социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуу үйлөрүнүн бирине Алижан Ибрагимов, Александр Машкевич, Патох Шодиев жана Муса Бажаев сыяктуу эл аралык магнаттар баштаган ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү чогулганы жарыяланган. Анда Кыргызстандагы президенттик жарышка чыккан кайсы бир талапкерге колдоо көрсөтүү маселеси талкууга алынып, чечилгени баяндалган.

Адис-эксперттердин баамында, аталган миллиардер-ишкерлердин баарынын тең Кыргызстанда бизнес кызыкчылыгы бар. Алардын айрымдары Таластагы, Чаткалдагы жана Ала-Букадагы алтын кендерин иштетсе, кээ бирлери сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу үчүн Кыргызстанда чалгындоо иштерин эми гана жүргүзүп баштаган.

Шайлоонун эрежелери так аныкталбаган жана мамлекеттик башкаруу институттары бекем калыптанбаган биздин Кыргызстандай өлкөдө олигархтардын шайлоо жыйынтыгына жана бийликке карата таасири күчтүү бойдон кала берет.
Равшан Жээнбеков

Саясатчы Равшан Жээнбеков олигархтардын алдыдагы шайлоого таасири тууралуу көз карашы менен бөлүштү:

- Олигархтар үчүн Кыргызстандагы бизнес кызыкчылыгын сактап калуу абдан маанилүү. Мына ошондуктан алар талапкерлердин кимиси ага көбүрөөк кепилдик берсе, ошол талапкерди колдоого алат. Учурдагы шайлоо өнөктүгүндөгү маанилүү деп аталып жаткан эки талапкер - бийликтин талапкери жана ага анча-мынча атаандаш болуп чыгып жаткан талапкер. Мындай карасаң экөө тең эле Кыргызстанда иш алып барып жаткан олигархтардын кызыкчылыгын сактап берүүгө даяр. Анткени экөө тең мурдагы абал өзгөрбөй кала турганы боюнча белги берип жатат. Ошол себептүү бул багытта кандайдыр бир кардиналдуу өзгөрүү болушу мүмкүн эмес. Шайлоонун эрежелери так аныкталбаган жана мамлекеттик башкаруу институттары бекем калыптанбаган биздин Кыргызстандай өлкөдө олигархтардын шайлоо жыйынтыгына жана бийликке карата таасири күчтүү бойдон кала берет.

Чеңгелге алуунун ченемсиз жолдору

Жогоруда ири ишкер топтон сырткары орусиялык ишкер Алишер Усмановдун тобунун Борбор Азияга жана анын ичинде Кыргызстанга карата таасири тууралуу буга чейин белгиленип келген.

Адатта олигархтар ири өлчөмдө киреше табууга ыңгайлашкан жана бул үчүн бийликке, саясатка таасир этүүгө эпчил ишкерлердин катмары катары каралат.

Адистер дүйнөлүк тарыхта олигархтар инвестиция салган өлкөлөр байып кеткен учурлар аз болгонун белгилеп келишкен. Алар адатта кайсы өлкөгө барбасын андагы кирешелүү тармактарды колго алып, монополия орнотуп, башка атаандаштарды рынокко киргизбөө жагын өздөштүргөн.

Эл аралык синдикаттар жана башка олигархиялык чөйрө толугу менен калыптанып бүткөндө, мамлекет өзүнүн маселесин өзү чече албай, улуттук байлыкты башкарууну колунан толук чыгарып жибериши мүмкүн.
Турат Акимов

Журналист-эксперт Турат Акимов транс-улуттук синдикаттардын таасири тууралуу мына буларга токтолду:

- Олигархизм - ал чет өлкөдөн келген же өлкөнүн ичинен чыккан олигархтарга бүтүн өлкөнүн улуттук байлыгы өтүп кеткен кезде калыптанат. Ал жерде бир олигарх болобу, онубу же жыйырмасыбы, айырмасы жок. Мына ошолордун бардык тармактарды колго алып, каалагандай тейлеп калганы улуттук коопсуздук үчүн коркунуч жарата турган жагдай. Африканын жана Азиянын көптөгөн өлкөлөрү ошондой эл аралык деңгээлдеги олигархтардын чеңгелинен чыга албай, көп жылдардан бери өз алдынча өнүгө албай келет. Бизде да Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра" сыяктуу эл аралык синдикаттар жана башка олигархиялык чөйрө толугу менен калыптанып бүткөндө, мамлекет өзүнүн маселесин өзү чече албай, улуттук байлыкты башкарууну колунан толук чыгарып жибериши мүмкүн. Бул абалга жеткенде мамлекет олигархиялык жана мафиялык түзүмдөргө каршы тура албай калат. Эл аралык олигархтар азыркы учурда биздеги алтын-күмүш, коргошун өңдүү баалуу металлдарга жана электроникага колдонулуучу сейрек кездешүүчү металлдарга көз артып турушат. Айрым алтын кендерин иштетүү укугун алар эбак эле алып коюшкан. Алар азыркы учурда жаңыдан чалгындалып жаткан жер казынасынан дагы улам жаңы кендерди алууну мерчемдеп, камданып турушат. Мына ошондуктан алар шайлоолордун жыйынтыгына таасир этип, өзүнө ыңгайлуу талапкерди марага сүрөөгө кызыкдар.

Эски байланыштардын эпкини

Борборазиялык олигархтар катары сыпатталган Алижан Ибрагимов менен Александр Машкевичтин түпкүлүгү Кыргызстандан. Ал экөө тең токсонунучу жылдары Казакстанга барып, ишкердик менен алектенип, мына ошол жакта көп тармактуу Евразия корпорациясын негиздешкен.

Ал экөөнүн ишкер-өнөктөшү Патох Шодиевдин түбү Өзбекстандан. Орусиялык ишкер Муса Бажаев болсо Таластагы Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс-Алтын" компаниясынын кожоюну.

Саясат талдоочу Эдил Байсалов бул ишкерлердин Кыргызстан менен эбактан бери эле байланышы бар экенин белгиледи:

- Азыркы бийликке атаандаш чыгып жаткан талапкерге байлап жаткан мына ошол олигархтардын тобу былтыр Көчмөндөр оюнуна келишкен. Андан соң президент Алмазбек Атамбаевдин 60 жылдык мааракесине катышкан. Анан эми жанагы Машкевичти айта турган болсок, Алмазбек Атамбаев президент болуп шайланганда куттуктап келип, керек болсо Атамбаевге өтө кымбат баалуу саат тартуу кылган. Аны көргөн күбөлөр бар. Бирок Алмазбек Атамбаев саатты кабыл алуудан баш тартып, аны азыркы учурда Түркияда элчи болуп турган Ибрагим Жунусовго тапшырып койгон. Муса Бажаев менен Алижан Ибргаимовго болсо Жерүй алтын кени Атамбаевдин доорунда берилди. Алижан Ибрагимов болсо Бишкек жылуулук берүү борборуна көмүр жеткирүү боюнча жылына 20-30 миллион долларлык келишимдерди утуп алат. Эми ошолорду сырттан келген олигархтар кайсы бир талапкерди колдоп чыкканы калды деп, элди коркутуу туура эмес. Алар мурдатан эле Кыргызстанда иш алып барып, ар кайсы учурда бийлик менен тыгыз кызматташып келген. Анан эми Атамбаев Машкевичке Кыргызстанды сатып жиберген жок да. Анан эмне үчүн азыр эле мына ошондой маселе көтөрүлүп жатканына түшүнбөйм.

Буга чейин интернетте президенттик жарышка чыккан кайсы бир талапкерди каржылык жактан колдоо үчүн Кыргызстанга келген олигархтар тобу аны шайлоодон өткөрүп алышса, Кыргызстандын улуттук байлыгын бөлүп кетишет деген сыяктуу кооптонуулар айтылган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG