Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

"Азаттык+": жаштардын шайлоодогу күчү


Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындаган сайын коомдук-саясий турмуш да кайнай баштады. Талапкерлер жер-жерлерди кыдырып, үгүт иштери менен жүргөн маалда жогорку окуу жайлардын жетекчилиги студенттерди президенттикке аттангандардын кимисине добуш берээрин табыштап жаткан фактылар катталууда. "Азаттык+" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы жаштардын шайлоодогу ордуна арналды.

Юридикалык академиянын мугалими студенттерди шайлоо участкасына каттатуу үчүн паспортторунун көчүрмөсүн талап кылып, ошондой эле кайсы талапкерге добуш берүү керек экендигин баса белгилеп жатканы жаздырылган тасма интернетке тарады. Бул тасмадан мугалим баш ийбеген студент окуудан чыгарылышы мүмкүн экендигин кыйыр түрдө түшүндүрүп жатканын байкоого болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул көрүнүш мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелээрин, ага ылайык университет жетекчилигине чара көрүлүп, жоопко тартылыш керектигин билдирди.

- Жетекчилик тарабынан добуш берүүгө мажбурлоо кылмыш болуп эсептелет. Бул Кылмыш-жаза кодексинде жазылып турат. Мындай учурда эркинен ажыратылып же ири өлчөмдө айып салынышы керек. Ошондуктан жаштарды мыйзам, укуктары менен тааныштырыш керек. Каршы чыксам окуудан айдалам деген коркуу сезими болбошу керек.

Ал эми жаш активист Нуразиз Шайырбек уулу өткөн жылкы референдумда байкоочу болуп, бул өңдүү мыйзам бузууларды өзү көргөн. Студенттерди мажбурлап добуш бердирүү шайлоо сайын эле кайталанып келаткан көрүнүш деп эсептейт.

- Бул жерде калыптанып калган схема бар. Мисалы, былтыркы референдумда кандай добуш бергениң бюллетендин артынан да көрүнүп турчу. Урнанын жанында болсо ишенимдүү өкүл көзөмөлдөп турат. Ошондуктан студенттер тапшырма боюнча добуш беришкен. Биз бул боюнча БШКга арыз менен кайрылганыбыз менен майнап чыкпады. Эми бул көрүнүш президенттик шайлоодо деле кайталанат.

"Жарайт сити" долбоорунун юмористтери болсо бул жагдайды жаштарга тамашалуу видео аркылуу жеткирүүнү туура көрүшкөн. Видеотасмадан бирөөнүн буйругу менен добуш бергендерди малга теңеген учурлар кездешет. Бул кадамга барууга эмне түрткү болгондугун долбоордун катышуучусу Мыктыбек Мукаев мындайча түшүндүрдү.

- Чынында эле видеодо ошондой жаштарды мазактаган, орой сөздөр да айтылган. Биз болгону аларды келечек үчүн кайдыгер болбоого, өлкөнүн алдыңкы жылдардагы тагдыры чечилчү күндө жоопкерчиликтүү болууну жеткирүү үчүн жаштардын тили менен кайрылдык. Видеону көргөн жүз адамдын ичинен бирөө болсо да ойлонуп калса жакшы эмеспи.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Президенттик так үчүн 13 талапкер ат салышат.

"Азаттык+": жаштар шайлоодо күчпү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:25 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG