Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Жергиликтүү бийлик үгүткө курал болдубу?


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар шайлоо алдындагы үгүт иштерине жер-жерлерде мамлекеттик кызматкерлер тоскоол болуп, административдик ресурстар колдонулуп жатканын айтып чыгышты.

Ошондой эле сессияда БШКнын шайлоого даярдыгы боюнча маалыматын угуу сунушталды.

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары бийлик өкүлдөрү талапкерлердин жер-жерлерде жыйындарды өткөрүүгө, үгүт материалдарын илүүгө тоскоолдук жасап, административдик ресурсту колдонуп жатат деп билдиришти.

Маселен, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү, депутат Зиядин Жамалдинов парламентте төмөнкүдөй маалымат берди:​

- Сузактагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин баннерлерин чечкиле деп буйрук бериптир. Кара-Көл шаарында Төрөбаевдин штабы үчүн ижарага алынган имараттан да жергиликтүү бийликтин кысымы менен чыгарылыптыр. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттерди мажбурлап, КСДПнын талапкерине добуш бересиңер деп мажбурлап жатышыптыр. "Ошэлектронун" жетекчилиги кызматкерлерин чогултуп алып, Жээнбековго добуш бересиңер деп опузалап жатышыптыр. Биз өткөндө өкмөт башчы Сапар Исаковго да айттык эле, өкмөт, бийлик шайлоого аралашпасын деп суранганбыз. Бирок, тилекке каршы, кийлигише баштаптыр.

Кара-Көл шаарынын вице-мэри Калыбай Өскөн уулу "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын штабы кайда жайгашкандыгы тууралуу аларда маалымат жоктугун "Азаттык" радиосуна белгилеп, депутат Жамалдиновдун айткандарын төгүндөдү. Ал эми Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Аширбек Матиев, "Ошэлектро" ишканасынын маалымат катчысы Талгат Алимахунов бул маалыматты четке кагышты.

Аширбек Матиев 14-сентябрда Сузак райондук прокуратурага келип түшүндүрмө берип, ага тиешеси жок экендигин билдирген.

Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаты
Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаты

КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева кайсы бир тарапты күнөөлөөдө такталган фактыларга таянууга кесиптештерин үндөдү:

- Депутаттар дагы КСДПнын атын атап, административдик ресурс, №2 форма деп жатышат. Трибунада сүйлөп жатканда фактыларды келтириңиздер, анткени бул өтө олуттуу маселе. Шайлоо өнөктүгү эми башталды, участкалар эми ачылып жатат. №2 форма - мыйзамдуу, бирөө арыз менен кайрылса, мени мажбурлап жатат десе башка кеп. Анан жөн эле туруп алып КСДПны күнөөлөй берген жакшы эмес.

13-сентябрда президенттикке талапкер, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин шайлоо штабы Кайыңды шаарынын мэри жолугушууларга тоскоолдук кылып жатканын айтып чыккан. Сариевдин өкүлү Назира Ахмедова мэр Эркин Иманкулов Сариевдин жыйындарына элди чогултпоо аракетин көрүп жатканы тууралуу маалымат алышканын "Азаттык" радиосуна айтты.

- Штабдагылар Кайыңдынын мэрине барып, биз аянтта өткөрөлү дедик эле десе, тоготпогондой мамиле кылып коюптур. Биздин маалыматыбызга караганда, ал шайлоо комиссияларынын жетекчилерин чогултуп, Сариевдин чогулушуна эл барбай эле койсун дегендей кылыптыр.

Ал эми мэр Эркин Иманкулов Сариевге эч кандай тоскоолдук кылбаганын айтып, башка талапкерлер кадимкидей эле жолугушууларды өткөрүп жатканын белгилөөдө. Муну каралоо деп атаган шаар башчысы сотко кайрылууга камынып жатканын билдирди:

- Участкалык шайлоо комиссиялары мага көз каранды эмес, алар аймактык комиссияга карайт. Аларды мен койгон эмесмин. Төрагасы ким экенин да билбейм. Менин тиешем жок. Бул жөн эле каралоо, мен ушул маселе боюнча сотко кайрылганы жатам.

Шайлоочулар менен болгон жолугушууга тоскоолдуктар жасалганын 13-сентябрда "Республика" партиясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабынан да айтып чыгышкан. Өзүн партиянын Ош шаарындагы жаштар канатынын координатору катары тааныштырган Азамат Советбеков буларга токтолду:

- Белгисиз адамдар келип филармониянын алдында илинген баннерди алып коюшуптур. Жолугушуу саат 12ге белгиленген эле, ушул убакытта филармониянын жарыгы толук өчүрүлдү. Жарым сааттын аралыгында жетекчилигине чалып отуруп кайра электр энергиясын жандырып беришти.

Ош шаарындагы филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова электр энергиясы жолугушуу башталганга чейин эле оңдолуп-түзөлгөнүн "Азаттыкка" маалымдап, партиянын өкүлдөрү берген маалыматтарды жалган деп четке какты.

- Эгерде өткөргүбүз келбесе, залды башка иш-чарабыз бар деп эле бербей коймокпуз. Жогору же төмөн жактан эч нерсе айтылган эмес. Жолугушууну өткөрүүгө эки саат калганда жарык өчүп-күйө баштады. Аны оңдош үчүн электр жарыкты толук өчүрүп 20 мүнөттө оңдоп 11:30да электр энергиясы күйүп даяр болду. Бабановдун иш-чарасы 13:00дө башталды.

Мындан сырткары Бабановдун штабы Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы, Бек-Абад, Кара-Дарыя айылдарында көрнөк-жарнактары айрылганын билдирген. Маалыматка караганда, 13-сентябрь түнкүсүн кимдир бирөөлөр жарнактарды айрып салган. Бул багытта штаб өкүлдөрү милицияга арыз менен кайрылышкан.

Ал ортодо Башкы прокуратура Бабановдун арыздарын иликтөөнү Кыргызстандын президентин шайлоо өнөктүгү учурундагы мыйзамдуулукту сактоо штабына тапшырма берди. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, мындан сырткары Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинин деканы студенттерге №2 форма менен добуш берүүгө мажбурлаганы тууралуу, Токмоктогу медициналык колледждеги шайлоого байланышкан окуяны, Араван районунда айыл өкмөттүн үгүтү тууралуу маалыматтарды иликтөөнү да тапшырды.

Тасмада: айыл өкмөт Жээнбековду колдоого үндөдү
Араван: айыл өкмөт Жээнбековду колдоого үндөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Аравандагы окуя териштириле турганын айтып, депутаттар көтөргөн маселе боюнча арыз түшпөгөнүн, эгер даттануу болсо укуктук жагы каралып, тиешелүү чара көрүлөрүн "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Кайрылуу болуп жатат, бирок факт менен көрсөтүлбөй жатат. Жер-жерлердеги болгон мыйзам бузуулар аймактык шайлоо комиссиялары аркылуу укук коргоо органдары териштирип жатат. Азыр жалпыга маалым болгон Төрөбаев менен Сариевдин айткандарын атабасак, бизде расмий арыздар түшкөн жок.

Шайлоо жаряндарына көз салган эксперттер быйылкы үгүт өнөктүгү деле мурдагыдай талапкерлердин бирин бири каралоосу, административдик ресурска даттануусу жана добуш сатып алуу сыяктуу маалыматтар менен коштолуп жатканын белгилеп жатышат.

"Жарандык платформа" коомдук фондунун башчысы Айнура Усупбекова мыйзам бузууларга талапкерлер өздөрү каршы күрөшүүсү зарылдыгын белгилеп жатат.

- Азыр эки талапкердин ортосунда эле атаандаштык болуп жатат. Бири административдик ресурсту көбүрөөк колдоно алса, экинчиси аны жөн эле куру сөз менен эмес далилдеп бериши керек. Борбордук шайлоо комиссиясына, Башкы прокуратурага кайрылса көз жаздымда калбайт деп ойлойм.

Президенттик шайлоого талапкерлердин үгүт өнөктүгү 10-сентябрда башталган жана ал 14-октябрга чейин уланат. Шайлоо 15-октябрга белгиленген. Саясий жарышка катышуу үчүн арыз берген 59 кишиден 13 талапкер расмий катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG