Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Президенттик шайлоо: үгүт өнөктүгү башталды


Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. 
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. 

Кыргызстанда президенттик кызматка ат салышып жаткан саясатчылар бүгүн, 10-сентябрда расмий түрдө үгүт өнөктүгүн баштады.

Жер-жерлердеги жолугушуулар, жарнамалоо иштери 34 күнгө созулуп, шайлоодон бир күн мурда, тагыраак айтканда 14-октябрда токтотулат.

- Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону даярдап-өткөрүү боюнча эң жооптуу, чоң этап - үгүт иштери башталды. Үгүт 14-октябрь күнү эртең мененки саат 8:00гө чейин жүргүзүлөт. Эми шайлоого 25 күн калганда шайлоо бюллетенинин формасы, тексти бекитилет. Ага канча киши кирет ошондо белгилүү болот. Ага чейин сот органдары же БШК каттоо тууралуу чечимин жокко чыгарышы же айрым талапкерлер өздөрү баш тартышы мүмкүн. Анын алдында талапкерлердин бюллеттендеги номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөзүлөт, - деди БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Абдыжапар Бегматов.
Абдыжапар Бегматов.

Бүгүн “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өзүнүн “Алга жол” деген аталыштагы программасын сунуштады. Ушул эле күнү “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев элге, шайлоочуларга кайрылып, шайлоо чоң атаандаштыкта жана курч өтөрүн билдирген. Ал эми КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков Жумгал районунда эл менен жолугушуу өткөрүүдө.

Дагы бир талапкер, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев 11-сентябрда филармонияда “Өнүгүүнүн жаңы багыты 2023” аттуу программасы менен тааныштыра турганын штабдан кабарлашты. Арстанбек Абдылдаев “Адамзаттын өнүгүү жолу” деген аталыштагы программасын шайлоочуларга келерки аптада тааныштырат. Токтайым Үмөталиеванын программасы “Жаңылануунун төрт кадамы” деп аталат. Ал жакынкы эки-үч күндө расмий жарыялай турганын “Азаттыкка” билдирди.

Калган талапкерлер менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

"Жигиттик келишим"

Ал эми үгүт өнөктүгүнө бир күн калганда, 9-сентябрда президенттикке талапкерлер шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу таза эмес технологияларга каршы бирге күрөшүү, ар бир шайлоочунун укугун урматтоо жана шайлоо мыйзамдарын, Конституция нормаларын сактоо боюнча меморандумга кол коюу үчүн чогулушту.

Алгачкылардан болуп иш-чарага Таалатбек Масадыков, Улукбек Кочкоров, Адахан Мадумаров, Арсланбек Малиев, Арстанбек Абдылдаев жана Токтайым Үмөталиева келишти. Андан тышкары семинарга Сооронбай Жээнбеков менен Темир Сариевдин да ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да катышты. Бирок айрым талапкерлер меморандумга бардык талапкерлер чогулуп, талкуулаган соң гана кол коюшарын айтып, келбей койгондор “жигиттик келишимге” көңүлкош мамиле жасап жатканына нааразы болушту.

Талапкерлердин бири Токтайым Үмөталиева Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын ачылыш сөзүнөн кийин эле микрофонду алып, президенттикке талапкер болгондордун бардыгы кол койгон учурда гана бул документтин юридикалык салмагы болот деген оюн айтты:

- Саясий укуктук каталарды карап чыгып, калган талапкерлерди да чакыралы. Мен акмын, сен карасың дебей, катыша турган болсок бардыгыбыз келип катышалы. Бардык талапкерлер кол коюшпаса, мунун юридикалык күчү төмөн болот. Бүгүн тилекке каршы бийлик өкүлдөрү эмнеге келген жок?

Президенттикке ат салышып жаткандардын дагы бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров меморандумда жазылган эрежелер жана милдеттенмелер көбүнесе иш-чарага келбей койгон талапкерлерге тиешелүү экенин айтты.

- Меморандумдун негизги пунктуларынын бири “Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамында каралган кызмат орундун же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланбоо” деп атат. Ага Адахан Кимсанбаевич, Арслан байке, Таалатбек байке же мен кепилдик беремби? Бүгүн кызмат артыкчылыгын пайдаланып жаткандар ушул жерге келип элдин алдында, БШКнын алдында, талапкерлердин алдында ошол убадасын бериши керек эле. Биздин бере турган суроолорубуз бар. Бүгүн административдик ресурс толугу менен иштеп жатат. Бүгүнкү күндө криминалдык элементтер кошулуп жер-жерлерде кысым көрсөтүп жатат. Силер бизден айлык маяна алып жатасыңар, силер бизге милдеттүүсүңөр деген иш-чаралар жүрүп жатат.

Талапкерлер.
Талапкерлер.

Натыйжада Улукбек Кочкоров жана Адахан Мадумаров меморандумга кол койбостон кетип калышты. Жыйынга кечирээк келген Темир Сариев меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү узак убакытты талап кыларын, анын убактысы аз болгондуктан меморандумга кийинчирээк барып кол коерун айтып чыгып кетти.

Ал эми дагы бир талапкер, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Сооронбай Жээнбеков түштөн кийин өзүнүн штаб башчысы Фарид Ниязов менен келди.

Борбордук Шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкерлердин сунуштарын жүйөлүү деп таап, 20 мүнөттүк танапис жарыялады. Ал убакта меморандумга айрым өзгөртүүлөр киргизилип, натыйжада беш талапкер - Сооронбай Жээнбеков, Таалатбек Масадыков, Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Абдылдаев жана Арсланбек Малиев ага кол койду.

Меморандумдун акыркы пунктунда "талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын тааныйт" деп жазылган. Анткен менен бул документ болгону "жигиттик келишим" катары сыпатталып, юридикалык салмакка ээ болбойт.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова өзгөртүүлөр тууралуу буларды айтты.

- Добуштарды сатып алуу боюнча аракеттерди талапкерлер өздөрүнүн штабдарында жол бербөө боюнча бул жерде милдеттенмелер бар болчу. Талапкерлердин сунушу менен ошондой иш-аракеттер үчүн талапкерлер да толук жоопкерчилик алат деген пункт каралды. Штабында же алардын жактоочуларынын арасында ушундай көрүнүштөр бар болсо ага дагы тыюу салууга аракет кылабыз деген пункттар кошулду.

Талапкерлердин "жигиттик келишими"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

​Боршайкомго президенттик жарышка катышуу ниетин билдирип башында 59 адам кайрылган. Айрымдары өз арызын кайтарып алса, кээ бирлери тийиштүү шарттардан өтпөй, талапкер болбой калышты.

Жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттап, талапкер макамын берген. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG