Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

БШК дагы беш талапкерди каттоодон баш тартты


Борбордук шайлоо комиссиясы 8-сентябрдагы отурумунда талапкерлер Талгатбек Кожогулов, Рита Карасартова, Темирбек Асанбеков, Кубан Чороев жана Казыбек Шайымбетовду каттоодон баш тартуу маселесин карады. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды. Буга чейин аты аталган талапкерлер чогулткан кол тамгалардын бир бөлүгү жараксыз деп табылган. Жарактуу бөлүгү жетишсиз болгондуктан БШК аларды талапкер кылып каттоодон баш тартты. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын чогулткан учурда гана катталышы мүмкүн.

БШК буга чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров жана Эрнис Зарлыковду талапкер кылып каттаган. Натыйжада жалпысы 13 талапкер катталды. Толук тизме 10-сентябрда белгилүү болот.

Тактыга ат салышууга алгач 59 киши арыз берген. Айрымдары өз арызын кайтарып алса, кээ бирлери тийиштүү талаптардан өтпөй, талапкер болбой калышты.

Президенттикке талапкерлерди каттоо бүгүн, 9-сентбярда аяктайт. 10-сентябрдан тарта үгүт өнөктүгү башталат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG