Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Келечеги беймаалым биригүүлөр


Кыргызстанда буга чейин бириккен "Өнүгүү-Прогресс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ата-Журт" партияларынын лидерлери жаңы партияга бириккени жарыяланды. "Өнүгүүнүн" лидери Бакыт Төрөбаев жаңы партияга "Кайра жаралуу" деген аталыш тандалганын жана жакында президенттикке жалгыз талапкер тандаларын билдирди.

Ал ортодо президенттик үгүт өнөктүгү жакындаганы башка талапкерлер да биригүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым болду. Шайлоо жакындаганы пайда болгон саясий альянстардын келечеги кандай?

“Өнүгүү-Прогресс", “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын башын кошкон жаңы партиянын аталышы боюнча президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев жарыялады.

Ал атайын сынактын негизинде жаңы партияга "Кайра жаралуу" деген аталыш тандалып алынганын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди:

- Сынакка түшкөн сунуштардын ичинен 20 эмгек тандалып алынган. Жаңы партиянын негиздөөчүлөрү Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев болуп тандоо жүргүздүк. Биз Алмаз Азимбеков аттуу жаран сунуштаган "Кайра жаралуу" ("Возрождение") деген аталышка токтолдук.

Бакыт Төрөбаев бул альянс 15-октябрдагы президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерди чыгаруу боюнча келишими күчүндө экенин белгилеген.

11-сентябрда жаңы партия алгачкы курултайын өткөрүп, анын жүрүшүндө төртилтиктен аттанчу талапкер жарыяланарын "Өнүгүүнүн" лидери кошумчалады. Бирок жаңы партиядан чыккан бирдиктүү талапкер ким болору тууралуу саясатчылар ачык айта элек.

Айрым булактар төртилтиктин ичинен талапкерди аныктоо боюнча чечим кабыл алына электигин айтышууда. Төрөбаевдин билдирүүсүн саясий альянстын башка мүчөлөрү ырастабай да, четке какпай да келишет.

Саясий эксперт Марс Сариевдин баамында, альянстан бирдиктүү талапкер катары Бакыт Төрөбаев өзүн көрүп, ушул багытта демилгени колдон чыгарбоого аракет кылууда:

- Ушул саясий квартеттин ичинен Төрөбаев аябай активдүү болууда. Анын парламентте да фракциясы, финансылык ресурсу да жакшыраак. Ошондуктан өзү демилгени колдон чыгарбоого аракет кылууда. Ал эми башкалардын болсо учурда таасири азыраак. Мындай кырдаалда Төрөбаев чечүүчү фигура болууда.

Төрөбаев президенттик жарышка кошулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00

Анткен менен төртилтикке кирген башка талапкерлер мындай тандоого макул болобу деген суроо турат. Маселен, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик жарыш үчүн күрөшүн улантарын билдирип келет. Ал ушул аптада президенттикке талапкер катары БШКнын расмий каттоосунан өттү.

Ошондой өткөн аптада "Бүтүн Кыргызстандын" лидери жаңы өкмөттү бекитүү боюнча жаңы саясий санаалашы Бакыт Төрөбаевдин чечимине нааразылыгын билдирип чыккан эле.

- Ар кимдин өз пикири бар, бирок туруктуулук жакшы болмок. Шайлоо алдында жалаң гана өзүнө керектүү, өзүнө берилген адамдардан аткаруу бийлигин түптөө жакшы эмес. Ошондуктан Төрөбаев мырза эч болбогондо калыс добуш берип койсо болмок. Эгерде кадр саясатындагы багытка макул болгон болсо, анда альтернатива талапкер болуп эмне кылат? Анда бир эле команда болуп алыш керек.

25-августта Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулуп, Сапар Исаков башында турган өкмөттү бекиткен. Анда оппозициядагы "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы жаңы өкмөттү колдоп добуш берген эле. Мындай кадамды Төрөбаев Сапар Исаковдун командасына “саясий аванс” берүү аракети менен түшүндүргөн. Бирок айрым маалымат каражаттары Бакыт Төрөбаевдин бийлик менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң ушундай чечимге келгенин жазып чыгышкан эле.

Ошондой эле бул төртиликке "Ак шумкар" партиясынан президенттикке көрсөтүлгөн Темир Сариев да биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган эле.

Сариевдин штабынан мындай сүйлөшүүлөр дале болсо уланып жатканын, бир катар маселелер боюнча бир пикирге келгенин, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин билдиришти.

Ал ортодо президенттик үгүт өнөктүгү жакындаганы башка талапкерлер да биригүү боюнча консультацияларды өткөрүп жатканы кабарланды. Ага "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана бир нече талапкер катышып жатканы айтылууда.

Мындай кеңешүүлөргө катышып жатат делген президенттикке талапкер катары катталуу үчүн арыз берген "Жаңы доор" партиясынын лидери Улукбек Кочкоров "Азаттыкка" төмөнкүлөрдү билдирди:

- Негизи биригүүлөр болушу керек. Бирок мен буга чейин да айтып келгендей, биригүүлөр идеянын тегерегинде жүрүшү керек. Болбосо, кызмат бөлүшүү, эптеп эле бийлике жетүү максат болсо, андан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Эртең эле чачырабайт деп кепилдик жок. Ал эми биз боюнча сүйлөшүүлөр болду деп айта албайм, бирок консультациялар жүрүп жатат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда талапкерлерди каттоо жараяны уланууда. Буга чейин жети талапкер мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарып, БШКдан катталды. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков жана Азимбек Бекназаров.

Боршайком "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин талапкер катары катталуусу үчүн кол топтоодо шайлоо кампаниясынын каржылоо эрежеси бузулган деген жүйө менен аларды жараксыз деп тапкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG