Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:10

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен өлкө башчысы катары акыркы ирет куттуктады.

Ал өзүнүн мөөнөтү аралыгында өлкөдө эгемендүүлүктөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдөн арылуу мүмкүнчүлүгү болгонун белгиледи.

Куттуктоо сөзүндө президент шайлоого токтолуп, былтыркыдай эле өлкөнү солкулдаткысы келгендерге карата катаал чаралар көрүлөрүн билдирди. Бул кайрылууну айрымдар талапкерлерге карата эскертүү катары кабылдап жатышат.

Саясат камтыган кайрылуу

Туура бир жыл мурда Эгемендик майрамындагы кайрылууда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев экс-президент Роза Отунбаеванын дарегине сын айтканда, Отунбаева сахнадан түшүп, басып кеткен эле.

Быйыл президент куттуктоо сөзүндө оболу жети жылдагы өлкө жетишкендиктерин тизмектеп, кендердин сатылышына бөгөт коюлуп, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү, жолдорду оңдоо, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруу жагына басым жасалганын белгиледи:

- Жергебизге келген жакшылыкты, ооматты улайлы. Кыргызстан азыркы жолунан тайбашы керек. Кадам артынан кадам таштап, үзүлгөндү улап, бир күч болуп алга карай кетишибиз керек. Биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты коргогонду үйрөндүк. Эми анын бардыгын алдыга жылдырышыбыз керек. Биздин жарандар да бир топ өзгөрдү.

Бишкек. 31-август, 2017-жыл
Бишкек. 31-август, 2017-жыл

​Президенттин жарым сааттык кайрылуусу муну менен гана чектелген жок. Алдыдагы шайлоого өзгөчө токтолгон президент кээ бир саясатчылар КСДП көрсөткөн талапкер шайлоодо жеңип кетпеши үчүн өлкөдө башаламандык уюштуруудан кайра тартпай турганын айтып, азыртадан эле административдик ресурс колдонулат деп чуу салып жаткандарды сындады. Ал туруктуулукка шек келтиргендерге катаал чара көрүлөрүн кошумчалады.

- Кандай гана административдик ресурс болбосун, шайлоо участкасына сиз менен чогуу губернатор, аким же мектептин директору кирбейт. Тескерисинче, шайлоочу менен урнага олигарх талапкердин берген акчасы кошо кирет. Ал эми добуштарды сатып алуу үчүн жүз миллиондогон акча таратылмакчы. Бизде бул тууралуу тастыкталган маалыматтар бар.

Президентибиз өтө чоң саясий өнөктүктүн алдында мындай билдирүүлөргө шыктандырбай, мыйзамдын негизинде шайлоо өтөт, мыйзамды бузбайлы деген сөздөрдү көп айтса жакшы болмок.
Жолборс Жоробеков

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков алдыдагы ири саясий иш-чаранын алдында президенттин мындай билдирүүсүн айрым талапкерлерге карата берилген эскертүү белги катары түшүнгөнүн айтат. Анын пикиринде, президент ири жараянда арбитр болуп, бейтарап позицияны карманышы керек эле.

- Президент деген калыс, арбитрдын ролунда болушу керек. Бирок буга чейин да, бүгүн да КСДП жөнүндө сөз кылып, кээде президент ким болот дегенге да оюн айтып салып жатат. Ал эми бүгүн административдик ресурска караганда олигархтык ресурс жаман деп айтып жатканын караганда, президент эки жагына тең макул болгондой көрсөтүп жатат. Урматтуу президентибиз өтө чоң саясий өнөктүктүн алдында мындай билдирүүлөргө шыктандырбай, мыйзамдын негизинде шайлоо өтөт, мыйзамды бузбайлы деген сөздөрдү көп айтса жакшы болмок.

Үмүттү актабаган парламентаризм

Президент айткан жетишкендиктерге карабастан, Кыргызстанда саясий системанын калыптанышында маселе бар экенин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов моюнга алат. Ал канчалык алдыга жылдык деген менен өлкөнүн негизги максаттарынын бири болгон парламенттик башкаруу дагы эле толук кандуу калыптына албай жатканын айтты:

Иса Өмүркулов. 31-август
Иса Өмүркулов. 31-август

- Эгерде биз ушул саясий системаны демократиялык нукта түптөп алсак, саясатчылар келип-кете берет, ал эми система өзгөрбөстөн мамлекет алдыга карай жыла берет эле. Бизде болсо азырынча парламенттик системаны идеалдуу деп айтууга болбойт. Биз дагы анын үстүндө иштешибиз керек. Менин оюмча, дагы бир чакырылыштан кийин парламенттик система өз жыйынтыгын бере баштайт.

Кыргызстан мамлекеттик суверенитет тууралуу биринчи Декларацияны 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алган. Экинчи жарлык, анык мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу Декларация сегиз айдан кийин, атап айтканда 1991-жылдын 31-августунда легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган.

1991-жылдын 21-сентябрында кыргыз бийлиги эл аралык коомчулукка, Бириккен улуттар уюмуна, бүтүн дүйнөнүн мамлекеттерине Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгын таануу үчүн чакырык менен кайрылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG