Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:03

Кыргызстан эгемендик алганына 26 жыл толду. Бул убакыт аралыгында өлкө эки ыңкылапты, бир топ саясий олку-солкулукту башынан өткөрдү. Эгемендиктин алгачкы жылдарында Борбор Азиядагы демократия аралчасы катары таанылган Кыргызстан өткөн 26 жыл ичинде эмне таап, эмне жоготту?

Кыргызстан төбөлсүздүккө жетишкен алгачкы мезгилден тарта демократиялык өзгөрүүлөргө ачык экенин белгилеген. Алгачкы президент Аскар Акаев бул максатка жетүү үчүн Кыргызстанды "Борбор Азиядагы демократия аралчасына" айлантууга убада берген.

Анда өлкө президенттик башкаруудагы либералдык экономика менен демократиялык өнүгүүнү айкалыштырган, адам укуктары менен мыйзамдуулукту сыйлаган укуктук мамлекет түзөбүз деген багытты аныктаган. Мындай максат эл аралык коомчулуктун да кубаттоосуна татыган.

Бирок кийинчерээк демократиялык мамлекет куруу жолдон тайды деген себеп менен эки ыңкылап орун алып, эки президент тең өлкөдөн чыгууга мажбур болду.

26 жылдык эгемендигин белгилеп жаткан Кыргызстан "демократия аралчасына" айлана алдыбы? Бул суроого өлкөдөгү саясатчылар менен коомчулуктун пикири ар башка.

Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон кыргыз бийликтери Кыргызстан демократиялык өлкө экенин, демократия барын дайыма ырастап келишет.

Президент Атамбаев Ысык-Көлдөгү маалымат жыйынында өлкөдөгү демократиялык башкаруудан улам жарандык коом жана эркин пресса калыптанганын билдирген эле:

- Бизде азыр күчтүү жарандык коом бар. Мен журналисттерди көп ирет сындасам да, өлкөдө азуусу курч журналисттер менен жарандык коом бар экенин белгилегим келет. Ошондуктан, өлкөнүн келечеги үчүн көп тынчсызданбайм. Анткени пресса жана жарандык коом жаңы президенттин да, өкмөттүн да бейбаштык кылуусуна жол бербейт.

Анткен менен акыркы учурдагы оппозициячыл саясатчылардын камалышын, маалымат каражаттарына карата доолорго байланыштуу Кыргызстан демократиялык өзгөрүүлөрдөн артка кайтты деген сындар айтылып келет.

Кыргызстан демократиянын аралчасы боло турган деңгээлде өнүгө алган жок. Буга бир катар факторлор тоскоолдук кылды. Мына ушул тоскоолдуктарды жеңе албай, азыр адамдын эркиндиги менен укуктарын толук кандуу коргой албай отурабыз.
Аида Алымбаева

Саясат таануучу Аида Алымбаеванын айтымында, Кыргызстанды демократиянын аралчасына айлантуу чакырыгы эл аралык коомчулукка жагуу аракетинен улам чыккан. Бирок эксперт Кыргызстан 26 жылдык тарыхында демократиялык институттарды толугу менен бутуна тургузуп, калыптандыра алган жок деген пикирде:

- Эки жолку ыңкылапка карабай демократиялык институттар толугу менен өнүккөн жок. Шайлоо институту, парламент институту, маалымат каражаттары Кыргызстан демократиянын аралчасы боло турган деңгээлде өнүгө алган жок. Буга бир катар факторлор тоскоолдук кылды. Мына ушул тоскоолдуктарды жеңе албай, азыр адамдын эркиндиги менен укуктарын толук кандуу коргой албай отурабыз. Мындай кырдаалга Конституцияны улам-улам өзгөртүү менен бийлик өз ыңгайына жараша ылайыкташтырганы себеп болууда.

Бирок айрымдар эки жолку ыңкылапты, бийликти тынч жол менен өткөрүү аракеттерин эске салып, Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу демократия күчүндө экенин белгилешет.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев Кыргызстан толук кандуу демократиянын аралчасына айланбаса да Борбор Азия чөлкөмүндө өзгөчө орунга ээ болгон система калыптандырганын белгилейт. Казак экспертинин айтымында, Кыргызстандын өзгөчөлүгү дал ушул "демократиялык өлкө" куруу аракети менен байланыштуу:

Досым Сатпаев
Досым Сатпаев

- Кыргызстан уникалдуу саясий моделди калыптандыра алды. Азырынча Орто Азияда эки жолу бийлик алмашкан жалгыз өлкө. Бийлик алмашуу абдан кызуу саясий талкуу жана нааразылыктын натыйжасында болду. Ошондой эле ушул жылдын күзүндө президент өз каалоосу менен мөөнөтү бүткөндө бийликти тапшыруусу күтүлүп жаткан өлкө. Мындай кырдаал биздин өлкөлөр үчүн чоочун десек болот. Себеби, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн алмашкыс лидерлер каза болгондо гана бийлик өзгөрбөсө, башка жол менен өзгөрүшү кыйын. Башка кырдаалды эске албаганда да Кыргызстандын дал ушу прецедентин абдан жакшы көрүнүш катары баалоого болот.

Чынында эле демократия, адам укуктары жана сөз эркиндигин деңгээлин аныктаган эл аралык рейтингдерде аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын абалы жакшы катары саналат.

Бирок акыркы учурдагы саясий кырдаалдан улам бул рейтингдерде өзгөрүүлөр орун алып келүүдө.

Маселен, Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму быйыл жайында жарыялаган рейтингде Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында “көйгөйлүү өлкөлөрдүн" катарынан орун алган. Ага ылайык, 180 өлкө ичинен Кыргызстан былтыр 85-орунду ээлесе, быйыл 89-орунга түшүп, төрт позицияга төмөндөгөн.

Уюм бир катар көйгөйлөргө көңүл бурган. Алсак, быйыл өтчү президенттик шайлоо алдында маалымат каражаттарына көзөмөл күчөшү мүмкүн экенин, бул жаатта чочулоого негиз барын билдирген.

Биз дайыма эгемендик бизге оңой келди, орустар СССРди куратып, биз эгемендикке ээ болуп калдык деп айтчу элек. Бирок биз эгемендик үчүн күрөшүбүздү улантып жатабыз.
Эдил Байсалов

Ошондуктан коомдук ишмер Эдил Байсалов кыйынчылыктарга карабай демократияны куруу аракеттеринен артка чегинүүгө жол жок экенин айтууда:

- Демократиялык коомду курууга болгон умтулуу 26 жылдан бери сакталып келатат. Сакталмак тургай элибиз 2005-жылы, 2010-жылы ыңкылаптарга чейин барып, ток жашоо менен эркиндиктин ортосунан эркиндикти тандаарын көргөздү. Биз дайыма эгемендик бизге оңой келди, орустар СССРди куратып, биз эгемендикке ээ болуп калдык деп айтчу элек. Бирок биз эгемендик үчүн күрөшүбүздү улантып жатабыз. Бул сырткы душмандан, ички душмандан кандуу жана кансыз жол менен эркиндикти коргоп, ага татыктуу болууга аракет кылып келебиз.

Ошол эле кезде Кыргызстандын 26 жылдык эгемендик тарыхында демократиялык мамлекет курууга экономикалык абалдын начардагы себеп болду деген пикирлер да бар.

Себеби, экономика жакшы өнүкпөгөндөн улам өлкөдө коррупция кулач жайып, мамлекет аны менен күрөшө албай келет. Ушундан улам айрым серепчилер калк демократияны башаламандык катары кабыл алып, бекем тартипти каалап жатканын да белгилешет.

Бишкектеги Эгемендик майрамы. 31-август, 2017-жыл (түз эфир)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG