Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Эгемендиктин сүрөткө баткан тарыхы


Борбордук аянт, Бишкек
Борбордук аянт, Бишкек

Ала-Тоо аянтында эгемендиктин 25 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө ачылды. “Фотографтар тобунун” демилгеси менен уюштурулган бул көргөзмөгө эгемендиктен берки урунттуу окуялардан фотобаяндар коюлган. Айрым көрүүчүлөр фотокөргөзмөгө тарыхый эмес, саясий боек көбүрөөк сүртүлгөнүн айтышты.

Аянттагы сүрөт баянды сыдыра карап жүргөн Нуркамил Сапаралы уулу быйыл 25 жашта. Ал эгемендик алгандан кийинки өнүгүүнүн оош-кыйышын сүрөттөр аркылуу гана таанып отурат:

- Бул сүрөттөрдөн мен кыргыз элинин эгемендиктен берки тарыхын көрдүм. Көрсө мурдагыга караганда биздин жашоо-шартыбыз, экономикабыз кыйла жогорулап калган экен.

Демократиялык өнүгүүгө бет алган Кыргызстандын акыркы 25 жылдык тарыхын камтыган фотобаян сталиндик репреccия курмандыктарынын сөөгүн 1991-жылы "Ата-Бейитке" кайрадан ардакталып коюлушу менен башталып, Бишкекте чет өлкө элчиликтеринин ачылышы, жеке менчик чакан ишканалардын уюштурулушу, элдик ыңкылаптардын элестери менен уланат.

Тарыхый сүрөттөр менен таанышып жүргөн 22 жаштагы Санжарбек Кубанычбек уулу өз таасирлери менен бөлүштү:

- Калкынын саны бизден көп, бирок эгемендикке жетпей жүргөн өлкөлөр бар. Мен бул сүрөттөрдү көрүп жатып Кыргызстан эгемендиктин ар кандай жолдорун басып өтүп, кандай болгон күндө да өнүгүү жолунда келе жатканын байкап турам.

Жазуучу жана журналист Памирбек Казыбаев 25 жыл аралыгында болуп өткөн ар бир окуя тууралуу кабары бар муундун өкүлү. Көргөзмөнү аралап жүрүп ал эгемендиктин тарыхын бир көргөзмө менен айтып берүүгө мүмкүн эмес деген оюн билдирди:

- 1991-жылы репрессия курмандыктарынын сөөгүн кайра койбоду беле. Ошондо Бүбүйра Кыдыралиева деген эне атасынан калган сырды ачып берген эмеспи. Ал киши тууралуу да кошумча маалымат болсо жарашмак экен. Мисалы, бул жерде блокада учурунда 150 баланы баккан эне тууралуу бар экен. Бүбүйра апа да бизге советтик доордун бир сырын ачып берген эмеспи.

Ал эми шаар тургуну Сабиталы Турдукуловго бул сүрөт баяндын саясатташып кеткени жаккан эмес:

- Бул жерде Аскар Акаевдин аялы менен бийлеп атканын коюшуптур. Мында болсо Бакиевдин үй-бүлөсү жүрөт. Мейли, бул деле тарых. Бирок Ала-Тоо аянтында, эгемендиктин 25 жылдыгында биз кайсы бир саясатчынын жек көрсөтүп, кайсы бир саясатчынын мактап жатканыбыз туурабы? Андан көрө биздин Саламаттыкты сактоо, Билим берүү, Маданият жаатындагы жетишкендиктерибиз тууралуу сөз кылганыбыз туура болсо керек.

Жаштардын өкүлү Нуркамил Сапаралы уулу да Турдукуловдун пикирин туура көрдү:

- Эми бул саясат да. Азыркы президент мурдагы президенттерди жамандап, башкача бир көз караштарды чагылдырып айтышы мүмкүн. Аны тарых таразалайт. Сүрөттөрдөн караганымда азыр Атамбаевдин доору болгондуктан, анын жаман жагы такыр көрсөтүлбөптүр. Ал эми башка президенттердин элдин кыжырын кайнаткан сүрөттөрү илинип турат.

Эгемендиктин алгачкы жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кийин мамлекеттик кызматтарда жүргөн Малабек Токтоболотов мындагы сүрөттөрдөн көрүүчүлөр кыргыз эли эгемендиктин 25 жылдыгын кандай өткөргөнү тууралуу өздөрү жыйынтык чыгарсын деген пикирде:

- Биздин элдин баары эле биздин эгемендиктин тарыхы менен тааныш эмес деп ойлойм. Мүмкүн угуп жүрүшкөндүр, бирок сүрөт баяндан жакындан көргөн эмес. Андыктан мындай көргөзмө элге керек. Эгемендиктин 25 жылдыгына сырттан коноктор да келет болуш керек. Бул көргөзмө туура эле коюлду.

Токтоболотов бул көргөзмө айрыкча жаштар үчүн керектүү маалымат болорун кошумчалады.

Ала-Тоо аянтындагы сүрөт баянды өлкөдөгү “Фотографтар тобу” сунуш кылган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG