Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:34

FH: Кыргызстанда сөз эркиндигине ачык кол салынды


“Фридом Хаус” уюмунун Евразия боюнча директору Марк Бехрендт.

“Фридом Хаус” эл аралык уюмунун Евразия аймагы боюнча директору Марк Бехрендт Кыргызстандагы медианын соңку абалына байланыштуу "Азаттыкка" маек курду.

Дүйнөдөгү эркиндиктер менен адам укуктарынын абалына байкоо салган “Фридом Хаус” эл аралык уюму акыркы эки жылдагы баяндамаларында Кыргызстандын рейтингдерин такай төмөндөтүп келет.

Азаттык”: Марк мырза, 22-августта Кыргызстанда сот чечими менен “Сентябрь” деп аталган көз карандысыз телеканал жабылды. Сот ал телеканал "экстремисттик” мазмундагы материалды обого чыгарган деп тапты. Бирок бул телеканал өз аудиториясына президент Алмазбек Атамбаев жана анын бийлиги жаатында сынчыл маанайдагы берүүлөрү менен белгилүү эле.

“Сентябрь” телеканалына чейин “Заноза” деген интернет басылмага да миллиондогон сом айып салынганын билсеңиз керек. “Фридом Хаус” дүйнөдөгү эркиндиктин, сөз эркиндигинин абалына байкоо салган уюм катары кыргыз бийлигинин сынчыл медиага карата чабуулунан кооптонуп, тынчсызданабы?

Бехрендт: Cөзсүз. Биз Кыргызстанда басылмалардагы жаңылыктарды ачык жана адилет чагылдыруу мүмкүнчүлүгү чектелип баратканынан кооптонобуз. Алардын иш жүргүзүүсү улам барган сайын кыйындап жатат.

Ал эми “Сентябрь” телеканалына каршы конкреттүү ишке (сот иши) биз мониторинг жүргүзгөн жокпуз, каналдын өзү менен да түз байланышта болбодук. Бирок башкы прокурордун каналга каршы кылмыш иш ачканы жана ал иштин каралганы боюнча маалыматтар басма сөздө дээрлик бир учурда чыкты. Ушунун өзү эле таң калдырат жана "телеканалды жабуу тууралуу саясий жүйөсү бар буйрук болгонбу?" деген суроо жаратат.

“Сентябрь” ишин коомдук тармактарда улантат

Көз карандысыз “Сентябрь” телеканалынын жамааты башка аталыш менен интернеттеги коомдук тармактарда ишин уланта берерин айтууда.

Расмий түрдө телеканалды жабуунун жүйөсү катары экстремисттик материалды обого чыгарганы аталганы менен кыргыз медиасынын маалыматтары боюнча, бул канал президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Текебаевдин туугандарына таандык.

Кыргызстанда башкы прокурордун өзү ой-пикир билдирүү эркиндигине кол салганы көп кайталанган көрүнүш. Мисалдарды келтирейин: журналист Улугбек Бабакулов өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду, дагы бир журналист Дайырбек Орунбеков эки миллион сом айыпка жыгылды, "Фергана.ру" сайты тосмолонду, ошондой эле “Заноза.кг” сайтынын да иши бар.

“Азаттык”: Сиз дагы белгилеп өттүңүз, “Сентябрь” телеканалынын жетекчилери да айтып жатышат, сот каналды жабуу боюнча чечимди саналуу эле саатта чыгара койду. Бул көрүнүш демократиянын белгисиби? Себеби президент Алмазбек Атамбаев баш болгон кыргыз бийликтери Кыргызстан демократиялык өлкө, өлкөдө демократия бар деп такай ырастап келишет эмеспи.

Бехрендт: Кыргызстандагы кырдаал талдоочулардын бири тарабынан сырт көрүнүшү боюнча имитациялык демократия деп мүнөздөлгөн. Мен да ушундай аныктамага кошулам. Өлкөдө шайлоо мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат, мамлекеттик мекемелер иштейт. Ошол эле учурда саясий айыпкерлердин, куугунтукталган ММКнын, журналисттер менен укук коргоочулардын саны өсүүдө.

Сот бийлиги болсо көз карандысыздыгынан өз эрки менен эле баш тартып койгон. Сот бийлигинин көз карандысыздыгына шек келтирген конституциялык өзгөртүүлөргө Конституциялык палатанын 11 судьясынын бирөө гана каршы чыккан. Бул - олуттуу көйгөй.

“Азаттык”: Акыркы жараяндарды эске алганда, Кыргызстандын нукура демократиясынын келечеги барбы? Өлкө мына ушул нукта өнүгөт деген чоң үмүттөр 2005-жылы, 2010-жылы да болгон да?

Ишеним, сөз, жыйналуу эркиндиктерине, ошондой эле адилеттүү соттук териштирүү укуктарына карата айдан ачык кол салынды.

Бехрендт: Муну айтуу дайыма татаал. Албетте акыркы тенденциялар мени шыктандырбайт. Өлкөдө жарандык коомдун, адам укугун коргоочулардын, журналисттердин ээн-эркин иштей алуусу абдан зарыл нерсе. ​Бирок менде баары бир анча-мынча оптимизм бар. Кыргызстан - жарандары колун шалайтып эле отуруп калбаган өлкө, алардын жигердүүлүгү, карым-катнашы аймактын башка мамлекеттеринен айырмаланат.

Оптимизм жараткан дагы бир көрүнүш – жарандык коомдун бекемдиги. Андыктан алардын элге мындан ары да адам укуктары менен эркиндиктер өлкөгө сырттан экспорттолуп келбей турган баалуулук экенин, өзөктүк укуктарга ар бир киши дүйнөгө төрөлгөндөн тартып эле ээ болушу керектигин түшүндүрүүсү абдан маанилүү.

Өз кезегинде муну жасоо үчүн алар да эл менен карым-катышта болуп, коомчулук эмнени каалап турганын, укуктар жана эркиндиктер деп эмнени билерин түшүнүүсү абзел. Коомчулук менен карым-катнашта болуу эле эмес, алардын суроо-талабына реакция жасоо да зарыл. Эгер Кыргызстанда адам укуктары менен демократияга коомдук колдоо болсо, бул коомдук колдоо чыныгы турмуштук колдоого, бир нерселерди өзгөртүү боюнча чыныгы мүмкүнчүлүккө айланат.

“Азаттык”: Кайрадан көз карандысыз медиа кабылган жагдайды талдоого келсек. Президенттин аброюн жана ар-намысын коргогон башкы прокурордун арызынын негизинде “Заноза” сайтына жана анын журналисттерине салынган 20 миллион сомдон ашуун айып боюнча “Фридом Хаустун” пикири кандай?

Бехрендт: Башкы прокурор өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен. Конституциянын жаңы редакциясы боюнча ал президенттин абийирине жана ар-намысына шек келди делген учурлар боюнча иш ача албайт. "Фридом Хаус" “Занозанын” сот иштерине катышты, андыктан кескин түрдө билдире алабыз: айыптоодо ачык эле бир тараптуулук бар, ошондой эле соттук териштирүү да адилет жүрбөгөнү ачык көрүнүп турду. Иш бир сценарий боюнча ыкчамдатылган режимде угулду.

"Заноза.кг" порталынын жамааты эми "Кактус.кг" интернет барагын ачты.
"Заноза.кг" порталынын жамааты эми "Кактус.кг" интернет барагын ачты.

Кайра эле жаңылыкты чагылдырууга аракеттенген көз карандысыз медиа, өзүнүн аныктамасы боюнча да өлкөдөгү бийлиги бар топтун тигинисин же мунусун нааразы кыла турган жаңылыкты чагылдырууга аракеттенген медиа акыр-аягында жабылууга мажбурланып же жабылчудай болуп турат. Кыргызстанда көз карандысыз басма сөз болсун дешсе, бул - мындан ары улантууга болбой турган жосунсуз кырдаал.

Өзү эң обьективдүү маалымат деле, эгер саясий таасири болсо, сезимтал же чабуул койгон боло алат. “Заноза” интернет басылмасына каршы ишке мына дал ушул нерсе тиешелүү да. Алар жаңылыкты гана беришкен, болгон нерсени айтышканы үчүн чабуулга кабылды.

“Сөз эркиндигине кол салынды”

Aзаттык”: Кыргызстанда өзгөчө акыркы эки жылда өзөктүк эркиндиктер жана адам укуктары жаатында орун алып жаткан тенденцияларга жалпысынан кандай мүнөздөмө бересиз?

Бехрендт: Менимче, анык болуп турган эң башкы маселе - жарандык активисттер жана укук коргоочулардын аракеттенүүсү үчүн мейкиндик тарыды. Ишеним, сөз, жыйналуу эркиндиктерине, ошондой эле адилеттүү соттук териштирүү укуктарына карата айдан ачык кол салынды.

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

Жылыш болгон айрым чөйрөлөр дагы бар. Мисалы, кыйноодон эркин болууга байланыштуу учурларда мындай эркиндикти бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, мындайга баргандар өлкөдө биринчи ирет соттолушту. Биз муну да эске алышыбыз керек. Бирок жалпысынан, Кыргызстан биз баяндамаларыбызда мониторинг жүргүзгөн көрсөткүчтөрдүн баары боюнча артка кетти жана Кыргызстандагы көрүнүштөр Борбор Азия аймагында да кайталанууда.

“Азаттык”: Белгилүү саясатчы, азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин башкы оппоненти Өмүрбек Текебаевге берилген сегиз жылдык түрмө жазасы жөнүндө кандай ойдосуз? Саясатчынын, анын жактоочуларынын бул тикелей саясий куугунтук деген ырастоолоруна кошуласызбы?

Бехрендт: Биз сот жараяндын өзүнө тикелей мониторинг жүргүзгөн жокпуз. Анткен менен Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын коркутууга кабылганы, соттук териштирүүнүн тездетилген режими, анын президенттик кызматка ат салышуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынан жасалган тоскоолдуктар тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылуу билдик. Мунун баары бизди ага тагылган айыптын саясий жүйөсү бар деген жыйынтык чыгарууга алып барууда.

“Азаттык”: Сынчыл медиага, президенттин сынчыларына каршы акыркы сот чечимдери, өлкөдө жергиликтүү активисттер айткандай, саясий айыпкерлердин болушу "Фридом Хаустун" сыпаттамасы боюнча Кыргызстандын рейтингдерин мындан дагы төмөндөтөбү?

Бехрендт: Мен биздин болочоктогу баяндамалар жөнүндө айта албайм, бирок акыркы эки жылга көз чаптырсак, "Фридом Хаус" Кыргызстандын көрсөткүчтөрүн өзүнүн: “Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр”, “Басма сөз эркиндиги”, “Интернет эркиндиги” боюнча баяндамаларынын баарында төмөндөткөн. Белгилеп кетүүчү маанилүү жагдай - биздин маалыматтар акыркы эки жылда жалпысынан басма сөз эркиндиги, башка эркиндиктер бүткүл дүйнөдө төмөндөгөнүн көрсөтүүдө. Бул көрүнүш Кыргызстан үчүн да мүнөздүү.

“Азаттык”: Жергиликтүү активисттердин тобу Кыргызстанда "Сөз эркиндигин коргоо", "Саясий айыпкерлерди коргоо" деген комитеттерге биригишип, саясий айыпкерлердин тизмесин түзүшкөнүн да билсеңиз керек. Алар бул маселеге Бишкекте Европа өлкөлөрүнүн элчиликтеринин, европалык институттардын көңүлүн бурдурууга да аракеттенип жүрүшөт. Сиздер жергиликтүү активисттердин тынчсызданууларын бөлүшөсүздөрбү жана аларга кандай жардам сунуш кыла аласыздар?

Бехрендт: Биз Кыргызстанда адам укуктардын жана эркиндиктердин бузулушу боюнча иликтөө жүргүзүп, сиз айтып жаткан активисттердин камтамачылыктарына кошулабыз. Өз кезегинде биз да кыргыз бийликтерин мыйзам ченемдерин калыбына келтирүүгө, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого ырааттуу чакырып келебиз. Мындай чакырыктарды өз баяндамаларыбызда жасаганбыз, Кыргызстан боюнча, албетте, күн сайын эмес, бирок шарт-жагдайга жараша билдирүүлөрдү жасап келебиз.

Президенттик шайлоо

“Азаттык”: Кыргызстанда 15-октябрда кезектеги президенттик шайлоо өткөнү турат. Сиздер шайлоо менен байланышкан кырдаалды өз баяндамаңыздарга киргизесиздерби жана эмнеге көңүл бурасыздар?

Бехрендт: "Фридом Хаус" шайлоого мониторинг жүргүзбөйт. Бирок эл аралык жана коомдук уюмдардын байкоочулары менен адистеринин байкоолоруна таянып, Кыргызстандын президенттик шайлоосун “Өткөөл мезгилдеги мамлекеттер” баяндамабызда камтыйбыз. Шайлоо кырдаалы да Кыргызстандын биздин баяндамалардагы рейтингине таасир берет.

"Фридом Хаус" “Занозанын” сот иштерине катышты, андыктан кескин түрдө билдире алабыз: айыптоодо ачык эле бир тараптуулук бар.

Биз эмнелерге көңүл бурабыз? Шайлоодо административдик ресурс колдонулдубу же жокпу, басма сөз шайлоо өнөктүгүн натыйжалуу жана адилет чагылдыра алдыбы же жокпу, шайлоочулардын тизмеси так жана туура түзүлгөнбү, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар жана коркутуулар болгон жокпу, Борбордук шайлоо комиссиясы жана шайлоого тиешелүү башка институттар ишин адилет алып бара алдыбы? Ушул өңдүү маселелер биздин шайлоо боюнча кеңири серебибизде камтылат. Кайталай кетейин, биз шайлоону түздөн-түз көзөмөлдөө уюму эмеспиз, бирок буга көңүл бурабыз.

“Азаттык”: Кыргызстандын адам укуктары жана эркиндиктери жаатында алдыда айтылган тескери тенденциялардын уланышы же оңолушу эми сиздердин көз карашта да президенттик шайлоонун жыйынтыгына, мамлекет башчылыкка кайсыл саясатчы келерине көз каранды болобу?

Бехрендт: Борбор Азиядан жана эски совет аймагындагы башка айрым өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстанда президенттикке бир нече талапкер чыгууда. Кызык жагы - ким жеңе тургандыгынын азыртадан эле анык эместиги. Бирок бир нече талапкердин чыккандыгы сөзсүз эле шайлоо адилет өтөт, алар адилет атаандашат, ал саясий күчтөр демократиянын же эркиндиктердин кеңейтилишин чындап колдойт дегенди билдирбейт.

Мен азыркы кырдаал тез эле оңолуп кетет деп ойлобойм. Бирок, менин ишенимимде, демократияны, адам укуктарын чыңдоо иши - өлкөнүн, анын калкынын, балким, демократиядан чочулаган эң жогорку элитанын да кызыкчылыгындагы иш болушу керек. Бул, акыр-аягында, өлкөнүн кубатын, бакубаттыгын арттырат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG