Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:41

Бишкектин райондор аралык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчүн четке кагып, БШКнын абактагы саясатчы үчүн чогултулган кол тамгаларды жараксыз деген чечимин туура деп тапты. Адвокаттар эми Жогорку Сотко кайрылышарын айтышканы Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү улам кыскарып бараткандай. Текебаевдин жакында сегиз жылга түрмөгө кесилиши жана бул маселенин алдыдагы президенттик шайлоого таасири боюнча “Азаттык” радиосу менен казакстандык саясат таануучу Толгонай Умбеталиева ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кыргызстанда өткөн аптада таанымал саясатчы, 2010-жылкы Конституциянын “атасы” атыккан Өмүрбек Текебаев сегиз жылга кесилди. Бийликтегилер Текебаевдин соттолушу таза кылмыш иши, мында эч кандай саясат жок деп ырасташат. Алгачкы инстанциядагы сот да мына ушундай жүйөлөрдү колдоп, өкүм чыгарды. Текебаевдин болсо өзүнө каршы кылмыш ишин толугу менен фальсификация, президент Алмазбек Атамбаевдин андан саясий өч алуусу деп саноодо. Коңшу өлкөдөн Кыргызстандагы реалдуулукту жакшы билген саясат таануучу катары сиз кимисине көбүрөөк ишенип турасыз?

Буга чейин саясий лидерлер ортосундагы жаңжалдар, нааразылыктар, балким митингдер аркылуу чечилип келсе, эми күрөш укуктук талаага түшкөндөй.

Умбеталиева: Кыргызстандын чоң кызматтарды ээлеген күчтүү эки саясий лидери жөнүндө сөз жүргөндө, албетте, саясий өңүт бар. Жөнөкөй эле себептен улам саясий өңүт, үстөмдүк да кылып турат. Өткөн жылы эки саясатчынын - президент менен Өмүрбек Текебаевдин ортосунда конфликт болгонун биз да билебиз.

Ал эми соттун Текебаевге берилген өкүмү боюнча айтсам, ал айыпталган факт чын эле эле орун алган болсо, мурда эле көтөрүлүшү керек эле да.

Бул жерде дагы бир өзгөчөлүк бар. Биз азыр Кыргызстандан бир тенденцияны байкап жатабыз. Эгер буга чейин саясий лидерлер ортосундагы жаңжалдар, нааразылыктар, балким митингдер аркылуу чечилип келсе, эми күрөш укуктук талаага түшкөндөй. Бирок бул дагы саясий күрөштү көргөзүүнүн гана формасы.

Мисалы, мен өзүм саясий куугунтук жөнүндө айтып жаткан Текебаевдин позициясына көбүрөөк ыктап турам.

“Азаттык”: Саясий тагдыры Кыргызстандын көз карандысыздыгы, саясий жараяндары менен тыгыз байланышы бар белгилүү саясатчы, бирок азыркы президенттин оппоненти репутациясы шек жараткан чет элдик жарандын - орусиялык ишкердин көрсөтмөсү боюнча соттолду. Маселенин ушул өңүтү жөнүндө эмне деп ойлойсуз? Бийликтин табияты жана тарыхы кыйла авторитардык жана саясий оппоненттерди дегеле аяшпаган Казакстанда мына ушундай нерсе мүмкүнбү?

Умбеталиева: Менимче, бизде мындай практика азырынча болгон жок. Бизде кылмыш иштери анонимдүү арыздардын негизинде ачылып, адамдар соттолгон учурлар бар. Бирок анонимдүү арыз бергендер да Казакстандын тургундары болгон. Бирок кылмыш ишке чет элдик жарандын арызы негиз берген окуя бизде боло элек. Ооба, бизде да саясий оппоненттерге, оппозициядагы саясатчыларга, бийликтин өз ичиндегилерге каршы кылмыш иштери бир топ. Бирок айыптоолордун баары каржы институттарынын текшерүүлөрүнүн негизинде куралган. Жогорку даражалуу чиновник чет элдик жарандын арызынын негизинде камалган учур бизде болгон эмес.

“Азаттык”: Өмүрбек Текебаев өзү ага чыгарылган сот өкүмү президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруу мезгилине берилген баа болот деп жатат. Кыргызстан биринчи президент Аскар Акаевдин доорунда Феликс Кулов, Топчубек Тургуналиев деген саясий айыпкерлер болгонун билет. Атүгүл Акаев бийликтен кеткенден кийин бир ирет Куловдун соттолгону үчүн өкүнөрүн да айткан эле. Текебаевдин соттолушу Атамбаевдин саясий мурасына таасири тиеби?

Умбеталиева: Албетте, бул саясий кадам, саясий чечим. Сөзсүз ал Кыргызстандын саясий өнүгүү тарыхында калып, саясат таануучулар тарабынан анализденет.

Бул окуяны сызып, чийип салуу мүмкүн эмес. Себеби Өмүрбек Текебаев жөнөкөй эле адам, катардагы чиновник эмес да. Анын үстүнө Атамбаев менен Текебаев 2010-жылы убактылуу өкмөттө бирге болушкан, ошол кездеги демократиялык саясий күчтү курашкан, жаңы Конституцияны түзүп, жаңы саясий эрежелерди жаратышкан десек болот.

Азыр бийликтин эми саясий маселелерди, саясий атаандаштыкты жөнгө салууда авторитардык ыкмага көчүшү жакшы тенденция эмес. Эң башкысы эми ушул тенденциянын кайра бекемделип, туруктуу болуп калбашы. Анткени биз Борбор Азия өлкөлөрүндөгүлөр Кыргызстандагы кырдаалга кызыгуу менен байкоо салабыз, биринчи кадамдарды Кыргызстан жасап жатат, Борбор Азияда демократия мүмкүн деп үмүттөнөбүз. Анан албетте Кыргызстанда саясий оппоненттер менен коррупция деген форма менен, коррупцияга айыптоо менен күрөшүү чоң суроолорду жаратат.

Андыктан Кыргызстанда мындай практиканын уланып, жашай бериши жакшы тенденция болбойт. Менимче, өзүнүн атаандаштары менен коррупция аспабын колдонуп, күрөшүү саясий күрөштүн эле камуфляжы.

“Азаттык”: Абактагы Өмүрбек Текебаев азыр президенттикке талапкер болуп каттала албай жатат. Анын ишенимдүү өкүлдөрү БШК менен соттошууда. Башында тил сынагы боюнча, кийин элден чогулган кол тамгалар боюнча маселе чыкты. Эгер Текебаев шайлоодон биротоло четтетилсе, мындан алдыдагы саясий өнөктүктүн легитимдүүлүгүнө таасири тийбейби?

Кыргызстанда мындай практиканын уланып, жашай бериши жакшы тенденция болбойт. Менимче, өзүнүн атаандаштары менен коррупция аспабын колдонуп, күрөшүү саясий күрөштүн эле камуфляжы.

Умбеталиева: Менимче шайлоо легитимдүү эле болот. Процедуралар сакталат да. Силерде талапкер болом деп көп адам арыз бербедиби. Текебаевден башка да он чактысы катышса керек. Укуктук жактан албетте шайлоо легитимдүү, бирок саясий жактан балким атаандаштык анчалык тең салмактуу болбосо керек.

Азыркы президент Алмазбек Атамбаев саясий талааны тазалаганы, колунда бар мүмкүнчүлүктөр менен жеңиши үчүн (өзү чыгарган талапкердин) даярданып жатканы түшүнүктүү. Шайлоо укуктук жактан легитимдүү болгону менен саясий легитимдүүлүк маселеси суроо астында калат. Себеби биз кызматтагы президент күчтүү талапкерди кыйла эле катаал жол менен президенттик жарыштан четтеткенине күбө болдук.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG